Sign In
ЕЭК Бирликтин компанияларына чет элдик долбоорлорду илгерилетүүгө жардам берүүдө

ЕЭК Бирликтин компанияларына чет элдик долбоорлорду илгерилетүүгө жардам берүүдө

18.06.20

Евразия экономикалык комиссиясынын соода боюнча министри Андрей Слепнёв жана "Росгеология" АКнын башкы директору – Башкармасынын Төрагасы Сергей Горьков эркин соода аймактары жөнүндө макулдашууларды түзүү боюнча сүйлөшүүлөр процессинин алкагында өз ара аракеттенүү боюнча "жол картасына" кол коюшту. 

 

Документ Евразия экономикалык бирлиги алар менен терең соода-экономикалык өз ара аракеттенүүнү түзүп жаткан өлкөлөр менен биргелешкен долбоорлордун ишке ашырылышына көмөк көрсөтүүгө багытталган. 

 

"Росгеология" – геологиялык чалгындоо иштери чөйрөсүндөгү эң ири жана беделдүү операторлордун бири. Комиссия өз кезегинде бизнестин үчүнчү өлкөлөрдүн рынокторуна чыгуусуна тоскоолдук кылып жаткан бөгөттөрдү аныктоо үчүн аны менен активдүү диалогду колдоп келет. ЕЭК мүчө мамлекеттер менен биргеликте биздин компаниялардын аталган рынокторго жетүүсү үчүн мүмкүн болушунча жагымдуу шарттарды камсыз кылуунун үстүнөн активдүү иш алып барууда. Эркин соода аймактары жөнүндө макулдашуулар ЕАЭБдин жана өнөктөш өлкөлөрдүн ортосундагы соода-экономикалык мамилелерди тереңдетүүгө жана бизнес-байланыштарды кеңейтүүгө өбөлгө түзмөкчү", – деп белгиледи ЕЭКтин соода боюнча министри Андрей Слепнёв.

 

"Росгеология" тарабынан ишке ашырылган чет элдик контракттардын көлөмү өткөн жылда 3 млрд рублдан ашты, – деп билдирди "Росгеологиянын" башчысы Сергей Горьков. – Холдингдин геологиялык чалгындоо кызмат көрсөтүүлөрүн жогорку атаандаштыкка жөндөмдүү эл аралык рыноктордо илгерилетүүнүн натыйжалуу механизмдерин издөө жана ишке ашыруу биз үчүн приоритеттүү болуп саналган өлкөлөрдө иштөөнүн бир кыйла жагымдуу шарттарын камсыз кылмакчы. Биз ЕЭКке бул багыттагы биргелешкен иш үчүн ыраазычылыгыбызды билдиребиз".

 

ЕЭК өкүлдөрүнүн жана "Росгеология" компаниясынын жетекчилигинин жолугушуусу үчүнчү өлкөлөр менен соода макулдашууларынан натыйжаларды максималдаштыруу максатында Комиссиянын соода блогу тарабанын түзүлүп жаткан тутумдук иштин алкагында болуп өттү. ЕЭК ЕАЭБдин мүчө мамлекеттеринин бизнесин эркин соода аймактары боюнча өнөктөштөрдүн рынокторунда жаңы мүмкүнчүлүктөрдү издөө боюнча диалогго чакырат.​