Sign In
ЕЭК жана Россиянын Айыл чарба министрлиги агроөнөр жай комплексиндеги интеграцияны өнүктүрүүнүн перспективаларын талкуулашты

ЕЭК жана Россиянын Айыл чарба министрлиги агроөнөр жай комплексиндеги интеграцияны өнүктүрүүнүн перспективаларын талкуулашты

19.08.20
Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси боюнча мүчөсү (министр) Артак Камалян Россия Федерациясынын айыл чарба министринин орун басарлары Максим Увайдов жана Елена Фастова менен 18-августта болуп өткөн жумушчу жолугушуунун жүрүшүндө Евразия экономикалык бирлигинин туруктуу жалпы агрардык рыногун түзүү, биргелешкен изилдөөлөрдү ишке ашыруу жана тармакты кадрдлар менен камсыз кылуу маселелерин талкуулады.
"Жаңы коронавирустук инфекция мезгилиндеги иш Бирликтин мамлекеттеринин жалпы агрардык рыноктун туруктуу өнүгүүсүн түзүү жана азык-түлүк муктаждыктарын канааттандырууда ыкчам таасирденүүнүн жана өз ара аракеттенүүнүн координацияланган чараларын өз убагында иштеп чыгуу боюнча кошумча чараларды кабыл алуу зарылчылыгын көрсөттү", – деди Артак Камалян.

ЕЭК министри анын ишке ашырылышы Бирликтин агрардык рыногунун туруктуу өнүгүүсүнө, ошондой эле тараптардын бул тармактагы кызматташтыгы боюнча перспективдүү кадамдарды ачып көрсөтүүгө өбөлгө түзгөн комплекстүү документти иштеп чыгууну сунуш кылды.

Елена Фастова мындай демилгени колдоду жана Комиссияга Бирликтин өлкөлөрү тарабынан агроөнөр жай комплекси чөйрөсүндөгү мамлекеттер аралык документтердин иштелип чыгышын жана ишке ашырылышын координациялоо боюнча ыйгарым укуктарды берүү зарылчылыгын белгиледи.

Агрардык илимдер жана өз ара пайдалуу шарттарда кадрларды даярдоо маселеси боюнча мүчө мамлекеттердин Бирликтин деңгээлиндеги өз ара аракеттенүүсүн өнүктүрүүнүн маанилүүлүгү белгиленди. Артак Камаляндын айтуусу боюнча, "жаңы билимдердин жетишсиздигин жабуу үчүн, агрардык билим берүү жана биргелешкен илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү жаатында кызматташуу зарылчылыгы бар".

Жолугушуунун катышуучулары окутуу процессинде бизнестин реалдуу муктаждыктарына багытталган көндүмдөрдү түзүү зарылчылыгы бар экендигине макул болушту, АӨК жаатындагы биргелешкен изилдөөлөрдүн иш-тажрыйбалык багытталышынын маанилүүлүгүн баса белгилешти.

Россиялык тарап Бирликтин өлкөлөрүнүн ниеттерин тастыктаган жана биргелешкен изилдөөлөрдү жана кадрларды даярдоо, агрардык чөйрөдө тажрыйба жана билим алмашуу боюнча иш-чараларды өткөрүүнүн шарттарын аныктаган макулдашууларды түзүү мүмкүнчүлүгүн колдоду.

Мындан сырткары, жолугушуунун жүрүшүндө ЕАЭБде органикалык айыл чарба продукциясынын бирдиктүү рыногун түзүү боюнча эл аралык келишимди иштеп чыгуунун максатка ылайыктуулугу белгиленди. Бул Бирликтин бардык мамлекеттеринде мындай продукцияны өндүрүү жана сатуу маселелерин жөнгө салуучу ченемдик укуктук базаны түзүүнүн аягына чыгышы менен шартталган.

Эл аралык келишим мындай продукциянын тоскоодуктарсыз жүгүртүлүшүн камсыз кылууга мүмкүндүк берет, ошондой эле ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өндүрүүчүлөрүнүн үчүнчү өлкөлөрдүн рынокторуна жетүүсү боюнча сүйлөшүүлөрдү демилгелөөгө жардам берет.