Sign In
Электрондук бажылык операцияларды аткарууда кагаз белгилер эми талап кылынбайт

Электрондук бажылык операцияларды аткарууда кагаз белгилер эми талап кылынбайт

17.07.20
Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин чечими боюнча 2021-жылдын 1-мартынан тарта бажылык операцияларды электрондук түрдө аткарууда кагаз алып жүрүүчүлөрдө белгилерди кошумча коюп чыгуу талап кылынбайт.
 

Бажылык операцияларды электрондук түрдө ишке ашырууда кагаз түрүндөгү документтерде бажы органдарынын белгилеринин коюлушуна "буюртма берүүчүлөр" бажы органдары эмес, башка контролдоочу органдар же тышкы экономикалык ишмердиктин катышуучуларынын өздөрү болуп саналат. Буга себеп – улуттук актыларда сакталуучу талаптар жана бир катар учурларда мамлекеттик органдардын бири-бири менен жана ТЭИнин катышуучулары менен электрондук өз ара аракеттенүүсүнүн жоктугу.

Өкмөттөр аралык кеңештин чечими ар кандай чөйрөлөрдөгү улуттук ченемдик актыларды "маалыматтык рельстерге" которуу боюнча ишти активдештирмекчи.

Товарларды Бирликтин бажы аймагынан чыгарууга бажы органынын уруксатын жол-жоболоштуруу, идентификациялоо каражаттарын өзгөртүүнү, өчүрүүнү, жокко чыгарууну же алмаштырууну, ошондой эле бажылык транзит бажы жол-жобосуна жайгаштырылган товарларга карата белгиленген ташуу каттамын сактоого байланыштуу бажылык операцияларды аткарууну жол-жоболоштуруу учурлары эрежеден сырктары болуп саналат. Мындан сырткары, бул техникалык үзгүлтүктөрдөн улам бажылык операциялардын электрондук түрдө аткарылышын камсыз кылуу мүмкүн эмес болгон учурларга жана бажы органына кагаз алып жүрүүчүдө бажы органдарынын белгилерин коюу жөнүндө негизделген кайрылуу келип түшкөн учурларга тиешелүү.

Ошондой эле, ЕӨАК 2020-жылдын 1-декабрына чейин Бирликтин өлкөлөрүнүн мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүүнү чечти. Аталган өзгөртүүлөргө ылайык бажылык операциялар электрондук түрдө аткарылган учурда документтер бажы органдарынын белгилери менен кагаз алып жүрүүчүдө берилмекчи.