Sign In
ЕЭКтин ички рыноктор, маалыматташтыруу жана маалыматтык-коммуникациялык технологиялар боюнча Министри Карине Минасянды Тасс МА берген интервьюсу: “ЕАЭБде инновациялардын тобокелдиги сыйланып турушу керек”

ЕЭКтин ички рыноктор, маалыматташтыруу жана маалыматтык-коммуникациялык технологиялар боюнча Министри Карине Минасянды Тасс МА берген интервьюсу: “ЕАЭБде инновациялардын тобокелдиги сыйланып турушу керек”

18.11.16

2015-жылы Евразия экономикалык биримдиги иштеп баштады, ага бүгүнкү күнү беш мамлекет кирет: Армения, Белоруссия, Казакстан, Кыргызстан жана  Россия. Эгер 20 жыл мурдагы евразия интеграциясынын кайра жандануу этабында  биринчи кезекте кеп соода кызматташуусу туурасында жүрсө, барган сайын күн тартиби кеңейе берген. Биримдиктин алдындагы жаңы чакырыктар оргуган маалыматтык-технологиялык өнүгүүнү жаратты. Онлайн-сооданы ирээтке келтирүү, интернет тармагындагы мыйзамдардын үстүнөн биргелешип иштөө, электрондук өкмөттөрдүн өз ара аракет тутумдарын иштеп чыгуу, тобокелдик каржылоо базарын түзүү жана жалпы эле биргелешип инновацияны өнүктүрүү зарылдыгы пайда болду.

Ошондуктан, ушул жылы ЕАЭБ тескөөчү органы  Евразия экономикалык комиссиясында жаңы ишмердүүлүк багыты пайда болду. Анын негизги милдеттеринин бири - бирдиктүү санарип мейкиндигин куруу, сандык технологияларды өнүктүрүү.

Бул тармакта жасалып жаткан иштер туурасында, ”Евразия жумалыгы” форумунун жыйынтыгы боюнча,  жана интеграциялык кызматташуунун жаңы багытын түзүүнүн биринчи жылдыгынын босогосунда ТАССка берген интервьюсунда ЕЭКтин ички рыноктор, маалыматташтыруу жана маалыматтык-коммуникациялык технологиялар боюнча Коллегия мүчөсү Карине Минасян төмөнкүлөрдү айтып берди.

— Азыр Россияда чек арага жакын сооданы жөнгө салуу жана чет элдик интернет-сатуучулардан КНС алуу туурасында маселе курч талкууланып жатат.   ЕврАзЭБ мейкиндигине КНС алуунун унификацияланган тутумун киргизүү керекпи жана ал кандайча жасалат?

- Бизде КНС алууну жөнгө салган биримдик туурасында келишимге тиркеме бар. Ал жакта катышуучуларынын ортосундагы евразия экономикалык биримдигинин аймагында КНС алуунун бирдиктүү мамилелери аныкталган. Эгер чет элдик интернет-платформалар тууралуу айта турган болсок, анда ар бир мамлекет алар менен өз ара мамиле курууну кантип жөнгө салуу туурасында чечимди өз алдынча кабыл алат.  Россияда да бул багытта болушунча алга жыла алды - 2017-жылдын 1-январынан баштап,  интернет-контент менен соода кылган компанияларга КНС салуу туурасында мыйзам күчүнө кирет (Google салыгы ушинтип аталат), ушуну үчүн сандык механизмдер жөнөкөйлөтүп түзүлдү.  Башка мамлекеттерде бул маселелер жаңы гана талкууланып баштады.

Интернет-соодада Беларуссия баарынан алдыда баратат. Бирок, биз интернет-сатуучуларга салынган салыкты тереңирээк караганыбызда, эгер Россия эрежелерди катуулатса, чет элдик дүкөндөр, жөнгө салуу алар үчүн пайдалуу болгон  Евразия биримдигинин башка мамлекеттери аркылуу өлкөгө  кирүү мүмкүндүгү пайда болоорун биз көрүп турабыз.  Мисалы, Казакстан же Кыргызстан аркылуу.

Ошондуктан, биз сөзсүз түрдө мамилелерди шайкеш келтиришибиз керек, жана жөнгө салуудагы шайкеш келбөөчүлүктөр базардын катышуучулары, биздин онлайн-сатуучуларыбыз үчүн проблемаларды түзө турган “амалдарды” жок кылышыбыз керек, анда алар бул учурда чет элдиктерге карата тең эмес шартта болуп калышат.

- КНС алуучу администраторлор Евразия биримдигинин мамлекеттеринин почталары боло алабы?

