Sign In
ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Тигран Саркисян менен Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун жумушчу жолугушуусу болуп өттү

ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Тигран Саркисян менен Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун жумушчу жолугушуусу болуп өттү

DST_8402.jpg
02.05.18

Бишкекте Евразиялык экономикалык комиссиянын (ЕЭК) Коллегиясынын Төрагасы Тигран Саркисян жана Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков алдыда өтө турган Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин отурумунун күн тартибин, ошондой эле интеграциялык бирикменин андан аркы өнүгүүсүнүн актуалдуу маселелерин талкуулашты.

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Евразиялык экономикалык биримдикке (ЕАЭБ) өлкөнүн интеграцияланышы Кыргызстандын тышкы экономикалык саясатынын артыкчылыктуу багыты болуп келгенин жана боло берерин белгилеп өттү. “Биз бул бирикмеге чоң маани беребиз жана Биримдиктин өлкөлөрү менен натыйжалуу жана жемиштүү кызматташтыкты мындан ары да өнүктүрүүгө ниеттенебиз”, – деп баса белгиледи мамлекет башчысы.

ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Тигран Саркисян Евразия интеграциясынын маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин жигердүү позициясы интеграциялык долбоорду илгерилетүүгө жана тереңдетүүгө жардам берерин билдирди.