Sign In
ЕЭКте АӨК маселелери боюнча талаштарды сотко чейин жөнгө салуунун айкын системасы түзүлөт

ЕЭКте АӨК маселелери боюнча талаштарды сотко чейин жөнгө салуунун айкын системасы түзүлөт

02.03.17
Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясы Евразия экономикалык биримдигинде (ЕАЭБ) макулдашылган агроөнөр жай саясатын, анын ичинде айыл чарбасын мамлекеттик колдоо маселелери боюнча саясатын жүзөгө ашырууга байланыштуу талаштар боюнча сүйлөшүүлөрдү жана консультацияларды уюштуруунун жана өткөрүүнүн тартибин жактырган.

Буга чейин тийиштүү жоболорду ЕАЭБ жөнүндө макулдашууга киргизүү менен Биримдик өлкөлөрү мындай документти иштеп чыгууну  карашкан. Келишимге ылайык, өлкөлөрдүн ортосундагы талаштарды сотко чейин жөнгө салууга 60 календардык күндөн кем эмес убакыт берилет. ЕЭК Коллегиясы ЕАЭБ өлкөлөрүнө араздашууларды сотко чейин жөнгө салууга көмөк көрсөтөрү да каралган.

Агроөнөр жай комплексинде мүмкүн болгон талаштар боюнча сүйлөшүүлөрдү жана консультацияларды уюштуруунун жана өткөрүүнүн тартибинде Биримдик өлкөлөрүнүн жана Комиссиясынын өз ара иштешүүсүнүн алгоритми так жазылган. Маселен, талаштын демилгечиси болгон өлкө ЕЭКке жөнөткөн расмий өтүнүчүндө себеп болгон фактыларды көрсөтүүсү, улуттук жана биримдиктик мыйзамга шилтеме берүүсү абзел.  Комиссиянын Коллегиясына караштуу АӨК боюнча консультативдик комитеттин алкагында өткөрүлүшү мүмкүн болгон сүйлөшүүлөрдү уюштуруу боюнча сунуштар да зарыл.

Жоопкер - Биримдик өлкөсү расмий өтүнүчтү алгандан кийин он календардык күндүн ичинде талаштын демилгечиси менен сүйлөшүүлөрдү жана консультацияларды өткөрүү ордун жана датасын макулдашат жана бул туурасында ЕЭКке маалымат берет. Комиссия беш жумушчу күндүн ичинде бардык мүчө мамлекеттерге сүйлөшүүлөрдү өткөрүү жөнүндө билдирет. Кийинки он күндүн аралыгында ЕАЭБ өлкөлөрү Комиссияга сүйлөшүү процессине катышуусу, талаш боюнча позициялары жана позицияны түзүүгө жооптуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган туурасында маалымдайт.

Мындан тышкары, сүйлөшүүлөрдүн жана консультациялардын аяккы стадиясынын тартиби аныкталган: мамлекеттик органдардын расмий өкүлдөрү талаштарды жөнгө салуунун жыйынтыктары боюнча жыйынтык протоколго кол коюшат.

Азырынча ЕАЭБте өлкөлөрдүн ортосунда айыл чарбасына байланыштуу маселелер боюнча соттук прецеденттер боло элек, анткен менен ЕЭК мындай жагдай түзүлүп калышы мүмкүн деген пикирде.   Жаңы ченемдик акт Биримдик мамлекеттерине талашты цивилизациялуу жол менен, аны акыркы чара - евразиялык сотто каралышына жеткирбей чечүүгө жардам берет.

Алдын ала сүйлөшүүлөрдү жана консультацияларды өткөрүү талашты кийин Биримдиктин Евразиялык сотунда кароо үчүн милдеттүү шарт экенин белгилеп кетүү маанилүү.