Sign In
ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Виктор Христенко ПЭЭФте «ЕАЭБ глобалдык дүйнөдө» сессиясынын модератору болду

ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Виктор Христенко ПЭЭФте «ЕАЭБ глобалдык дүйнөдө» сессиясынын модератору болду

19.06.15

18-июнда ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Виктор Христенко Петербург эл аралык экономикалык форумунун аянтчасында (ПЭЭФ) «ЕАЭБ глобалдык дүйнөдө» сессиясынын модератору болду

Талкууну ачуу менен Виктор Христенко дүйнөлүк экономиканын түптөлүп жаткан өнүгүү тренддерине карата өз көз карашын билдирди: «Глобалдаштыруу кризиси дүйнөнүн ар кандай бурчтарында  аймакташтыруу процесстеринин интенсивдүү тездешин демилгеледи. Дүйнөнүн келечектеги көрүнүшү аймактык интеграциялык, болгондо да ар кандай негиздерде уюшулган топтордун өз ара иш алып баруусунда калыптана тургандыгына мен абдан ишенем. Мында Евразиялык экономикалык бирлик сыяктуу, ошондой эле БРИКС сыяктуу аймактык белгилери боюнча уюштурулушу милдеттүү эмес. Ал эми мына ушундайча түптөлгөн жаңы глобалдык архитектуранын натыйжалуулугу  бул топтордун ички натыйжалуулугуна жана алардын коммуникациясынын натыйжалуулугуна жана өз ара аракеттенүүлөрүнө көз каранды болот».

Дүйнөдө, эң оболу экономикалык өсүштүн точкаларын глобалдык кайра бөлүштүрүүгө байланыштуу болуп жаткан өзгөрүүлөрдүн объективдүүлүгүн белгилөө менен, ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы ЕАЭБ үчүн азиялык өнөктөрдүн маанилүүлүгүн баса белгиледи. Ал «өз ара аракеттенүүнүн чыгыш треги өзгөчө маанилүү» экендигин белгилеп, «Бирлик Азия Тынч океан аймагынан келечектеги өнөктөштөр менен өз ара иш алып баруу форматтарын жаратат»,- деп кошумчалады.

«Жакында эле прецеденттик документке – ЕАЭБ жана ага мүчө мамлекеттердин жана Вьетнамдын ортосунда эркин соодалашуу аймагы жөнүндө келишимге кол коюлду. Бул ЕАЭБнын Түштүк-Чыгыш Азия рыногунда позицияга ээ болуусу үчүн жаңы мүмкүнчүлүк болсо, ал эми Вьетнам үчүн – КМШ рыногундагы жаңы мүмкүнчүлүктөр. Бирок биз үчүн Бирликтин преференциалдуу келишимдер тутумундагы глобалдуу позициясынын жолунда  кезектеги дагы бир кадам болуп саналат», - деп билдирди Виктор Христенко. Ошону менен бирге эле, «ЕАЭБ глобалдык дүйнөдө» сессиясынын модератору Бирлик контекстинде чыгыш трегинин өнүгүүсү тууралуу сөз кылганда ал, Азияны гана эмес, Тынч океан бассейнин да жана ошондой эле  - Латын Америка өлкөлөрүн да болжолдогонун кошумчалады.

Ошондой эле ал, Европа бирлиги – Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнүн салттуу жана ири соода-экономикалык өнөктөшү экени да баса белгиледи. Виктор Христенко сессиянын жүрүшүндө ЕСти «ЕАЭБ менен соодада контролдук пакеттин ээси» деп атады. Ошондуктан, анын сөзү боюнча учурдагы реалийлерде Бирлик бул узак мөөнөттүү мамилелерден баш тартуу мүмкүн эмес деп эсептейт.

Сессияны жыйынтыктоо менен Виктор Христенко  кесиптештерине айтылган позициялары үчүн ыраазычылык билдирип, алардын ар бири евразия экономикалык процесстерди өнөктөштөрдүн кабыл алуусуна баа берүү үчүн канчалык маанилүү экендигин белгилеп өттү, ошондой эле, болуп өткөн талкуу интеграцияны кандай багыттарда өнүктүрсөк мындан да натыйжалуу болоорун түшүнүүгө өбөлгө түзөөрүн билдирди.

«ЕАЭБ глобалдык дүйнөдө» панелдик сессияга Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) өкүлдөрү, атап айтканда, Беларусь Республикасынын экономика министринин орун басары Антон Кудасов, Россия Федерациясынын Экономикалык өнүгүү министринин биринчи орун басары Алексей Лихачев, Армения Республикасынын АКШдагы Атайын жана ыйгарым укуктуу Элчиси Тигран Саркисян катышышты. ЕЭК позициясы менен Интеграциянын негизги багыттары  жана макроэкономика боюнча коллегиянын Мүчөсү (Министр) Татьяна Валовая тааныштырды. ЕАЭБнын соода-экономикалык кызматташтык боюнча өнөктөш мамлекеттеринин өкүлдөрү: Вьетнам Социалисттик Республикасынын Өнөр жай жана соода министринин орун басары Нгуем Кам Ту жана Индия Республикасынын өнөр жай жана соода мамлекеттик министри Нирмала Ситхараман да катышышты. Панелдик талкууда эл аралык бизнес коомчулуктун позициясын Чыгыш Европа менен Экономикалык байланыштар боюнча комитеттин төрагасы Экхард Кордес, Америкалык-россиялык ишкер кеңешинин президенти, башкы аткаруучу директору Дэниел Расселл, E.ON Global Commodities SE  москва өкүлчүлүгүнүн башчысы, Европалык бизнес ассоциациясынын  ардак кеңешинин төрагасы Райнер Хартманн көрсөтүштү. Дүйнөлүк коомчулуктун экономикалык  процесстерге көз карашын Бириккен Улуттар Уюмунун Азия жана Тынч океан үчүн Экономикалык жана социалдык комиссиянын (ЭСКАТО) аткаруучу катчысы Шамшад Ахтар билдирди. Мындан тышкары, сессияда Евразия өнүгүү банкынын төрагасы Дмитрий Панкин чыгып сөз сүйлөдү.