Sign In
Австриянын бизнеси ЕАЭБ өлкөлөрү менен кызматаштыкка кызыкдар

Австриянын бизнеси ЕАЭБ өлкөлөрү менен кызматаштыкка кызыкдар

78963ea4-c0de-47fe-9f8c-0492f2f3bb2a.JPG
18.09.20

Евразия экономикалык бирлигинин бирдиктүү рыногунун европалык бизнес үчүн артыкчылыктары 17-сентябрда Австриянын Улуттук соода-өнөр жай палатасынын жана Австрия Республикасынын Россиядагы Элчилигинин аянтчасында өткөрүлгөн "Austria Connect КМШ 2020" деп аталган конференциянын талкуу борборунда болду. 


Конференцияда Евразия экономикалык комиссиясынын атынан интеграцияны өнүктүрүү департаментинин директору Гоар Барсегян катышты. Ал ЕАЭБдин өнүгүүсүнүн негизги көрсөткүчтөрү жана эл аралык кызматташтык жөнүндө айтып берди, Бирликтин ийгиликтерине кеңири токтолуп өттү, ошондой эле интеграциялык күн тартибинин жаңы чөйрөлөрү тууралуу айтып өттү. 

"2019-жылдын аягында ЕАЭБ мамлекеттеринин башчылары Интеграциялык процесстерди андан ары өнүктүрүү жөнүндө декларацияны бекитишти, ал эми ушул жылдын май айында евразиялык экономикалык интеграцияны өнүктүрүүнүн 2025-жылга чейинки Стратегиялык багыттарынын долбоорун жалпысынан жактырышты, анын үстүнөн иш улантылууда. Бул документтер ЕАЭБдин өнүгүүсүнүн негизги векторлорун аныктоого, учурдагы милдеттерди конкреттештирүүгө, ал эми кээ бир учурларда жаңы милдеттерди белгилөөгө багытталган", – деп Гоар Барсегян баса белгиледи.

SCHNEIDER Group компаниясынын башкы директору Ульф Шнайдер европанын бизнесинин евразиялык интеграциялык долбоорго карата позицияларын айтып өттү. Ал ЕАЭБдин жана ЕБнын мамилелеринин улуттан жогорку органдар болуп саналган Евразия экономикалык комиссиясынын жана Европа комиссиясынын деңгээлинде расмийлештирилишин каалады жана саясаттык контексттен сырткары толук кандуу экономикалык мамилелерди түзүүгө чакырып өттү. 

ЕАЭБдин Ишкердик кеңешинин катчылыгынын жетекчиси Станислав Наумов да толук масштабдуу диалогду түзүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи жана бизнес-коомдоштуктун бул маселе боюнча пикирин эске алууга чакырды. Станислав Наумовдун айтуусу боюнча, бизнестин саясий амбициялары жок жана болушу мүмкүн эмес.


Панелдик талкууну Армения Республикасынын Россиядагы Элчиси Вардан Тоганян Армениянын Бирликке кошулуудан алган артыкчылыктары тууралуу айтып берүү менен аяктады.