Sign In
Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин жыйынтыктары

Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин жыйынтыктары

19.05.20

Евразиялык экономикалык интеграцияны өнүктүрүүнүн 2025-жылга чейинки стратегиясы жалпысынан жактырылды. Бирликтин өлкөлөрүнүн өкмөттөрүнө Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин бетме-бет өткөрүү пландашытырылып жаткан кийинки отурумуна документтин кем жерлерин иштеп чыгуу тапшырылды.

ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өкмөттөрүнө каботаждык автомобилдик ташууларды либералдаштыруу программасын ишке ашырууну камсыз кылуу тапшырылды. Программанын негизги милдети – бош жүрүмдөрдү азайтуу, жүк ташуучу автомобилдик транспорттун кызмат көрсөтүүлөрүн керектөөчүлөрдүн транспорттук чыгымдарын азайтуу. 

ЖЕЭК Евразия экономикалык бирлигинин мамлекеттеринин 2020–2021-жылдарга карата макроэкономикалык саясатынын негизги багыттарын бекитти. Документ мүчө мамлекеттердеги экономикалык жагдайды жакшыртуу жана коронавирустук инфекция пандемиясына жана чийки затка баалардын кескин төмөндөшүнө байланыштуу тышкы шоктордун экономикалык кесепеттерин азайтуу боюнча улуттук жана интеграциялык чаралардын комплексин камтыйт.

Ошондой эле, Жогорку Евразия экономикалык кеңеши чек ара аралык рыноктордогу атаандаштыктын абалы жана алардагы жалпы атаандаштык эрежелерин бузууларды токтотуу боюнча Евразия экономикалык бирлигинде кабыл алынып жаткан чаралар жөнүндө 2019-жыл үчүн ар жылдык отчётту жактырды. Отчётто Бирликте товарлардын жолундагы тоскоолдуктарды жоюу боюнча ырааттуу иш алып барылууда, барган сайын көбүрөөк рыноктор ишкерлер үчүн жалпы жана ачык болууда деп белгиленет.​