Sign In
Петербург эл аралык экономикалык форумунун “Европалык жана евразиялык интеграция: айкалышуу маселелери” панелдик сессиясынын жыйынтыктары: европалык бизнес ЕАЭБ өлкөлөрүндөгү бизнес менен кызматташтыкты өнүктүрүүнү улантат

Петербург эл аралык экономикалык форумунун “Европалык жана евразиялык интеграция: айкалышуу маселелери” панелдик сессиясынын жыйынтыктары: европалык бизнес ЕАЭБ өлкөлөрүндөгү бизнес менен кызматташтыкты өнүктүрүүнү улантат

02.06.17

Европалык бизнес Европа жана Евразия экономикалык комиссияларынын ортосунда институционалдык өз ара иштешүүнүн жоктугуна карабастан, Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) өлкөлөрүндөгү өнөктөштөр менен кызматташтыкты кеңейтүүнү каалайт. Мындай корутундуларды 1-июнда Петербург экономикалык форумунун алкагында өткөн “Европалык жана евразиялык интеграция: айкалышуу маселелери” панелдик сессиясынын катышуучулары жасашты. 

Сессиянын модератору ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Тигран Саркисян болду. Анын өнөктөшү жана интерактивдик добуш берүүнүн уюштуруучусу ЕЭКтин интеграция жана макроэкономика боюнча Коллегия мүчөсү (министр) Татьяна Валовая болду. Иш-чаранын негизги темасы болуп Европа жана Евразия экономикалык биримдиктеринин ортосунда конструктивдүү диалогду колдоого жана өнүктүрүүгө мүмкүндүк берген форматтарды жана инструменттерди издөө тандалган.

Тигран Саркисян белгилеп өткөндөй, азыркы сессия өткөн жылдагы сессиянын тематикалык уландысы болуп саналат. Ал 2016-жылы аянтчада өткөрүлгөн интерактивдик добуш берүү Европа биримдигин ЕАЭБдин эң каалаган өнөктөшү катары көргөндөрдү көрсөткөнүн эскертип өттү, алар добуш бергендердин - 26% гана болгон. 

Быйылкы жылы катышуучулардын дээрлик жартысы - 41% ЕС менен диалогду өнүктүрүүгө добуш беришкен. Добуш бергендердин 70% европалык бизнес евразиялык бизнес менен кызматташтыкка даяр деп ишенишет.

Тигран Саркисян былтыр ЕАЭБти өнүктүрүүдөгү маанилүү баскычтын башталышына көңүл бурду - Кытай менен соода-экономикалык макулдашуу маселеси боюнча сүйлөшүүлөр башталган. “Бул тректи Биримдиктин соода жана экономикалык күн тартибиндеги эң маанилүү маселе жана ЕАЭБти жана Жибек жолунун экономикалык алкагын айкалыштыруунун өзөктүү элементи деп эсептөөгө болот.  Бизге тоскоолдуксуз чөйрө, рынокторго жеткилик, Кытай менен да, Европа менен да өз ара алгылыктуу стандарттар жана ченемдер керек”, - деп эсептеди Тигран Саркисян.  Ошондой эле ал ЕЭК жана Индия тарабынан эркин соодалашуу аймагы жөнүндө макулдашууну түзүү боюнча билдирүүгө кол коюлгандыгын анонстоду. 

“Жогорку экономика мектеби” Улуттук изилдөө университетинин Дүйнөлүк экономика жана дүйнөлүк саясат факультетинин деканы, Тышкы жана коргонуу саясаты боюнча кеңештин ардактуу өкүлү Сергей Караганов белгилеп өткөндөй, ЕАЭБ өлкөлөрү Чыгышка бурула башташты, анткени европалык бюрократия менен макулдашуу кыйын.  Анын пикири боюнча, бизнес-ассоциациялары Европа жана Евразия комиссияларына көрсөтө турган күн тартибин иштеп чыгышы керек. Спикер диалогду жөнгө салуу үчүн кыймылды төмөнтөн баштоо маанилүү, ошол эле учурда этият болуу зарыл деп эсептейт.

