Sign In
ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Виктор Христенко ЕАЭБ менен Индия кызматташтыгынын өнүгүүсүн Индиянын Өнөр жай жана соода министри Нирмала Ситхараман менен талкуулады.

ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Виктор Христенко ЕАЭБ менен Индия кызматташтыгынын өнүгүүсүн Индиянын Өнөр жай жана соода министри Нирмала Ситхараман менен талкуулады.

18.06.15

18-июнда Петербург эл аралык экономикалык форумунун аянтчасында (ПЭЭФ) Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы Виктор Христенко ЕАЭБ менен Индия кызматташтыгынын өнүгүүсүн Индиянын Өнөр жай жана соода министри Нирмала Ситхараман менен талкуулады. Жолугушуунун жүрүшүндө Тараптар ЕАЭБ менен ага мүчө мамлекеттердин жана Индиянын ортосунда Эркин соодалашуу тууралуу келишимди түзүүнүн максатка ылайыктуулугун иликтөө маселелери  боюнча иштин келечегин карап чыгышты.

Мындан тышкары, ПЭЭФ аянтчасында ЕЭКтин Соода боюнча Коллегиясынын Мүчөсү (Министр) Андрей Слепнев  жана Индиянын Өнөр жай жана соода министри Нирмала Ситхараман ЕАЭБ менен ага мүчө мамлекеттердин жана Индиянын ортосунда Эркин соодалашуу тууралуу келишимди түзүүнүн максатка ылайыктуулугун иликтөө    боюнча биргелешкен изилдөө тобунун (БИТ) иши башталгандыгы тууралуу жарыялашты.

Евразия экономикалык комиссиясынын эксперттеринен, ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жана Индия  министрликтеринен жана ведомстволорунан  түзүлгөн изилдөө тобунун  милдети болуп, ЕАЭБ менен Индиянын ортосунда эркин соодалашуу аймагын түзүү  келечектерине системдүү иликтөө жүргүзүү болуп саналат. Аталган топ Келишим кандай маселелерди камтууга боло тургандыгын  аныктоого жана конкреттүү тармактар үчүн тиешелүү маселелерди өз ара пайдалуулугуна карата жөнгө салуу ыкмаларын белгилөөгө тийиш. БИТ иштин жыйынтыгы боюнча атайын отчётту жана сунуш – көрсөтмөнү сунуштайт, анын негизинде Жогорку Евразия экономикалык кеңеши тарабынан мамлекет башчыларынын деңгээлинде ЕАЭБ жана Индиянын ортосунда эркин соодалашуу тууралуу сүйлөшүүлөрдүн башталгандыгы жөнүндө чечим кабыл алынат.

Эркин соодалашуу тууралуу учур талабына ылайык келишимдер соода-экономикалык кызматташуунун андан-ары өнүгүүсү үчүн алгылыктуу шарттарды түзүүгө багытталган. Мындай келишимге эрежедегидей эле, бажы алымдарын төмөндөтүү аркылуу товарларды сатууну  либералдаштыруудан тышкары, башка маселелер да, мисалы кызматтарды сатуу, өз ара инвестицияларды көбөйтүүгө багытталган чаралар, зарыл коргоону камсыз кылуу жана капитал салууну демилгелөө,  бажы администрациясы, интеллектуалдык менчикти сактоо жана коргоо, санитардык жана фитосанитардык чаралар ж.б. камтылат.