Sign In
ЕЭКтин соода боюнча министри Вероника Никишина Вьетнамдын өнөр жай жана соода министри Чан Туан Ан менен жолугушту

ЕЭКтин соода боюнча министри Вероника Никишина Вьетнамдын өнөр жай жана соода министри Чан Туан Ан менен жолугушту

Фото-1.JPG
19.06.18

2016-жылдын 5-октябрында күчүнө кирген Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) өлкөлөрү менен Вьетнамдын ортосундагы Эркин соода жөнүндө макулдашууну ишке ашырууну 18-июнда Евразия экономикалык комиссиясында (ЕЭК) ЕЭК Коллегиясынын соода боюнча мүчөсү (министри) Вероника Никишина Вьетнамдын өнөр жай жана соода министри Чан Туан Ан менен талкуулады. Көп жагынан макулдашуунун аракети менен шартталган сооданы өнүктүрүүнүн оӊ тенденциялары белгиленди.

Бирлик мамлекеттеринин жана Вьетнамдын бизнесин кызыктырган маселелерге өзгөчө көӊүл бурулду. Алардын ичинде: Вьетнамдан чыккан жеӊил өнөр жай продукциясына карата триггердик коргоо чараларын колдонуу жана вьетнамдык аймакта Беларустун жана Россиянын моторлуу транспорт каражаттарын өнөр жайлык жыйноо долбоорлорун ишке ашыруу. Товарлардын жасалган жерин электрондук сертификаттоо жана верификациялоо тутумун иштеп чыгуу талкуулоонун дагы бир темасы болуп калды. Ал 2018-жылдын аягына чейин түзүлүүгө тийиш, бул үчүн өзүнчө эл аралык макулдашууга кол коюлууга тийиш. Тутум преференциялык сооданын катышуучуларына товарларды бажылык тазалоодо, ошондой эле ал зарыл болгондо жасалган жерин верификациялоодо убакытты жана каражаттарды үнөмдөөгө мүмкүнчүлүк берет.

Талкуулоонун жыйынтыктары боюнча тараптар ЕАЭБ өлкөлөрү менен Вьетнамдын ортосундагы кызматташтыкты чыӊдоо максаттарында өз ара аракеттенүүнү андан ары өнүктүрүү жөнүндө келишип, ошондой эле Эркин соода жөнүндө макулдашуу боюнча Биргелешкен комитеттин экинчи отурумун Вьетнамда күзүндө өткөрүүнү белгиледи.