Sign In
ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өкмөттөрүнө каботаждык автомобилдик ташууларды либералдаштыруу программасын ишке ашырууну камсыз кылуу тапшырылды

ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өкмөттөрүнө каботаждык автомобилдик ташууларды либералдаштыруу программасын ишке ашырууну камсыз кылуу тапшырылды

19.05.20

Евразия экономикалык бирлигинин мамлекет башчыларынын саммитинде ЕАЭБ өлкөлөрүндө Каботаждык автомобилдик жүк ташууларды либералдаштыруу программасынын ишке ашырылышы каралды. Бирликтин өлкөлөрүнүн өкмөттөрүнө Программанын үчүнчү баскычы менен каралган иш-чаралардын ишке ашырылышын камсыз кылуу тапшырылды.


Бүгүнкү күндө ЕАЭБдин айрым өлкөлөрү тийиштүү иш-чараларды өз убагында өткөрүшкөн жок. Армения жана Кыргызстан программанын үчүнчү баскычын баштоого даярдыгы жөнүндө билдиришти. Беларусь аны ишке ашырууга киришти: ушул жылдын башында анын аймагында тогуз каботаждык ташуу ишке ашырылды. Ал эми Россия өзүнүн мыйзамдарына Бирликтин башка өлкөлөрүнүн ташуучуларына анын аймагы боюнча каботаждык ташууларды ишке ашырууга мүмкүндүк берген өзгөртүүлөрдү азырынча киргизе элек.


Программанын негизги милдети – бош жүрүмдөрдү азайтуу, жүк ташуучу автомобилдик транспорттун кызмат көрсөтүүлөрүн керектөөчүлөрдүн транспорттук чыгымдарын азайтуу. Мунун баары ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өз ара соода жүгүртүмүнө да оң таасир берет. Башында Каботаждык ташууларды либералдаштыруу программасы Беларусь, Россия жана Армениянын ортосунда макулдашылган эле, кийин ага Кыргызстан кошулган. Казакстан Программада 2025-жылдан баштап катышмакчы. Программа 2015-жылдын май айында ЕАЭБ өлкөлөрүнүн президенттери тарабынан бекитилген. Ал 2016-2025-жылдар аралыгындагы мезгилге эсептелген жана бир нече баскычтардан турат.


Программанын ишке ашырылышы Комиссиянын транспорт жана инфраструктура боюнча Консультативдик комитеттеринде жана Бирликтин мамлекеттеринин транспорт жаатындагы ыйгарым укуктуу органдарынын Жетекчилер кеңешинде, Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жана Бирликтин мамлекет башчыларынын отурумдарында бир нече ирет талкууланып, алардын жыйынтыктары боюнча Бирликтин өлкөлөрүндө программаны ишке ашырууну баштоо үчүн зарыл болгон чараларды кабыл алууну тездетүү зарылчылыгы белгиленген.​