Sign In
ЕЭК жана Россиянын Өнөр жай жана соода министрлиги кызматташтыктын натыйжаларын жана өз ара аракеттенүү боюнча андан аркы пландарды талкуулашууда

ЕЭК жана Россиянын Өнөр жай жана соода министрлиги кызматташтыктын натыйжаларын жана өз ара аракеттенүү боюнча андан аркы пландарды талкуулашууда

18.08.20
Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын өнөр жай жана АӨК боюнча мүчөсү (министр) Артак Камалян жана Россия Федерациясынын өнөр жай жана соода министри Денис Мантуров 17-августта Москвада Россиянын Өнөр жай жана соода министрлигинде өткөрүлгөн жумушчу жолугушуунун жүрүшүндө Евразия экономикалык бирлигинде (ЕАЭБ) мамлекеттер аралык программаларды жана долбоорлорду ишке ашырууну, санариптик жана инновациялык өнөр жай инфраструктурасын түзүүнү, импортту алмаштыруу долбоорлорун жана Индустриалдаштыруу картасын талкуулашты.

Министрлер ЕЭКтин жана Россиянын Өнөр жай жана соода министрлигинин өз ара аракеттенүүсүнүн учурдагы деңгээлин жогору баалашты. Алар өнөр жайдагы орто мөөнөтүү мезгилге каралган жаңы стратегиялык документтин – Өнөр жай кызматташтыгынын 2025-жылга чейинки негизги багыттарын кабыл алуунун маанилүүлүгүн тастыкташты.

"Бул документ менен биз ЕАЭБдеги төрт негизги стратегиялык приоритетке негиз салабыз – өнөр жай продукциясынын жалпы рыногунун потенциалын максималдуу түрдө пайдалануу, экспорттук рыноктордогу биргелешкен иш, өнөр жай интеграциясын тереңдетүү, инновациялык кызматташтык жана өнөр жайды санариптештирүү. Аталган бардык багыттар боюнча биз Россиянын Өнөр жай жана соода министрлиги менен конструктивдүү кызматташтыкка ишенебиз, анын үстүнө Министрлик аталган документтин бир катар бөлүмдөрүнүн автору болуп саналат", – деди Артак Камалян.

Ошондой эле, ЕЭК министри Россиянын Өнөр жай жана соода министрлигинин Электроэнергетика боюнча мамлекеттер аралык программанын долбоорун даярдоого кошкон олуттуу салымын белгиледи. Аны ишке ашыруу ЕАЭБде жаңы чогултуу тутумдарын иштеп чыгуу, ошондой эле бөлүштүрүлгөн жана альтернативдүү "жашыл" энергетиканы түзүү милдетин чечмекчи.

Программанын максаты – бөлүштүрүлгөн энергетиканы жана автономдуу кубат булактарын өнүктүрүүгө өбөлгө түзүүчү материалдарды, технологияларды жана түзмөктөрдү түзүү.

"Биздин өз ара аракеттенүүнүн ар түрдүү багыттары боюнча иш алып барылууда. Кызматташтык үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр ачылды. Мамлекеттер аралык программа 2019-жылдын октябрь айында Каирде дал Өнөр жай саясаты боюнча кеңештин колдоосунда башталган, жана бүгүнкү күндө биз Мамлекеттер аралык программанын долбоорун иштеп чыгуу боюнча алгачкы натыйжаларды көрүп турабыз", – деп Артак Камалян баса белгиледи.

Жолугушууда Евразия экономикалык бирлигинин Индустриалдаштыруу картасын ишке ашыруунун жүрүшү талкууланды, ал мүчө мамлекеттердин импортту алмаштыруу боюнча иш-аракеттерин координациялоонун аспабы болуп калмакчы.

Индустриалдаштыруу картасында импорттон көз каранды технологиялык багыттар, мүчө мамлекеттердин өндүрүүчүлөрүнүн импортту алмаштыруу боюнча потенциалы, ЕАЭБде калыптанган өнөр жай долбоорлору жана кооперациялык байланыштар чагылдырылат деп болжолдонууда. Бул Бирликте кайталануучу өндүрүштөрдүн уюштурулушун болтурбоого жана мүчө мамлекеттердин өндүрүүчүлөрүн тармактык адистештирүүнү өнүктүрүүгө мүмкүндүк берет.

Учурда Картага инвестициялардын көлөмү 200 млрд АКШ долларын түзгөн дээрлик 180 ири долбоор киргизилген.

ЕЭК министри Артак Камалян Россиянын Өнөр жай жана соода министрлигине Комиссиянын Евразия өнүктүрүү банкы менен ишине кошулууну сунуш кылды. ЕАӨБдү жеңил металлургия, машина куруу, химиялык өнөр жай сыяктуу өнөр жай тармактарындагы кооперациялык долбоорлорду каржылоо үчүн активдүүрөөк тартуу сунушталууда.

Мындан сырткары, мамлекеттер аралык программаларды жана долбоорду каржылоо, Евразия венчурдук фондун түзүү, ошондой эле Индустриалдаштыруу картасы менен каралган импортту алмаштыруу долбоорлорун каржылоо талкууланууда.

Жолугушуунун жыйынтыктары боюнча министрлер ЕАЭБдин Өнөр жай саясаты боюнча кеңешинин кезектеги отурумун ушул жылдын күз айларында өткөрүү жөнүндө келишишти.