Sign In
ЕЭКте ЕАЭБ өлкөлөрүнүн эмгекчилерин социалдык жактан камсыз кылуу, пенсиялык укуктарын сактоо, медициналык жардам көрсөтүү жана кесиптик ишкердиктерине тиешелүү маселелер боюнча консультативдик комитет түзүлдү

ЕЭКте ЕАЭБ өлкөлөрүнүн эмгекчилерин социалдык жактан камсыз кылуу, пенсиялык укуктарын сактоо, медициналык жардам көрсөтүү жана кесиптик ишкердиктерине тиешелүү маселелер боюнча консультативдик комитет түзүлдү

19.08.15

18- августта Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын кезектеги отурумунда соода, бажы кызматташтыгы, экономика жана финансы саясаты, техникалык жөнгө салуу, энергетика жана инфраструктура маселелери каралды.

Атап айтканда, ЕЭК Коллегиясы титан эритмелеринен жана жогорку пайыздуу ферротитандан продукцияларды өндүрүү үчүн чийки зат болуп саналган жана авиацияда, ракета курууда жана кеме курууда, атом энергетикасында, ошондой эле медицина жана химия өнөр жайында кеңири колдонулуп келген титан калдыктарына жана сыныктарына карата кириш бажы алымдарына ченди төмөндөтүү чечимин кабыл алды.

«Чен 2016-жылдын 31-декабрына чейин бажы наркынан 5% дан 0%га чейин төмөндөйт», -деп билдирди ЕЭК Коллегиясынын Соода боюнча мүчөсү (Министри) Андрей Слепнев. – Титан сыныктарын пайдалануу титан жарым фабрикаттарын өндүрүү процессин олуттуу арзандатат жана тездетет, жаңы технологияларды колдонууга жана даяр продукцияны чийки заттарды азыраак керектөө менен чыгарууга өбөлгө түзөт. Алым ченинин төмөндөшү ЕАЭБ өлкөлөрүнүн титан өнөр жай ишканаларынын өз чийки зат базасын иштеп чыгуу мезгилинде чийки зат булактарынан пайдалануу мүмкүнчүлүгүн диверсификациялоого жана сатып алынуучу сырьенун наркын төмөндөтүүгө, мындан тышкары, даяр продукциянын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга да мүмкүнчүлүк жаратат».

Бул чечим расмий жарыяланган күндөн тартып 30 календардык күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

ЕЭК Коллегиясынын мүчөлөрү ЕАЭБга мүчө өлкөлөрдүн аймагына транспорт каражаттарын жеке пайдалануу үчүн (ТКЖП) убактылуу киргизүү жагындагы айрым маселелерди да карашты. Алсак, ЕЭК Коллегиясынын чечими менен транспорт каражаттарын жеке пайдалануу үчүн убактылуу киргизүү мөөнөтүн мыйзам тарабынан максималдуу жол берилген чекте, буга чейин белгиленген мөөнөттү узартуу тууралуу кошумча арыз сунуштабастан эле узартуу мүмкүнчүлүгү каралмакчы, эгерде бул транспорт каражаттары бажы органы тарабынан белгиленген убактылуу киргизүү мөөнөтүн бузууга жол берүү менен чыгарылса же чыгарыла турган болсо. Мындай учурда алып кирүү мөөнөтү ушул ТКЖПны айкын алып чыгуу датасына чейин мындай жагдайда сунушталуучу жүргүнчүлөр боюнча бажы декларациясынын негизинде узартылат. Бул бажы алымдарын, салыктарды төлөө милдеттенмесин токтотууга шарт түзөт, эгерде Бирликтин бажы аймагына убактылуу алынып келинген ТКЖП убактылуу алып кирүүнүн максималдуу жол берилген алымсыз мөөнөтүнүн алынып чыккан болсо (ЕЭАБга мүчө мамлекеттердин резиденттери үчүн мөөнөт 6 айга чейин, резидент эместер үчүн – убактылуу мөөнөт белгиленет, бирок 1 жылдан ашык эмес). Мындан тышкары, ЕЭК Коллегиясынын чечими менен бажы органы тарабынан транспорт каражаттарын 3 айга чейинки мөөнөткө убактылуу киргизүүнүн баштапкы мөөнөтүн милдеттүү түрдө белгилениши да алынып салынат. Мындай ыкмалар Бирликтин бажы аймагынан буга чейин эле алынып чыккан транспорт каражаттарына да тиешелүү болот.

Коллегиянын чечими менен Комиссиянын Коллегиясынын 2010-жылдын 20-сентябрындагы №378 чечими менен бекитилген, бажы декларацияларын толтуруу үчүн колдонулуучу классификаторлорго өзгөртүүлөр киргизилген, көбүнчө:

  • бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча жеңилдиктердин классификаторуна;

  • салыктардын, жыйымдардын жана башка төлөмдөрдүн түрлөрүнүн классификаторуна, аларды салуу бажы органдарына жүктөлгөн.

Чечим Кыргыз Республикасынын декларанттарына бажы декларацияларын маалыматтарды код коюлган түрүндө колдонуу жагында, Бирликтин укугунда белгиленген формалар жана эрежелер боюнча толтуруу мүмкүнчүлүктөрүн камсыз кылат.