Sign In
ЕАЭБ өлкөлөрүнүн премьер-министрлери санариптик чөйрөдө өз ара аракеттенүүнүн форматтарын жана механизмдерин талкуулашты

ЕАЭБ өлкөлөрүнүн премьер-министрлери санариптик чөйрөдө өз ара аракеттенүүнүн форматтарын жана механизмдерин талкуулашты

02.02.18
 
 
Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) санариптик күн тартибин, санариптик трансформациялоонун жана электрондук ишеним мейкиндигинин биргелешкен программасын түзүүнү, криптовалюталарды колдонуу маселелеринде өз ара аракеттенүүнү Биримдиктин өлкөлөрүнүн өкмөт башчылары, 2-февралда Алматыда (Казакстан Республикасы) “Ааламдашуу доорундагы санариптик күн тартип” форумунун алкагында талкуулашты. Иш-чара Казакстан Республикасынын Президенти Нурсултан Назарбаевдин демилгеси боюнча уюштурулган. Анын сессияларына Евразия экономикалык комиссиянын (ЕЭК) Коллегиясынын мүчөлөрү (министрлер), Азербайжандын жана Тажикстандын расмий делегациялары, ошондой эле ири эл аралык  IT-компанияларынын бир катар өкүлдөрү  катышты.
 
Санариптештирүү маселелерине күчтөрдү бириктирүү ЕАЭБдин өнүгүүсү үчүн синергетикалык натыйжа берет, деди Нурсултан Назарбаев өзүнүн куттуктоо сөзүндө. Биримдиктин жалпы рыногунун болушу, санариптештирүү маселелеринде биргелешкен ыкмаларды жана чараларды иштеп чыгууну талап кыла тургандыгы белгиленди.
 
Улуттук санариптик күн тартипти сунуштоо менен, Армения Республикасынын Премьер-министри Карен Карапетян өлкөдөгү маалымат технологиялардын жигердүү өнүгүүсү тууралуу айтып берди. Бул тармактагы жыл сайын өсүү бир нече жыл бою болжол менен 25% түзөт. 2017-жылдын жыйынтыгы менен ал 28-30%га жетүүгө тийиш. Армениянын санариптик өнүгүүсүнүн негизги алты: санариптик өкмөт, киберкоопсуздук, жеке сектор, институционалдык негиз, санариптик көндүмдөр жана инфраструктура багыттары аныкталды. 2030-жылга Арменияда мамлекет-бизнес өз ара аракеттенүүсүндө - 100%, жана жарандарга кызмат көрсөтүү жолу боюнча - 80% санариптештирүүгө жетүү пландалып жатат.
 
“Санариптик трансформациялоо – технологиялык прогресске гана кадам эмес, бул кыска мөөнөттөрдө экономиканы башкаруунун натыйжалуу системасы бар мамлекет болуунун жалгыз гана шарты, - деп ишенет Карен Карапетян. - Бул жерде эч кандай альтернатива жок”.
 
Беларусь Республикасынын Премьер-министри Андрей Кобяковдун пикири боюнча, дүйнө жүзүндө бир дагы мамлекет жогорку технологиялар чөйрөсүндө заманбап чакырыктарга жалгыздап жооп бере албайт. “Биздин жалпы санариптик күн тартипти жүзөгө ашыруу алкагында координацияланган биргелешкен аракеттер гана бизге, евразиялык континенттик масштабда, ошондой эле дүйнө жүзүндө лидердик позицияларда калууга мүмкүндүк берет”,- деп эсептейт Андрей Кобяков. 
 
Ушуга байланыштуу Беларусь эки демилгени кароону сунуштайт. Биринчи - ЕАЭБ өлкөлөрүнүн санариптик инфраструктурасын интеграциялоо, ал бирдиктүү стандарттарды киргизүү гана эмес, ошондой эле физикалык инфраструктураны жалпы башкаруу, чыгыш-батыш багытында толук камдуу санариптик транспорттук коридорлорду калыптандыруу.
 
