Sign In
ЕЭК ЕАЭБ мамлекеттерин экономикалык турукташтыруунун тартибин жаңылады

ЕЭК ЕАЭБ мамлекеттерин экономикалык турукташтыруунун тартибин жаңылады

критерии макроэкономической устойчивости.png
18.02.20

ЕЭК Коллегиясы ЕАЭБ өлкөлөрүндөгү экономикалык жагдайды турукташтырууга багытталган сунуштамаларды жана биргелешкен чараларды иштеп чыгуу жана кабыл алуу тартибтине өзгөртүүлөрдү киргизди. Аталган тартип кайсы бир өлкөнүн экономикалык өнүгүүсүнүн туруктуулугун аныктоочу макроэкономикалык көрсөткүчтөр сандык маанилерден жогору болгон учурларда колдонулат.

Эскерте кетсек, Бирликтин негизги макроэкономикалык көрсөткүчтөрүнө үч маани кирет. Бюджеттин жылдык тартыштыгы ИДӨнүн 3% көп болбошу зарыл. Мамлекеттик башкаруу секторунун карызы 50%дан ашпашы зарыл. Жылдык инфляция ЕАЭБ боюнча минималдуу болгон мааниден 5%дан көп ашпоого тийиш. Булардын баары ЕАЭБ жөнүндө келишимде бекитилген.

"Эгер бир нече жылдын ичинде Бирликтин мамлекетинде экономикалык туруктуулуктун көрсөткүчтөрүнүн маанисинен ашууга жол берилсе, биргелешкен чараларды колдонуу үчүн негиз пайда болот", – деп ЕЭКтин интеграция жана макроэкономика боюнча министри Сергей Глазьев айтып берди.

Буга чейин Комиссияда макроэкономикалык көрсөткүчтөрдүн маанилери ашыкча болгон учурда биргелешкен чараларды иштеп чыгуу боюнча иш-аракеттердин конкреттүү алгоритми болгон эмес.

"Укуктук боштукту жоюу үчүн биз деталдуу тартипти жазып чыгууну сунуш кылуудабыз. Биз башка мамлекеттерди мындай ашып кетүү жөнүндө ага ылайык маалымдаган жана биргелешкен чараларды иштеп чыгууну сунуш кылган ченем бекитилет", – деп баса белгиледи министр.

Сергей Глазьев мындай чараны иштеп чыгуу жөнүндө демилге анын жардамын колдонууга негизи бар мамлекет тарабынан, же ЕЭК тараптан болушу зарыл деп кошумчалады.