Sign In
ЕАЭБге автоунааларды убактылуу алып келүү мөөнөттөрү узартылды

ЕАЭБге автоунааларды убактылуу алып келүү мөөнөттөрү узартылды

18.05.20

Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңеши жеке жактар үчүн автоунаалардын жана башка транспорт каражаттарынын Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагында убактылуу болуу мөөнөттөрүн ушул жылдын 30-сентябрына чейин узартты. 

Ошентип, автоунааларды жана башка техниканы убактылуу алып келген жарандар 30-сентябрга чейин аларды ЕАЭБден кайра алып чыгуу милдетинен бошотулду жана аларга карата административдик чаралар колдонулбайт жана бажы төлөмдөрү төлөнбөйт.

Бул чечим Калининград областынан "жеңилдетилген тартипте бажылык жол-жоболоштуруудан өткөн" жеке автоунаалары менен келип, үйүнө кете албай калган жарандарга да тиешелүү. 


Ошондой эле, Кеңеш ЕАЭБге туруктуу жашоо үчүн көчүп келген жак, качкын, аргасыз көчүп келген жак статусун алган чет өлкөлүк жарандардын жеке мүлкүн Бирликке жеңилдетилген тартипте алымсыз алып келүү мүмкүн болгон 18 айлык мөөнөттүн жүрүшүн 30-сентябрга чейин убактылуу токтотту.


Бул чечим ушул айдын 1-мартынан 30-сентябрына чейин пайда болгон же пайда боло турган учурларга тиешелүү.


Аталган чечимдин кабыл алынышына жарандардын ЕАЭБде коронавирустук инфекция менен күрөшүү боюнча кабыл алынган чараларга байланыштуу өз укутарын ишке ашыруу жана милдеттерин аткаруу мүмкүнчүлүгүнүн жоктугу себеп болду.