Sign In
ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Тигран Саркисян Казакстан Республикасынын Президенти Нурсултан Назарбаев менен жолугушту

ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Тигран Саркисян Казакстан Республикасынын Президенти Нурсултан Назарбаев менен жолугушту

7bb56cb75aea01404c343cb47969b0551.jpg
02.05.18
 

2-майда Астанада Евразиялык экономикалык комиссиянын (ЕЭК) Коллегиясынын Төрагасы Тигран Саркисян Казакстан Республикасынын Президенти Нурсултан Назарбаевди алдыда боло турган Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин отурумуна даярдык жөнүндө маалымдады.

“Кеңештин тапшырмасы боюнча мен Сиз менен бир нече жагдайды талкуулоону каалар элем: Жогорку кеңештин отурумун биз канткенде натыйжалуураак өткөрө алабыз, кайсы маселелер өзгөчө көңүл бурууну талап кылат, интеграцияны тереңдетүүгө тиешелүү кайсы маселелерди кароо керек”, – деди ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы.

Тараптар евразия интеграциясын андан ары тереңдетүүгө байланыштуу маселелерди талкуулашты.

Нурсултан Назарбаев Евразиялык экономикалык биримдиктин (ЕАЭБ) ишмердүүлүгүнүн жогору натыйжаларын, ошондой эле Биримдикке башка өлкөлөрдүн кызыгуусунун өсүшүн белгилеп өттү. “Өткөн 2017-жыл ийгиликтүү болду. Биздин өлкөлөрдүн ортосундагы товар айланымы 27% га өстү. Биздин бирикмеге болгон чоң кызыгууну байкап турабыз, бүгүнкү күндө биз менен 40тан ашык өлкөлөр кызматташууда. Сиз менен күн тартибинин бардык пункттары макулдашылган ЖЕЭК саммитинин алдында жолугуп отурабыз. Алдыда жөнөкөй эмес, анын ичинде санкцияларга тиешелүү маселелерди талкууламакчыбыз”, деп баса белгиледи Казакстан Президенти.

Тигран Саркисян Нурсултан Назарбаевди Казакстан элинин биримдик күнү менен куттуктады жана республикага гүлдөп өнүгүүнү каалап өттү. ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы ошондой эле мамлекет башчысына Евразиялык экономикалык комиссиянын учурдагы ишмердүүлүгү туурасында маалымат берди.