Sign In
ЕАЭБ жана Индиянын ортосунда эркин соодалашуу аймагын түзүү жөнүндө макулдашуу Биримдик өлкөлөрүнүн экономикаларына дүйнөлүк орто көрсөткүчтөрдөн жогору арымдар менен өсүүгө өбөлгө берет

ЕАЭБ жана Индиянын ортосунда эркин соодалашуу аймагын түзүү жөнүндө макулдашуу Биримдик өлкөлөрүнүн экономикаларына дүйнөлүк орто көрсөткүчтөрдөн жогору арымдар менен өсүүгө өбөлгө берет

02.06.17

Бул туурасында Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Төрагасы Тигран Саркисян Индиянын Премьер-министри Нарендра Моди менен сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө билдирди. Тигран Саркисян баса белгилегендей, Биримдиктин бардык беш мамлекетинин башчылары Индия менен соода мамилелерин бекемдөөгө жана экономикалык өз ара иштешүүнүн ар кандай формаларын өнүктүрүүгө бекем каалоолорун билдиришкен. Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) жана Индиянын ортосунда Эркин соодалашуу аймагы (ЭСА) жөнүндө макулдашууга кол коюу маанилүү кадам болуп калмакчы. Жолугушууга ЕЭКтин соода боюнча Коллегия мүчөсү (министр) Вероника Никишина катышты.

“Көп жылдардан бери Индия туруктуу бекемдеп бара жаткан технологиялык жана өнөр жай потенциалын, экономикалык өнүгүүнүн жогору арымдарын көрсөтүп келет, - деп белгиледи Тигран Саркисян. - ЕАЭБ мамлекеттеринин алдында да экономикалардын өсүшү үчүн резервдерди табуу милдети турат.  Индия менен өнөктөштүк биздин интеграциялык бирикме үчүн маанилүү артыкчылык болушу мүмкүн”. Атап айтканда, ЭСА жөнүндө макулдашуу түзүлгөн учурда Биримдик өлкөлөрүнүн товар айланымынын суммардык өсүшү кыска мөөнөттүү перспективада эле 20% түзүшү мүмкүн. Комиссиянын эксперттери Биримдик өлкөлөрүнөн Индияга товарлардын кеңири спектри боюнча экспорттун өсүшүнө ниеттенишет - айыл чарба продукциясынан баштап татаал машина куруу продукциясына чейин, мунай-химия өнүмдөрүнүн, транспорт каражаттарынын жана бир катар башка өнүмдөрдүн экспортуна.

Индиянын Премьер-министри бүгүнкү күндө соода жана экономика эл аралык мамилелерде өзөктүү ролду ойнойт. Буга байланыштуу Индиянын ЕАЭБ мамлекеттери сыяктуу салттуу өнөктөштөрү менен экономикалык байланыштарды тереңдетүү товар айланымынын өсүшүнө гана эмес, биздин өлкөлөрдүн ортосундагы мамилелердин, жана ошондой эле аймактагы туруктуулуктун бекемдешине өбөлгө түзөт.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар белгилегендей, ЭСА форматында кызматташтык үчүн мүмкүнчүлүктөргө талдоо жүргүзгөн эксперттер өз ара соодада сапаттуу жаңы деңгээлге өтүү үчүн резервдерди табышы керек.

Нарендра Моди Индия ЭСА жөнүндө макулдашууну даярдоодо бардык зарыл жардамды көрсөтүүгө даяр экендигин тастыктады. Индиялык тараптын пикири боюнча, дал азыркы учурда “жол картасын” түзүүгө жана экономикалык мейкиндикте өз ара аракеттешүү үчүн өсүш драйверлерин аныктоого мүмкүнчүлүктөр бар.

Азыр иштеп жаткан эксперттердин биргелешкен тобу сүйлөшүүлөрдү андан ары жүргүзүү үчүн бардык зарыл ыйгарым укуктарды алышат. Комиссия тараптан ишти ЕЭКтин соода боюнча Коллегия мүчөсү (министр) Вероника Никишина координациялайт. Индиялык тараптан - бул өлкөнүн өнөр жай жана соода боюнча мамлекеттик министри Нирмала Ситхараман.