Sign In
ЕЭКте коронавирустук инфекциянын таралышына байланыштуу ыкчам таасирденүү чараларын иштеп чыгуу боюнча координациялык кеңеш түзүлдү

ЕЭКте коронавирустук инфекциянын таралышына байланыштуу ыкчам таасирденүү чараларын иштеп чыгуу боюнча координациялык кеңеш түзүлдү

LBMV6103.jpg
19.03.20

19-мартта ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Михаил Мясниковичтин буйругу менен коронавирустук инфекциянын таралышына байланыштуу жагдайды мониторингдөө жана ыкчам таасирденүү чараларын иштеп чыгуу боюнча убактылуу координациялык кеңеш түзүлдү.

Кеңеш "Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин өкмөттөрүнө коронавирустук инфекция менен күрөшүүдө жана мүчө мамлекеттердин аймактарында макроэкономикалык стабилдүүлүктү, санитардык-эпидемиологиялык саламаттыкты, товарлар менен өз ара соода жүргүзүүнү, жумушчу күчтүн эркин кыймылын сактоо зарылчылыгын эске алуу менен, калктын саламаттыгын коргоону камсыз кылуу, мүчө мамлекеттердин аймактарында коронавирустук инфекциянын таралышын болтурбоо боюнча макулдашылган чараларды жана сунуштамаларды иштеп чыгууда көмөк көрсөтүү максатында" түзүлгөн.

Убактылуу координациялык кеңешке Бирликтин өлкөлөрүндө коронавирустук инфекциянын таралышын болтурбоого багытталган чаралардын ишке ашырылышына мониторинг жүргүзүү, мындай маалыматтын ЕАЭБдин расмий сайтында жарыяланышын камсыз кылуу, өз ара маалымат алмашуу механизмдерин аныктоо, Бирликтин өлкөлөрүнүн калктын санитардык-эпидемиологиялык саламаттыгы жаатындагы ыйгарым укуктуу органдарынын Жетекчилер кеңешинин ишин активдештирүүгө жана анын чечимдеринин аткарылышына көмөк көрсөтүү тапшырылды.

Мындан сырткары, аталган кеңеш мониторингдин жана маалымат алмашуунун натыйжалары боюнча сунуштарды жана сунуштамаларды даярдап, аларды ЕЭК Коллегиясынын Төрагасына жана зарылчылыкка жараша – Коллегиянын жана Комиссиянын Кеңешинин отурумдарында кароого көрсөтмөкчү.

Убактылуу координациялык кеңештин курамына бажы кызматташтыгы боюнча министр Нурлан Акматов, ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар боюнча министр Гегам Варданян, интеграция жана макроэкономика боюнча министр Сергей Глазьев, экономика жана каржы саясаты боюнча министр Тимур Жаксылыков, техникалык жөнгө салуу боюнча министр Виктор Назаренко жана соода боюнча министр Андрей Слепнёв кирди.​