- Менин оюмча, сандык мейкиндикте сатуучулар өз юрисдикциясында турган мамлекеттер менен түздөн-түз иштөө мүмкүндүгү бар. Бул маселе Евробиримдикте чечилген: ал жакта эсептин тиешелүү механизмдери бар жана чет элдик сатып алуу деген эмне жана КНС төлөө керектигинин аныктамасы бар. Ошондуктан, бирдиктүү мыйзамды калыптандыруу учурунда соода субъекттери алыстан эле  түздөн түз   салык органдарында каттала алган, отчеттуулукту тапшырып жана салыктарды төлөй алган сандык механизмдерди түзүү зарыл.

Эгер жеке адамдар туурасында айта турган болсок, (мисалы, силер Alibabа-га товар тапшырык кыласыңар жана аны почта аркылуу аласыңар), анда почта ички кыйыр салыктарды чогултуунун агенти катары чыгат. Жарандарга оңоюраак - алар бажы, салык органдарына барып отурушпайт. Жөнөкөйлөтүү үчүн почтанын базасында мындай бирдиктүү терезе жасагыдай болсо, анда абдан кызыктуу болмок.  Айтмакчы, бул багыттагы биринчи кадамдар Арменияда жасалган.

Россиянын Байланыш жана массалык коммуникация министри  Николай Никифоров, Евразия биримдигинен программалык камсыз кылуу россиялык софттун реестрине, Биримдиктин мамлекеттеринде буга окшогон шарттар камсыз кылынган учурда гана кире алаарын айткан.    Россия софту кандай преференцияларга талаптана алат?

- Чындап келгенде, биз Евразия экономикалык биримдигинин мамлекеттери үчүн тигил же бул преференциялары туурасында айткан жокпуз. Биз, ЕАЭБ туурасындагы келишимде, мамлекеттик сатып алууларда чарба жүргүзүүчү субъекттерге  улуттук режим берилээри туурасында айтып жатабыз.  Бул демек, башка мамлекеттерден ПКК россиялык софт үчүн бериле турган бардык мүмкүнчүлүктөрдү колдонушу керек дегендик. Бул биринчиси. Экинчи маселе - ооба, биздин келишим боюнча мамлекет эки жылга товарлардын же кызматтардын айрым түрлөрү үчүн улуттук режимден алы коё алат. Бирок, аны үчүн Евразия экономикалык биримдигинде, россия тарапта кармалбаган процедура да бар. Ошондуктан, бул жерде Евразия биримдигинин мамлекеттеринен россия базарына программалык камсыз кылуу үчүн кандайдыр бир тоскоолдук туурасында маселе турат.

Россиянын мамлекеттик сатып алууларына катышуу үчүн Евразия биримдигинин мамлекеттери аркылуу чет элдик софттун  кириши менен байланышкан коркунучтардын бар экендиги башка иш. Бирок, бул коркунучтарды көзөмөлдөөгө болот, аны  үчүн биргелешкен аракеттер менен жөнгө салуучу ченемдерди киргизүү керек, алар Евразия экономикалык биримдигинин аймагында товарлардын, кызматтардын, капиталдык жана жумушчу күчтүн кыймылын тоскоолдуксуз ишке ашырууга мүмкүндүк бермек.

Россия өкмөтү россиялык софтту шыктандыруу үчүн айрым чараларды көрөт деп ойлойм. Бирок, биздин позиция - биз сандык күн тартиптеги бардык проблемаларды чечүүдө биргелешкен аракетте ишке ашырып, жөнгө салууга болгон жалпы мамиле меен ЕАЭБ сандык мейкиндигин калыптандырууда түшүнүүгө жете алышыбыз керектигинде турат. Ошондо, узак мөөнөттүү перспективада биз биримдикти калыптандырып, сандык көзкарандысыздыгын сактоо менен атаандаштыкка жөндөмдүүлүктү өнүктүрө алабыз. 

Ал эми преференцияларга келсек, мага белгилүү болгондой, башка мамлекеттерде россиялык софттун мамлекеттик сатып алууларга эч кандай чектөө коюлган эмес. Жалпысынан, ЕАЭБ программалык камсыздоосунун бирдиктүү реестрин түзүү мүмкүндүгүн кароонун маңызы бар. Менин оюмча, бул бир топ натыйжалуу болмок.

— Никифоров да, Россия  Евразия экономикалык биримдигинен ПКК түрү менен кирген чет элдик софтту өз реестрине киргизбей турганын айткан.  Сиздин көз карашыңызда, мындай проблема барбы?

