Sign In
ЕЭК жана ФАО кызматташтыкты өнүктүрүүнү улантышат

ЕЭК жана ФАО кызматташтыкты өнүктүрүүнү улантышат

19.03.20

ЕЭК Коллегиясынын өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси боюнча мүчөсү (министр) Артак Камалян жана ФАОнун Россия Федерациясы менен байланыштар боюнча бөлүмүнүн директору Олег Кобяков Евразия экономикалык комиссиясынын штаб-квартирасында Бириккен Улуттар Уюмунун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму (ФАО) менен кызматташтыкты өнүктүрүүнү талкуулашты.

Артак Камалян агрардык рынокту мамлекеттик жөнгө салуу, ошондой эле жаныбарларды жана жаныбарлардан алынган өнүмдөрдү көзөмөлдөөнү камсыз кылуу боюнча ЕЭК тарабынан жүргүзүлүп жаткан ишке ФАОнун эксперттерин тартууга кызыгуусун билдирди.

"Мамлекеттик жөнгө салуу чараларынын, анын ичинде субсидияларды берүү иш-тажрыйбасынын натыйжалуулугун баалоо боюнча ФАОнун эл аралык тажрыйбасы ЕЭКке Бирликтин өлкөлөрү үчүн айыл чарбаны мамлекеттик колдоо чараларын өркүндөтүү боюнча сунуштамаларды иштеп чыгууга мүмкүндүк берет", – деди ЕЭК министри.


Олег Кобяков жолугушуунун катышуучуларын азык-түлүк коопсуздугу боюнча жыл сайын түзүлүүчү сереп тууралуу, ошондой эле ФАОнун туруктуу өнүгүү жаатындагы максаттары жөнүндө маалымдады.

Жолугушуунун катышуучулары ЕЭКтин жана ФАОнун ортосундагы Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдун жана Меморандумду ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын 2019-2023-жылдарга карата планынын алкагында кызматташтыкты андан ары өнүктүрүү жөнүндө келишишти.​