Sign In
ЕАЭБге санарип чөйрөсүндө «ГОЭЛРО-2» планы зарыл

ЕАЭБге санарип чөйрөсүндө «ГОЭЛРО-2» планы зарыл

19.05.17

Евразиялык санариптик интеграциянын негизин түзө турган долбоорлорду Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) өлкөлөрүнүн вице-премьерлери 2025-жылга чейин Биримдиктин санариптик күн тартибин жүзөгө ашыруу боюнча жумушчу топтун биринчи отурумунда талкуулашты. Алардын бири Евразия экономикалык комиссиясына (ЕЭК) караштуу ЕАЭБ санариптик өнүктүрүү компетенциялар борбору болушу мүмкүн.

Дискуссияны ачып жатып, ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы, жумушчу топтун жетекчиси Тигран Саркисян Биримдиктин экономикалык келечеги бүгүнкү күндө “санариптен” көзкаранды экенин баса белгиледи.

“Биз санариптик рынокторду түзүп жана өзүбүздүн санариптик платформалары калыптандырышыбыз керек, - деп белгиледи ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы. - Статистика боюнча электрондук дүкөндөрдүн кызматтарын колдонгондордун саны эле жыл сайын 30%га өсүүдө.  Салттуу тармактардын көбүрөөк ишканалары бизнести уюштуруунун жана кардарлар менен өз ара аракеттешүүнүн постиндустриалдык маалыматтык моделдерине өтүүдө, өнөр жай роботторун жана өндүрүштү башкаруунун интеллектуалдуу системаларын колдонуу өсүүдө. Биздин алдыбызда жаңы чакырыктар пайда болууда. Эгерде биз аларга жооп кайтарбасак, дүйнөлүк экономиканын лидерлеринен артта калышыбыз мүмкүн”. 

Отурумдун катышуучуларына 2025-жылга чейин Биримдиктин санариптик күн тартибин жүзөгө ашыруунун негизги багыттарынын долбоору сунушталды. ЕАЭБте санариптик интеграциянын негизги багыттары катары төмөнкүлөрдү тандоо сунушталды:
• Биримдикте экономиканын тармактарынын санариптик трансформациясын жана кросс-тармактык трансформацияны;
• товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр, капитал жана эмгек рынокторунун санариптик трансформациясын;
• Биримдикте башкаруу процесстеринин жана интеграциялык процесстердин санариптик трансформациясын;
• санариптик инфраструктураны өнүктүрүүнү жана санариптик процесстердин корголуусун камсыздоону.

Тигран Саркисяндын сөзү боюнча, өнүгүүнүн драйверлери Биримдиктин бардык өлкөлөрү кызыкдар болгон, глобалдык рыноктордо ийгиликтүү атаандашууга жөндөмдүү долборлор болушу керек. Анын ичинде, продукциялардын, товарлардын же жүктөрдүн идентификациясы жана көзөмөлдөнүүсү чөйрөсүндөгү; транзиттик санариптик коридорлорду түзүү жана сактоо индустриясын өнүктүрүү, дайындарды иштеп чыгуу жана талдоо боюнча демилгелер.

Беларусь Республикасынын Премьер-министринин биринчи орун басары Василий Матюшевский катышуучулардын көңүлүн глобалдык соода аянтчаларынын гүлдөп өнүгүүсү Биримдиктин алдына маанилүү - кайсыл жол менен жүрүү керек деген маселени койгондугуна бурду. Глобалдык платформалардын бирине - америкалык, европалык же кытайлык платформага кошулуу керекпи - же өзүбүздүн өнүмдү - ЕАЭБ өлкөлөрү жана евразиялык интеграциялык бирикме менен иштешүүгө даяр өнөктөштөр үчүн аянтча түзүшүбүз керекпи.

“Санарипти” колдонуунун артыкчылыктуу чөйрөлөрүнүн катарына жолугушуунун катышуучулары телекоммуникациялык долбоорлорду киргизишти, жана керектөөчүлөргө байланыштын жана мобилдик интернеттин жаңы технологияларынын бардык мүмкүнчүлүктөрүн колдонууга мүмкүндүк берген бирдиктүү тарифтик мейкиндикти түзүүнүн маанилүүлүгүн баса белгилешти. Санариптик технологияларга жигердүү өтүү инсанды идентификациялоонун маселелерине жаңыча кароого жана персоналдык дайындарды коргоонун жана сактоонун жаңы ыкмаларын киргизүүгө мүмкүндүк берет.

Долбоорлордун потенциалын баалоо үчүн жогорку технологиялык тармактардын эксперттерин тартуу сунушталды. Кийинчерээк ЕЭК алдында Санариптик өнүктүрүү компетенция борбору түзүлүшү мүмкүн. РФ өкмөтүнүн Төрагасынын биринчи орун басары Игорь Шуваловдун пикири боюнча, Биримдик өлкөлөрүнүн бизнеси Коллегия менен бирге иштешүүгө даяр, анткени “компаниялардын санариптик чөйрөдө долбоорлорду алдыга жылдырууга чоң кызыгуусу бар, бирок бул үчүн аларга рынок керек, иштин айкын эрежелери керек”. 

Отурумдун жүрүшүндө санариптик күн тартипти жүзөгө ашыруунун алкагында долбоордук ишмердүүлүктү каржылоонун модели талкууланды. Каражаттар атайын түзүлгөн бюджеттен бөлүнүшү, ошондой эле санариптик долбоорлорду жүзөгө ашырууга кызыкдар компаниялардан коммерциялык инвестициялар катары тартылышы мүмкүн. 

Армения Республикасынын вице-премьер-министри, эл аралык экономикалык интеграция жана реформалар министри Ваче Габриелян баса белгилегендей, долбоорлорду жүзөгө ашырууга карата прогматикалык мамилени кармануу, демилгелер бизнестин кошумча жана акталбаган чыгашаларына алып келишине жол бербөө зарыл.  Мындан тышкары, Ваче Габриелян буюмдарды маркировкалоо боюнча демилгелерди жүзөгө ашыруунун маанилүүлүгүнө, ошондой эле товарларды ташууда алардын айкындуулугунун жана көзөмөлдүүлүгүнүн деңгээлин жогорулатууга көңүл бурду.

Жолугушуунун жыйынтыгын чыгарууда Тигран Саркисян белгилеп өткөндөй, ЕАЭБ өлкөлөрү жогорку технологиялык тармакка кантип кошулары жана төрт эркиндикти камсыздоо менен жаңы рынокторду өнүктүрүүсү туурасында талаша берсе болот, бирок жаңы экономиканын негизин “санарип” түзөрү бүгүн эле белгилүү. “Бизге “ГОЭЛРО-2” планы керек, - деп ишенет ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы. - Жүз жыл мурда электрофикация индустриалдык өзгөртүү жасоого мүмкүндүк бебери бардыгына белгилүү болгон.  Бүгүнкү күндө өсүштүн негизги драйвери дигитализация болуп эсептелет”.