Sign In
ЕЭК Коллегиясы электромобилдерге карата алып келүү бажы алымынын нөлдүк коюмунун орнотулушун колдоду

ЕЭК Коллегиясы электромобилдерге карата алып келүү бажы алымынын нөлдүк коюмунун орнотулушун колдоду

18.02.20

18-февралда ЕЭК Коллегиясынын отурумунда ЕЭК Кеңешинин 2020-жылдын аягына чейин электромобилдерге карата ЕАЭБдин Бирдиктүү бажы тарифинин алып келүү бажы алымынын нөлдүк коюмун орнотуу жөнүндө чечиминин долбоору колдоого алынды. Аталган чаранын аракети жеке жактар тарабынан чек ара аркылуу алып өтүлүүчү товарларга да жайылтылат.

ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Михаил Мясникович баса белгилеп өткөндөй, бул чара ЕАЭБде электромобилдердин рыногун түзүүгө, аларды өндүрүүнүн жана заряддоо инфраструктурасынын өнүгүшүнө өбөлгө түзмөкчү.

"ЕАЭБдин электромобилдер рыногун түзүү үчүн, биринчи кезекте, инфраструктураны жана заряддоочу станцияларды ылдам темптер менен түзүү зарыл. Экинчи маселе – өздүк электромобилдерди өндүрүү. Үч өлкө азыр эле муну менен активдүү алектенүүдө", – деди ЕЭК Коллегиясынын башчысы.

Электромбилдерге карата алып келүү бажы алымынын 0% өлчөмдөгү коюму буга чейин да колдонулуп келген – 2016-жылдын сентябрынан 2017-жылдын августуна чейин. Аталган мезгилдин ичинде, мисал үчүн, Беларуска импорт физикалык маани менен алганда дээрлик 4 эсеге, нарктык мааниде – 8 эсеге жогорулаган. Ошону менен бирге, электромобилдерди алып келүү жана сатуунун Бирликтин башка мамлекеттериндеги көлөмдөрү бир жылдан аз убакыттын ичинде нөлдүк коюмду колдонуу электромобилдер рыногун түзүү боюнча пландаштырылган натыйжаларга жетүүгө мүмкүндүк бербегендигин көрсөттү. Мындан сырткары, аталган чара жеке жактарга тиешелүү болбогондугу чектөө болду.

Талкуунун натыйжалары боюнча ЕЭК Коллегиясынын мүчөлөрү электромобилдерге карата алып келүү бажы алымынын нөлдүк коюмун убактылуу орнотуу жөнүндө сунушту колдошту. Аяккы чечимди ЕЭК Кеңеши кабыл алмакчы.

Маалымат

Комиссия ЕАЭБдин мүчө мамлекеттери менен биргеликте 2018-2020-жылдарда ЕАЭБдин мүчө мамлекеттеринде электр кыймылдаткычы бар дөңгөлөктүү транспорт каражаттарын өндүрүүнүн жана колдонуунун демилгеленишин камсыз кылуу боюнча иш-чаралардын планын иштеп чыккан жана ал Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин 27.11.2018-жылдагы № 23 Тескемеси менен бекитилген. Анда, башкалар менен катар, ЕАЭБдин мүчө мамлекеттеринде электромобилдерди иштеп чыгууга жана өндүрүүгө гранттарды берүү, электромобилдерди өндүрүү, заряддык жана сервистик инфраструктура үчүн ЕАЭБдин аймагында өндүрүлбөгөн себилдегичтерге карата ЕАЭБ ББТнын алып келүү бажы алымдарынын коюмдарын төмөндөтүү каралган.