- Менин көз карашымда, мындай проблема жок. Анткени, бул базар абдан айкын, жана бул софт кайдан келип жаткандыгын түшүнүү үчүн мамлекетибизде жетиштүү эксперттерибиз бар. Ошондой эле, буга байланыштуу интеллектуалдык  менчик маселеси турат. Интеллектуалдык менчикти Евразия биримдигинин мамлекетиндеги кандайдыр бир  өнүмгө берүү евразия софтунун бар экендигин  билдирет.

Биз, тескерисинче, интеллектуалдык укуктардын беришине өбөлгө түзүшүбүз керек! Биз колдонуу укуктары туурасында айтып жатабыз, тагыраак айтканда, программалык камсыз кылууга болгон менчик укугу. Ошондуктан, мындай тобокелдиктер бар деп ойлобойм. Бул жерде, ачык мамилелерди куруу маселеси турат, ал эми Россия мына ушул жол менен баратат.

—  2017-жылы  Россияда буюмдар интернетин жөнгө салуу пайда болушу мүмкүн  (керектөөчү дагы, өнөр жайдагы дагы). Аны ЕврАзЭБге киргизүүдө кандай өзгөчөлүктөр эске алынышы керек?

Биз үчүн буюмдар интернетин жөнгө салуу сандык экономикага тиешелүү  башка тармактарды жөнгө салуудай эле өзгөчө маанилүү, анткени глобалдык контекстте сандык экономиканын үлүшү, жана анын басымдуу бөлүгүн буюмдар интернети түзөт жана дайыма көбөйүп турат. Айрым баалар боюнча, 2025-жылга карата жалпы глобалдык экономикада сандык экономиканын үлүшү 40% жакынын түзөт. Дүйнөдөгү эң баалуу ресурс чынында маалымат болууда. Ошондуктан, эгер биз бирдиктүү сандык мейкиндикти калыптандыруу боюнча бара жатсак, биз мыйзамдын да зарыл экенин түшүнүшүбүз керек. Буга ылайык, интернетти жөнгө салууну да биз бардык беш мамлекетте жүргүзүшүбүз керек.

Буюмдар интернети тиешелүү стандарттардын киргизилишин, сапаттуу үзгүлтүксүз байланыш менен камсыз кылууну  талап кылат, бирок негизги элемент болуп маалыматтарды чогултууну жана иштетүүнү камсыз кылган платформалар кала берет. Мына ошолор негизги сандык активдер болуп саналат, анда жакынкы жылдары кошулган нарк аккумуляцияланат. Эгер биз  ар кандай мыйзамдарды түзүп алсак, биз тармактарды сандык трансформациялоо боюнча максаттарыбызды ишке ашыра албай калабыз.

ЕАЭБ да биргелешкен энергетикалык базар, транспорттук, каржы базарлары түзүлүүдө - бул буюм интернеттерин колдонуу үчүн бардык тармактар. Эгер биз өз-өзүнчө тиешелүү мыйзамдарды чыгара берсек, андан кийин координацияланган саясат туурасында кеп кылсак, анда албетте, бул маселелерде кайчы пикирлер жаралып баштайт.

Сиз кандай ойлойсуз,  Евразия биримдигинин алкагында буюмдар интернетинин тармагын көзөмөлдөө үчүн атайын орган түзүү керекпи?

- Менин оюмча, биз ачыктыкка бара жатабыз. Биз, кошумча тескөөчү органдарды ачуунун зарылдыгы чыкпашы үчүн, транспаренттик эрежелерди орнотушубуз керек, алар кошумча бюрократияны жаратып, бизнести жүргүзүү үчүн жаңы-жаңы  татаалдыктарды жарата бермек. Ал эми сан арипте  smart-жөнгө салуу болушу керек, ал дагы жумшак, акылга сыярлык динамикалуу жөнгө салуу, ал биздин мамлекеттерде сандык трансформациялоо процессин токтотпошубуз үчүн керек.

—  " Яровая пакетин" ишке ашыруу тажрыйбасы Евразия экономикалык биримдигинин мейкиндигине жайылтылабы?

—  "Яровая пакети" деген эмне? "Яровая пакети"  террорчулукка каршы багытка ээ, ал эми евразия биримдиги - бул экономикалык биримдик. Анан албетте, биз биримдиктин алкагында улуттук коопсуздук маселелерин талкуулабайбыз. Ар бир мамлекет өз  ченемдерин өз алдынча аныкташат же аларды Жамааттык коопсуздук туурасындагы Келишимди уюштуруунун (ЖККУ) алкагында  чечишет, анда ошондой эле киберкоопсуздук маселелери да каралат.

