Sign In
Футбол боюнча дүйнө чемпионаты 2018 үчүн жабдууларды жана спортинвентарларды киргизүү оңоюраак болмокчу

Футбол боюнча дүйнө чемпионаты 2018 үчүн жабдууларды жана спортинвентарларды киргизүү оңоюраак болмокчу

02.05.17

ЕЭК Коллегиясы 2017-жылдын 2-майында өткөн кезектеги отурумунда FIFA Конфедерацияларынын кубогунда жана 2018-жылы Россияда өтө турган футбол боюнча дүйнө чемпионатында футбол командаларынын, судьялык коллегиянын, уюштуруучулардын, чагылдыруу компанияларынын жана басма сөздүн ишин камсыздоо үчүн арналган техникалык жабдууларды жана спорт инвентарларын убактылуу киргизүү тартибин жөнөкөйлөтүү жөнүндө чечим кабыл алды.   Кабыл алынган чечим башка спорт таймаштарына таркалбайт. 

Чечим менен товарларга декларацияны жана транзиттик декларацияны толтуруунун жөнөкөйлөтүлгөн тартиби, ошондой эле товарларга декларация жана транзиттик декларация катары транспорттук, коммерциялык жана башка документтерди колдонууга мүмкүнчүлүк бекитилген. Мындан тышкары, мындай жабдуулар үчүн өзүчө классификатор каралган. Бул футбол боюнча дүйнө чемпионатынын уюштуруучуларынын жана катышуучуларынын коромжуларын төмөндөтөт, инвентарды киргизүү жана чыгаруу процедурасын башкарууну олуттуу жөнөкөйлөтөт жана бажы көзөмөлүн жүргүзүүдө бажы органдарынын ишмердүүлүгүн оптимизациялоого мүмкүндүк берет.

Андан тышкары, ЕЭК Коллегиясында дары каражаттарынын айланымынын чөйрөсүндө бирдиктүү терминологиялык мейкиндикти түзүү боюнча сунуш-көрсөтмөлөр кабыл алынган. Атап айтканда, курамына Биримдиктин бардык беш өлкөсүнүн жана фармацевтикалык-коомчулуктун өкүлдөрү кирген жумушчу топ тарабынан Түшүнүктөрдүн маалыматтык маалымдамасы иштелип чыгарылган. Анда дарылардын айланымын жөнгө салуу жаатында укук ченемдерин бир маанилүү түшүнүү үчүн бирдиктүү укуктук чөйрөнүн алкагында колдонулуучу негизги терминдер жана формулировкалар камтылган. Бул дарыларды баалоого жана рынокко чыгарууга уруксат берүүгө карата ык-амалдардын бирдиктүүлүгүн камсыздоого мүмкүндүк берет.

Аталган маалымдаманы түзүү 2014-жылдын 23-декабрындагы Евразия экономикалык биримдигинин алкагында дары каражаттарынын айланымынын бирдиктүү принциптери жана эрежелери жөнүндө макулдашууда каралган. 


ЕЭК Коллегиясы Комиссия Кеңешинин “ЕАЭБ алкагында дары каражаттарынын жана медициналык буюмдардын жалпы рыногун жөнгө салуу маселелери боюнча ЕЭК актылары жөнүндө” тескемесинин долбоорун жактырган, анда 2017-2019-жылдары кабыл алууга пландаштырылган 25 ченемдик актыдан турган тизме түзүлгөн. 

Ошондой эле Комиссиянын Коллегиясынын отурумунда ЕЭК Кеңешинин товарлардын ар кандай топторун идентификациялоонун, анын ичинде контролдук белгилер менен маркировкалоо жолу менен, принциптерин, ыкмаларын жана технологияларын аныкташы керек болгон жумушчу топту түзүү каралган тескемесинин долбоору жактырылган. Атап айтканда, жумушчу топтун мүчөлөрү жана чакырылган эксперттер идентификациянын учурда колдонуудагы улуттук системаларынын потенциалын жана Евразия экономикалык комиссиясынын порталы аркылуу аларды айкалыштыруунун мүмкүнчүлүктөрүн изилдеши керек.