Sign In
ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Тигран Саркисян жана Таиланддын Премьер-министри Чан-Оча Прают королдуктун жана ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ортосундагы товар айланымынын өсүшүн белгилешти

ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Тигран Саркисян жана Таиланддын Премьер-министри Чан-Оча Прают королдуктун жана ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ортосундагы товар айланымынын өсүшүн белгилешти

IMG_7807 (1).jpg
19.11.18

19-ноябрда Банкокто Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын Төрагасы Тигран Саркисян жана Таиланд Королдугунун Премьер-министри Чан-Оча Прают кызматташтыктын перспективаларын талкуулашты.
Бул жолугушуу ЕЭКтин жана Таиланд Королдугунун өкмөтүнүн ортосунда Кызматташтык жөнүндө меморандумга кол коюлардын алдында болуп өткөн.
"Акыркы жылдары биз ЕАЭБтин жана Таиланддын ортосунда товар айланымынын олуттуу өсүшүн байкап келебиз. 2017-жылы ал 26%га, ал эми 2018-жылдын январь-август айларында өткөн жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу дээрлик 29%га жогорулаган. Кызматташтык жөнүндө меморандумга кол коюу товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр менен соодалашууну өнүктүрүүгө кошумча импульс берип жана жалпысынан өз ара иштешүүнү тереңдетүүнүн потенциалын ачууга жардам берет", - деп баса белгиледи ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы.
ЕЭК Коллегиясынын Төрагасынын айтымында, Таиланд менен да, АСЕАН менен да меморандумдарга кол коюу бизнес-форумдарды, жолугушууларды, жумушчу топторду уюштуруу үчүн гана эмес, мамлекеттер жана ишкердик коомдоштук туш болгон тоскоолдуктарды талкуулоо үчүн да жакшы базисти түзөт. Мындай тоскоолдуктарды табуу - аларды четтетүү жана жагымдуу инвестициялык климатты түзүү үчүн маанилүү кадам.
Таиланддын Премьер-министри өз кезегинде билдиргендей, ЕАЭБ жана АСЕАН ортосундагы кызматташтык бирикмелердин ортосунда да, өлкөлөрдүн ортосунда да тез өнүгүүдө. "Бүгүнкү күндө дүйнөлүк соодадагы байкалган чыңалуунун шарттарында соода-экономикалык мамилелерди тереңдетүү жолу боюнча жүрүү маанилүү", - деп эсептейт Чан-Оча Прают. Таиланд өкмөтүнүн башчысы меморандум королдуктун жана Бирликтин мамлекеттеринин ортосунда эркин соодалашуу аймагы (ЭСА), ошондой эле - белгилүү баскычта - АСЕАН жана ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ортосунда ЭСА жөнүндө макулдашуунун перспективаларын мындан ары талкуулоо үчүн шарт түзөрүнө үмүтүн билдирди.
Анын пикири боюнча, ассоциациянын мүчө мамлекеттеринин лидерлеринин жана Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путиндин катышуусунда ЕЭК жана АСЕАН ортосунда Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюлушу маанилүү окуя болуп саналат. Ошол эле учурда Таиланддын Премьер-министри ЕЭК жана Таиланд түзүп жаткан меморандум королдук жана ЕАЭБ мүчө мамлекеттери үчүн өз ара иштешүүнүн дагы бир багытын ачарын белгилеп өттү, ал эми бул диалогдун натыйжалуулугун күчөтмөкчү. Ошондой эле Чан-Оча Прают билдиргендей, Таиланддын жана ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ортосундагы мамилелерди тереңдетүү маселесин ал Россия Федерациясынын Өкмөт башчысы Дмитрий Медведев менен болгон акыркы жолугушууда талкуулаган жана бул жолугушууда ал Таиланддын жана Бирликтин өлкөлөрүнүн ортосундагы соода-экономикалык мамилелердин маанилүүлүгүн белгилеген.
Ал мүчө мамлекеттерден Таиландга гана эмес, кайра багытта да туристтик агымдын көбөйүшүн белгилеп өттү, бул тараптардын ортосундагы ишенимдүүрөөк мамилелерди түзүү үчүн маанилүү.
"Таиланд Чыгыш экономикалык коридордун түзүлүшүн жигердүү өнүктүрүүдө, анда төмөнкүдөй он индустриалдык тармактар камтылат: беш салттуу жана беш инновациялык. ЕАЭБ мамлекеттери коридордун түзүлүшүнө катышуусуна ниеттенебиз, бул соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүү үчүн дагы бир өбөлгө болмокчу", - деди Чан-Оча Прают.
Бирликтин тармактарынын интеграциялык потенциалын жүзөгө ашыруу шарттарында кызматташтыктын келечектүү багыттарынын катарына туристтик, ошондой эле өнөр жай жана инновациялык чөйрөлөрдөгү өз ара иштешүү кириши мүмкүн.
Жолугушуу аяктагандан кийин Тигран Саркисян жана Чан-Оча Прают ЕЭК жана Таиландын ортосундагы Кызматташтык жөнүндө меморандумдун кол коюлушуна катышышты. Документке ЕЭК Коллегиясынын макроэкономика жана интеграция боюнча мүчөсү (министри) Татьяна Валовая жана Таиланддын соода министри Сонтират Сонтихиравонг кол коюшту.