Бирок, бул долбоордун алкагында маалыматтарды  чогултуу, иштеп чыгуу, сактоо жаа пайдалануу туурасында өтө маанилүү темалар көтөрүлгөн. Анда негизги маселе - маалыматтарды Россия Федерациясынын аймагында сактоо болгон. Бул темалардын бардыгын - маалыматтарды сактоо, структуралаштыруу туурасындагы темаларды, мунун баары менен Евразия биримдигинде кантип, кайда иштөө коопсуз экендиги туурасында - биз евразия мейкиндигинде чогулуп, сөзсүз түрдө чогуу талкуулашыбыз керек.  Анткени биз маалыматтарды алмашууну, сактоону жана берүүнү жөнгө салбасак, анда сандык трансформацияда өз максатыбызга жетпейбиз.

— ЕврАзЭБ алкагында электрондук өкмөттүн бирдиктүү тутуму уюштурулабы?

- Бизде мындай милдет жок.  Бизде өз мамлекеттерибиздин электрондук өкмөттөрүнүн өз ара аракеттенүүсүнүн жиксиз тутумун түзүү милдети бар. Биз интеграцияланган маалыматтык тутумду, мамлекеттик органдар өз ара маалыматтарды тоскоолдуксуз алмашуу үчүн жана зарыл болгон учурда, жалпы маалыматтар базасын түзүүсү үчүн маалыматтар формасын сүрөттөөнүн бирдиктүү стандарттарын түзөбүз. Интеллектуалдык менчик боюнча, мисалы, биз жалпы реестр түзүүгө жетише алдык.

Экинчи маселе - бул мамлекеттик кызматтарды көргөзүү жана мамлекеттик органдардын маалыматтарды тоскоолдуксуз алмашуусу. Трансчек аралык кызматтар туурасында маселе турган жерде, мисалы, бирдиктүү дары базарында, биз G2B кызматын көргөзүүгө жалпы мамилелерди түзүүгө умтулабыз (мамлекет бизнеске). Бизнес үчүн кайсы терезе: казак, кыргыз, армян, белорус же россиялык аркылуу, кайдан бул бизнеске кирип жана уруксат алуу баары бир болушу керек.

Мамлекеттик органдар өз ара маалымат алмашат жана бир терезе аркылуу бүт базарга уруксат беришет. Биздин максатыбыз ушул. Бул көз караштан алып караганда, бизде трансчек аралык мамлекет үстүндөгү кызматтар бар жерде, ресурстарды бириктирүүгө жана мындай жиксиз жана өз ара аракеттенүүчү интеграцияланган тутумду түзүүгө умтулабыз.

— Бул качан болушу мүмкүн?

- Биз интеграцияланган тутумду үч жылдан бери түзүп келатабыз жана жакынкы убактарда көптөгөн процесстер ишке киришет деп ишенебиз. Комиссияда муну үчүн атайын бөлүнгөн бюджет бар, департамент түзүлгөн, жана жумуш абдан интенсивдүү жүрүп жатат.

—  ЕврАзЭБ мамлекеттеринде жашап жаткан,  IT тармагында адистерди орноштуруу жана программаларды алмашууну өнүктүрүү боюнча кандайдыр бир пландар барбы?

- Бизде жумушчу күчтүн эркин базары бар, жана биздин жарандар биримдиктин  ар кайсы мамлекеттеринде жумушка эркин орношо алышат. Бул жерде, алыстан иштеген жумушчу орундар тутумун  түзүү актуалдуу. Жакында эле конференциялардын биринде, фрилансерлердин маселелери талкууланды - божомолдоолор боюнча, жакынкы беш жылдыкта эмгек рыногунун 40% фриланста болот. Мына ушул маселени чечүү керек.

Бул учурда биз үчүн эң башкысы  - биздин мамлекеттердин кичи жана орто бизнеси үчүн санариптештирүүнүн жардамы менен биздин жалпы базарга жеткисин камсыз кылуу. Кичинекей компания үчүн эң чоң потенциал - “санарип” аркылуу үйдөн чыкпай туруп, регионалдык жана глобалдык базарларга чыгуу. Аларга сөзсүз түрдө глобалдуу базарларга чыгуунун кадамдарынын ирээттүүлүгүн окутуп жана көргөзүү керек.

 ЕврАзЭБ  жарандары үчүн   IT боюнча адистерди даярдоонун атайын программалары болобу?