Экинчи демилге санариптик чөйрөдө макулдашылган саясаттан Биримдиктин катышуучу өлкөлөрүнүн бирдиктүү стратегиясына өтүү болуп саналат. “ЕАЭБдин санариптик трансформациялоонун жалпы программасын, болгондо да жалпы принциптер жана ыкмалардын деңгээлинде эмес - алар ансыз деле түшүнүктүү, аларды жүзөгө ашыруунун конкреттүү иш-чаралары жана мөөнөттөрү менен иштеп чыгууну сунуш кылабыз”,- деп белгиледи Беларусь өкмөтүнүн башчысы. - Биз ушул учурда гана санариптик чөйрөдө, декларативдүү эмес, чыныгы интеграциялоо жөнүндө айта алабыз”.
 
Беларусияда буга чейин эле санариптик трансформациялоону улуттук өнүгүүнүн негизги артыкчылыктык деп аныкташкан. Өлкөнүн стратегиясы үч негизги жоболордон курулат: IT-компаниялардын алдыңкы иши үчүн максималдуу жагымдуу шарттарды түзүү, жаңы технологияларды жайылтуу үчүн тоскоолдуктарды жалпы четтетүү, жаңычылдыктардын экосистемасын калыптандыруу. Атап айтканда, Андрей Кобяков Бизнес үчүн жеңилдетилген шарттарда маалыматтык технологиялар паркын түзүү жана Бизнести блокчейн, криптовалютаннын негизинде бизнести легалдаштыруу жөнүндө билдирди.  
 
Биргелешкен санариптик күн тартипти жүзөгө ашыруунун маанилүүлүгү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков да айтты. Анын айткандары боюнча, ал санариптик чөйрөдө жалпы максаттарга жетүү үчүн аракеттерди бириктирүүгө жана натыйжалуу координациялоого, регионалдык өнүгүүгө өбөлгө түзүүгө, катышуучу өлкөлөрдүн атаандаштыктарын жогорулатууга, жарандардын бакубаттуулугунун өсүүсүнө мүмкүндүк берет.
 
Сапар Исаков Кыргызстанда санариптик трансформациялоонун “Таза Коом” жалпы улуттук программасы иштелип чыккандыгы тууралуу эскертти. “Ал бизге мамлекеттик чыгымдарды оптималдаштырууга, бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүүгө, айрым жемкорлук элементтерди жок кылууга мүмкүндүк берет”,- деп белгиледи Кыргызстан өкмөтүнүн башчысы. Ошондой эле, ал мамлекеттик сатып алууларда криптовалютаны колдонуу мүмкүндүгүн изилдөө жүрүп жаткандыгын билдирди.
 
Казакстан Республикасынын Премьер-министри Бакытжан Сагинтаев чыгып сүйлөгөн сөзүндө, Биримдиктин ар бир өлкөсү жогорку технологияларды өнүктүрүүдө өзүнчө алдыга жылса дагы, санариптик чөйрөдө биригүүгө мүмкүнчүлүктөр  болгону маанилүү экенин баса белгилеп өттү. “Биз өзүбүздө, көпчүлүк учурларда биздин ар кандай министрликтердин кабыл алган программалары да бири-бири менен интеграцияланышпагандыгына  дуушар болобуз,- деди Казакстан өкмөтүнүн башчысы. - Ал эми биз, эгерде ЕАЭБдин бирдиктүү санариптик платформанын алкагында интеграциялоо жөнүндө сөз кылсак, анда биз бул жерден, кантип булардын бардыгын бириктире тургандыгыбызды ойлонушубуз керек. Бул жерден, балким, технологиялык ишкердиктин эң жакшы шарттарын түзүү маанилүүдүр”.
 
Россия Федерациясынын өкмөтүнүн башчысы Дмитрий Медведев, санариптик процесстерди жөнгө салуунун ишеничтүү, оордук кылбаган жана ачык режиминин, керек болсо трансчегаралык деңгээлде зарылдыгы, жөнүндө билдирди. Мындай учурда, хакердик чабуулга, кибералдамчылыкка жана террордук иштерге каршы аракеттер маанилүү милдет болот.
 
