Sign In
Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин отурумунун жыйынтыктары

Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин отурумунун жыйынтыктары

17.07.20
Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин 17-июлда Минскте өткөрүлгөн отурумундагы негизги талкуу темалары Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнүн ички рыноктогу тоскоолдуктарды жоюусу, COVID-19 жана башка инфекциялык оорулар менен менен күрөшүү боюнча комплекстүү планды кабыл алуу, товарларды маркалоону киргизүүгө карата тутумдук мамилелерди иштеп чыгуу, Жерди алыстан байкоонун биргелешкен космостук тутумун түзүү, индустриалдаштыруу картасын жана агроиндустрияны өнүктүрүү картасыништеп чыгуу жана башка актуалдуу маселелер болду.

Өкмөттөр аралык кеңештин отуруму COVID-19 пандемиясы башталгандан тарта биринчи жолу бетме-бет форматта өткөрүлдү. Отурумда ЕӨАКтын Төрагасы, Беларусь Республикасынын Премьер-министри Роман Головченко, Армения Республикасынын Премьер-министри Никол Пашинян, Казакстан Республикасынын Премьер-министри Аскар Мамин, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Кубатбек Боронов, Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасы Михаил Мишустин, Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы Михаил Мясникович, ошондой эле Молдова Республикасынын Премьер-министри Ион Кику жана КМШнын Аткаруучу комитетинин Төрагасы Сергей Лебедев катышышты.

Ошондой эле, отурумдун алкагында Евразия өнүктүрүү банкынын башкармасынын төрагасынын кызматына жакында дайындалган Николай Подгузов чыгып сүйлөдү. Ал ЕАЭБдин алкагында биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруунун перспективалары тууралуу айтып берди.

Михаил Мясникович отурумдун жыйынтыктары боюнча журналисттерге билдиргендей, күн тартибинин бардык 18 маселеси, кызуу дискуссияларга карабастан, каралып чыкты. Алар евразиялык экономикалык интеграцияны өнүктүрүүнүн негизги маселелерин чечет.

Михаил Мясникович 2020-жылдын татаал реалияларында ЕАЭБ органдары мыкты уюшулган ишти камсыз кыла алышты деп белгиледи. Мамлекеттердин жана жарандардын кызычылыктарында товарларды Бирликтин чек араларында өткөрүү боюнча ыкчам жана стратегиялык чечимдер кабыл алынды. Ал COVID-19 пандемиясына байланыштуу маселелерди кароодо өз ара түшүнүшүүнүн жогорку деңгээлин белгиледи.

"Бул жылы баары болуп 300дөн ашуун актылар кабыл алынды. Ар кандай деңгээлдердеги 37 отурум өткөрүлдү. 9 тоскоолдук жоюлду" – деп ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы баса белгиледи.

Михаил Мясниковичтин айтуусу боюнча, Өкмөттөр аралык кеңеште кабыл алынган чечимдердин аркасында Бирлик космос, өнөр жай жана агроөнөр жай тармактарында инновациялык-инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга киришүүдө.

"Биз, ЕАЭБдин рыногунда жөндүү атаандашууга гана эмес, жаңы технологиялар жана жаңы жумуш орундарын көбөйтүүгө мүмкүндүк берген, бири-бирин өз ара толуктоочу адистешүүгө чыгуудабыз", – деди ЕЭК Коллегиясынын башчысы.

Ошондой эле, Михаил Мясникович учурда евразиялык экономикалык интеграцияны өнүктүрүүнүн, мамлекет башчылары тарабынан негизинен жактырылган, 2025-жылга чейинки Стратегиялык багыттары аягына чыгара иштелүүдө деп кошумчалады. Комиссия, материалдарды 2020-жылдын күз айларында мамлекет башчыларынын кароосуна көрсөтүү үчүн, документти ишке ашыруу боюнча конкреттүү кадамдарды камтыган планды даярдады.