Sign In
COVID-19 жана башка инфекциялык илдеттер менен күрөшүүнүн планы кабыл алынды

COVID-19 жана башка инфекциялык илдеттер менен күрөшүүнүн планы кабыл алынды

17.07.20
Өкмөттөр аралык кеңеш Евразия экономикалык бирлигинде коронавирустун таралышынын алдын алуу боюнча саламаттыкты сактоо жана калктын санитардык-эпидемиологиялык саламаттыгы жаатындагы иш-чаралардын комплекстүү планын бекитти.

Маалымат алмашуу, инфекциялык оорулардын пайда болушуна таасирденүүнүн макулдашылган алгоритмин ишке ашыруу, лабораториялык изилдөөлөрдү жүргүзүү боюнча сунуштамаларды биргелешип иштеп чыгуу пландаштырылган. Сапаттуу, коопсуз, натыйжалуу диагностика каражаттарына жана вакциналарга, ошондой эле инфекциялык ооруларга каршы аракеттенүү үчүн техникалык каражаттарга жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу боюнча биргелешкен илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү каралган. Белгилүү жана жаңы инфекциялык илдеттердин пайда болушуна таасирденүү чараларын иштеп чыгуу үчүн ЕАЭБ мамлекеттеринин профилдик уюмдарынын адистерин биргелешкен окутууларды уюштуруу, кооптуу инфекциялар менен күрөшүү үчүн зарыл болгон медициналык буюмдардын катталган даярдоочулары жөнүндө расмий маалыматтарды жайгаштыруу пландаштырылган.

Планга киргизилген иш-чараларды ишке ашыруу ЕАЭБ өлкөлөрүнүн COVID-19 менен гана эмес, башка инфекциялык оорулар менен да күрөшүүдө талап кылынуучу саламаттыкты сактоо тутумунун бирдиктүү потенциалын бекемдөөгө жардам берет. Комплекстүү пландын биргелешкен иш-чараларынын аткарылышы келечекте мүмкүн болгон эпидемияларды болтурбоого өбөлгө түзөт.