Дмитрий Медведевдин пикири боюнча, Биримдиктин алкагында санариптик интеграцияга үч элементти киргизүүгө болот. Биринчиси, ЕАЭБ Data X шарттуу аталышы, - берилмелерди электрондук түрдө берүүнүн жана алмашуунун бирдиктүү системачасы. Бул платформа маалымат алмашуу үчүн, акыр аягында -  жеке компаниялардын ортосунда юридикалык маанилүү протоколдор менен алмашуу үчүн пайдаланылышы мүмкүн.
Экинчи элемент – ЕАЭБ ID  – электрондук ишенимдин бирдиктүү мейкиндиги. Ал өзүнө санариптик архивди идентификациялоонун, аутентификациялоонун, авторлоштуруунун сервистерин өзүнө камтыйт.
 
Үчүнчү элемент – ЕАЭБ Geo – бул товарларды ташууну жана көзөмөлдүүлүгүн контролдоону жөнөкөйлөткөнгө өбөлгө түзүүчү картографиялык негиздин геомаалыматтык системасы жана сервистери.
 
“Мына ушундай шаймандар биздин өз ара аракеттешүүбүздүн контурун түзөт, - деди Россия Федерациясынын өкмөтүнүн төрагасы. – Албетте, бизге улуттук чечимдерди байланыштыруу боюнча жалпы стандарттар жөнүндө да макулдашууга туура келет. Биз өзүбүздүн компетенцияларыбызды бардык биздин досторубузга жана өнөктөштөрүбүзгө төлөмсүз негизде сунуштоого даярбыз”.
 
Криптовалюта жөнүндө айтып жатып, аны жөнгө салуу бир өлкөнүн чегинде гана жүзөгө ашпай тургандыгын жана улуттуктан жогору болууга тийиштигин белгиледи Дмитрий Медведев. “Биздин ыкмаларыбызды Биримдиктин деңгээлинде жакындаштырууга тийишбиз. Мен эң жакшы криптоактивдер боюнча эл аралык конвенвенцияларды даярдоо жөнүндө айтпай эле коёюн”,- деп эсептейт Россия өкмөтүнүн башчысы.
 
Форумда катышкан  Өзбекстан Республикасынын Премьер-министри Абдулла Арипов КМШ өлкөлөрүнүн биргелешкен аракеттери менен адам капиталын өнүктүрүү системасын жакшыртууга, ошондой эле финансылык технологиялар чөйрөсүндө салттуу финансы институттары менен инновациялык компаниялардын ортосундагы биргелешкен интеграциялык аянтчаны түзүүгө чакырды. Мындай кызматташтык КМШ мамлекеттеринин финансы рынокторунда санариптик инновациялык өнүмдөрдү жайылтууга өбөлгө түзөт.
 
Маалымдама
 
“Ааламдашуу дооруна санариптик күн тартип” форуму Казакстан Республикасынын Президенти Нурсултан Назарбаевдин демилгеси боюнча өткөрүлүп жатат. 2017-жылдын октябрында ЕАЭБ мүчө мамлекеттеринин башчыларынын Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин отурумунда 2025-жылга чейинки санариптик күн тартиптин негизги багыттарын бекитишти, ошондой эле Казакстандын Президентинин ЕАЭБ экономикасын санариптештирүү боюнча атайын жолугушуу  өткөрүү жөнүндө демилгесин колдошту.  
 
Бүгүнкү күндө дүйнөнүн алдыңкы мамлекеттери Төртүнчү өнөр жай революция  технологиясын колдонуу менен санариптик тармактарды өнүктүрүүгө олуттуу ресурстарды жумшап жатышат. Форумдун негизги максаты - өздүк санариптик экономикаларды өнүктүрүүнү тездетүүгө мүмкүндүк берүүчү биргелешкен чараларды, алардын атаандаштыгын жогорулатуу менен иштеп чыгуу, ошондой эле өлкөлөрдүн артыкчылыктарынын жана регионалдык интеграциялык трансформациялоосунун негизинде кийинкиде дивиденддерди алуу үчүн жолдорду табуу.