- Биздин жумушчу топ университеттер менен өз ара кызматташат жана сандык экономика кафедрасын түзүү зарылдыгы туурасында маселе коюп жатат. Аракеттерди бириктирип, маалыматтык технология тармагында  программаларды, студенттерди, билимдерди алмашуу боюнча түйүндөрдү түзүү жана Евразия биримдигинин бүт мейкиндигинде маалыматтык технологияларды өнүктүрүү үчүн мындай экочөйрө түзүү зарыл. Тилекке каршы, билим берүү Евразия экономикалык комиссиянын жана биримдиктин компетенциясы болуп саналбайт. Бирок, институттар өздөрү уюштуруп жатышат, алар ар бир мамлекеттеги компетенциялар ар кандай экенин түшүнүүдө, жана эгер биз аларды бириктирсек, биз синергетикалык эффекти алабыз. Мисалы, Арменияда иштелип жаткандар, башка мамлекеттерде топтолгон эмес.

Жакында эле форумда биз Илим, космос жана инновациялар боюнча Израилдин министрин уктук. Ал, Советтер Союзунан бир жарым миллион адис келип, Израил үчүн жарып кирүүнү камсыз кылганы эң сонун болгон. Эми биздин милдетибиз - биз өзүбүз билим берип жаткан бардык адистерге ушундай шарттарды камсыз кылуу, алар Евразия экономикалык биримдигинде жашап, иштеп калышы керек.

— Алар муну кантип ишке ашырышат?

- Биз албетте, муну кантип жасоону талкуулап жатабыз, бирдиктүү сандык мейкиндикти түзүү стратегиясын калыптандырып, өз идеяларыбызды жеткирүүгө аракет кылып жатабыз. Бирок, менин жеке көз карашым өтө жөнөкөй:  биз инновациялар менен иштөөгө аракет кылгандарга, утулуу үчүн шартты камсыз кылууга аракет кылгандарга карызбыз.   Түшүндүрүп кетейин: эгер Америкада сен стартапты кое берип, бирок сенин колуңдан келбей калса, сага эч ким колуңдан эч нерсе келбейт деп айтпайт, жана андан кийин эч жерден жаңы демилгеге акча каражатын албай калбайсың.   Тескерисинче, сага кийинки долбооруң ишке ашат деп айтышат.

Биздин мамлекеттерде андай эмес: эгер сен каражат алып, бирок иш ишке ашпай калса, анда сен башка мүмкүнчүлүккө ээ болбойсуң дагы. Ошондуктан, биз тажрыйбаларды жасаган  адам жана инноваторлор үчүн  тобокелдикке баруу өтө кымбат болбогудай тутум түзүшүбүз керек. Тобокелдик акталышы керек. Биз ошондо гана. жогорку квалификациялуу адистер жана ишкерлер иштөөнү каалаган экочөйрөнү түзө алабыз.

— Евразия экономикалык биримдигинде ИДӨФ (Интернет жемилгелерди өнүктүрүү фонду) сыяктуу бирдиктүү фонд   же  интернет жана инновациялар тармагында инвестицияларды стартаптарга бириктирген  Россиялык  венчурдук  компания (РВК) түзүлөбү?

- Бул менин сүйүктүү суроом деп айтсам болот. Мен муну 2015-жылы эле изилдеп баштагам. Биз өзүбүздүн концепциябыздын алкагында, бизге инновацияларды өнүктүрүү үчүн бирдиктүү экочөйрө керек деп талкуулайбыз. Бирок бул экочөйрө, эгер ага каржы тутуму тартпасак, эч качан түзүлбөйт. Ошондуктан, тобокелдик каржылоонун бирдиктүү базарын түзүү зарыл, эгер биз аны түзө алсак, анда мисалы, Россиянын венчурдук фонддору Беларуссиядагы, Казакстандагы жана башкаларга потенциалдуу ийгиликтүү долбоорлорду каржылоого мүмкүндүк алат. Эгер инновациялык долбоорлордун ички миграциясы үчүн тиешелүү шарттарды түзө алсак, бизге тобокелдик каржылоосунун бирдиктүү базары зарыл.

Биздин мамлекеттерде сандык базардын жана тобокелдик каржылоосунун базарынын жөнгө салгычтары ар кандай. Менин көз карашымда, бирдиктүү каржы базарын түзүүнү биз тобокел каржылоосунан да баштай алмакпыз.  Бул экономиканын жаңы секторун тейлеген краудфандинг, краудинвестинг компаниялары сыяктуу жаңы каржы институттары үчүн, сандык каржы платформалар үчүн жалпы жөнгө салуунун инновацияларын колдоо үчүн шарт түзмөк. Каржы базары  технологияга кетет, жана так ушул каржы технологиялык базарында бирдиктүү эрежелерди жана шарттарды дароо түзүү туура болмок.