Sign In
Тигран Саркисян: “Интеграциялык бирикме катары ЕАЭБтин келечеги - бул, биринчи кезекте, өнүктүрүүнүн стратегиялык күн тартибин жүзөгө ашыруу”

Тигран Саркисян: “Интеграциялык бирикме катары ЕАЭБтин келечеги - бул, биринчи кезекте, өнүктүрүүнүн стратегиялык күн тартибин жүзөгө ашыруу”

19.10.17

“Бардык катышуучуларды урматтоо жана кызыкчылыктарын эске алуу - ЕАЭБтин институционалдык базиси, ал биздин Биримдиктин бардык өлкөлөрү үчүн алгылыктуу чечимдерди кабыл алууга, жана биздин стратегиялык артыкчылыктарды максималдуу деңгээлде колдонууга мүмкүндүк берет”, - деп билдирди Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын Төрагасы Тигран Саркисян Венада (Австрия) Европада кызматташтык жана коопсуздук боюнча уюмдун (ЕККУ) Туруктуу кеңешинин отурумунда сүйлөгөн сөзүндө. Тигран Саркисян евразиялык интеграциялык бирикменин экономикалык өнүгүүсүнүн артыкчылыктарына, үчүнчү өлкөлөр жана эл аралык уюмдар менен өз ара иштешүүнүн принциптерине токтолду, ошондой эле ЕККУ менен кызматташуунун мүмкүнчүлүктөрүнө өз көз карашын билдирди. 

Андан кийин, ЕККУ башкы катчысы Томас Гремингер менен жумушчу жолугушуунун жүрүшүндө ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы “экинчи себеттин” - экономикалык жана экономикалык коопсуздуктун маселелерине байланышкан темалардын топтомдун алкагында, ЕЭК жана ЕККУ Туруктуу кеңеши, башкы катчысынын катчылыгы жана ЕККУнун башка түзүмдөрү менен диалогунун практикалык аспектилерин талкуулады. Томас Гремингер Комиссиянын өкүлдөрүн 2018-жылдын январында ЕККУ эгидасы алдында өтө турган санариптик саммитке чакырды. Масштабдуу форумдун уюштуруучусу уюмдун түзүмдөрүндө төрагалык кылган өлкө болмокчу (Италия).

“ЕАЭБти өнүктүрүү күн тартиби 2025-жылга чейин аныкталган жана ал Биримдиктин талашсыз атаандаштык артыкчылыктарын - транзиттик, индустриалдык жана интеллектуалдык потенциалды, чийки заттык жана табигый ресурстардын көп түрдүүлүгүн, 180 млн адамдан ашык рынок сыйымдуулугун, жана өз ара баарлашуунун жөнөкөйлүгүн эске алуу менен түзүлгөн, - деп белгиледи Тигран Саркисян өз сөзүндө. - Биздин алдыга карай кыймылдын өзөктүү багыттары Кытайдын “Жибек жолунун Экономикалык алкагы” (ЖЖЭА) айкалышууну камсыздоого мүмкүндүк берген долбоорлор, ошондой эле ЕАЭБ өлкөлөрүнүн экономикаларынын санариптик трансформациясы боюнча демилгелер болмокчу”.

ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы ЕАЭБтин өнүгүүсү жана ЖЖЭА алкагында долбоорлорду жүзөгө ашыруу бири-бирин жигердүү толуктап турат деп ишенет. КЭРдин жана Биримдик өлкөлөрүнүн институционалдык негизи соода-экономикалык макулдашуу болмокчу, макулдашуунун үстүндө иштер азыркы учурда жүргүзүлүүдө. Тигран Саркисян транспорт жана логистика жаатында кызматташтыктын перспективаларына көңүл бурду, бул кызматташтыктын үзүрүн ЕАЭБ жана КЭР гана эмес, Европа да колдонсо болот. Бирдиктүү транспорттук мейкиндикти калыптандыруу, транспорттук коридорлорду түзүү жүк ташуулардын натыйжалуулугун жогорулатат жана ишкердик өнөктөштүк үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзөт.

Тигран Саркисяндын пикири боюнча, ЕАЭБти өнүктүрүүнүн дагы бир трансчек аралык ана кросс-тармактык багыты болуп, мамлекеттин жана бизнестин ишмердүүлүктөрүнүн бардык чөйрөлөрүн санариптештирүү болмокчу. ЕАЭБтин санариптик күн тартиби башкаруунун сапатын жогорулатууга, инновацияларды жана жаңы технологияларды жайылтууга өбөлгө түзөт, бул Биримдик өлкөлөрүнүн да, бүтүндөй интеграциялык биримдиктин да атаандаштык артыкчылыктарын күчөтөт. Ошол эле учурда анын глобалдуулугу диалогдун мейкиндигин кеңейтүүгө жана бүгүнкү күндө бардыгына чечилгис болуп көрүнгөн карама-каршылыктардын өз ара алгылыктуу чечимдерин табууга мүмкүндүк берет​.

ЕАЭБти жана ЕККУну түзүүнүн максаттарынын окшоштугун - өлкөлөрдүн жана элдердин өнүгүүсү үчүн татыктуу шарттарды камсыздоону белгилөөдө ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Тигран Саркисян Комиссия менен ЕККУнун мындан аркы конструктивдүү кызматташуусунун маанилүүлүгү жөнүндө дагы бир жолу билдирди. Тигран Саркисян менен ОБСЕ башкы катчысы Томас Гремингердин жумушчу жолугушуусунун жүрүшүндө өз ара иштешүүнүн практикалык маселелери талкууланды. Тараптар биргелешкен иш-аракеттердин программасын даярдоону макулдашышты. Томас Гремингер Комиссиянын өкүлдөрүн 2018-жылдын январында ЕККУ эгидасы алдында өтө турган санариптик саммитке чакырды. “Биздин уюмдардын ишмердүүлүгүнүн экономикалык жана гуманитардык багыттарында окшоштуктар абдан көп, андыктан биздин байланыштарды тереңдетүү үчүн мүмкүнчүлүктөрдү колдонбой коюу кечирилгис болмок”, - деп билдирди ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы жолугушуунун жыйынтыктары боюнча.

ЕККУ Туруктуу кеңешинин отурумунда ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Тигран Саркисяндын чыгып сүйлөөсүнүн дагы бир маанилүү жыйынтыгы Европа комиссиясынын (ЕК) төрагасынын техникалык жөнгө салуу жана өз ара соода сыяктуу багыттар боюнча өз ара иштешүүгө даярдыгы жөнүндө билдирүүсү болду.  ЕК Төрагасы бул жалпы кызыкчылыктарга жооп берет деп эсептейт. Азыркы учурда эле ЕЭК жана ЕК ортосунда техникалык диалог жөнүндө кеп кылууга болот.​