Alstom-дун Россиядагы президенти, Европалык бизнес ассоциациясынын (АЕВ) башкармалыгынын мүчөсү Филипп Пегорье өз сөзүндө белгилеп өткөндөй, ЕС жана ЕАЭБ ортосунда институционалдык диалог жоктугуна карабастан, европалык компаниялар Биримдиктин жалпы рыногунда иштешет жана анын артыкчылыктарын колдонуп келишет. Ишкердик кызматташтыкты өбөлгөлөө үчүн Филипп Пегорье транспорттук коридорлорду өнүктүрүүнү сунуштады. Ошондой эле ал ЕАЭБтин бардык өлкөлөрү Дүйнөлүк соода уюмуна кирүүсү тыгызыраак өз ара иштешүүгө өбөлгө болот деген пикирин айтып өттү. 

Анын ою боюнча, Германия жана Франция тараптан саясий импульс керек, балким жагдайга Франциянын жаңы президенти таасирин тийгизет.   

Тигран Саркисян европалык бизнес менен өз ара иштешүү боюнча өзүнүн жеке тажрыйбасын айтып берди. Анын айтымында, быйыл Германиянын эң ири эки бизнес-ассоциациялары тарабынан уюштурулган иш-чаралардын катышуучуларынын маанайы Европа жана Евразиянын ортосундагы кызматташтык бизнестин кызыкчылыктарына жооп бергендигин күбөлөндүрөт, ал эми Евразия комиссиясына ишеним жетишерлик жогору. 

“Евразияны тааныйбыз” Ассоциациясынын президенти, “Банк Интеза” АК директорлор кеңешинин төрагасы Антонио Фаллико өзүнүн 60 жылдыгын белгилеген Европа союзу бүгүнкү күндө жаңы чакырыктарга туш болууда деп эсептейт жана алардын көпчүлүгүнө азырынча анын жообу жок. Анын сөзү боюнча, ЕС өзүн интеграциялык моданын мыйзам чыгаруучусу деп эсептейт, бул анын адашууларынын бири. Антонио Фаллико Европа союзун жумушчу деңгээлде техникалык диалогду жөнгө салууга жана аны өнүктүрүүнүн үстүндө иштөөгө чакырды. “Европа бизнесинин өкүлдөрү диалог жана иш өзүнчө мамлекеттер менен эмес, дал ЕАЭБ менен, бул уюмдун алкагында гана жүргүзүлөрүн түшүнүшү керек, жана муну эске алуу керек”, - деди ал.   

ЕС жана ЕАЭБ ортосунда мамилелерди жөнгө салуунун варианттары жөнүндө айтууда ЕАЭБ Ишкер кеңешинин президенти Виктор Христенко дүйнө түп тамырынан өзгөрүлгөндүгүн баса белгиледи. Анын келечегин төрт маанилүү инфраструктура түзөт: транспорттук, маалыматтык, энергетикалык жана каржылык. “Алар чарбачылыктын келбетин аныкташат, - деп белгиледи ЕАЭБ Ишкер кеңешинин башчысы. - Ал эми “санарип” бардыгын өзгөртөт. Бул жагдайда интеграциянын ичинде жана алардын ортосунда процесстерди калыптандыруунун бир гана жолу бар, - бул төрт инфраструктураны унификациялоо жана санариптештирүү”.

Армения Республикасынын вице-премьер-министри, эл аралык экономикалык интеграция жана реформалар министри Ваче Габриелян белгилендей, Армения европалык жана евразиялык интеграциянын процесстерин бири-бирин толуктоочу катары көрөт, жана аларды салыштыруу менен кеңири масштабда, евразиянын бүтүндөй аймагында колдонула турган форматтарды түзүүгө умтулат. “Армения ЕС жана ЕАЭБ ортосундагы көпүрө аталууга талаптанбайт. Бул үчүн экономикалык мүмкүнчүлүктөр, масштабдын болушу жана көптөгөн башка нерселер керек. Ошону бирге, биздин тажрыйба көрсөткөндөй, ЕС жана ЕАЭБ кызматташтыгы перспективага ээ”, - деди Ваче Габриелян.

Eurasian Resources Group S.a.r.l. (ERG) директорлор кеңешинин төрагасы, бизнесмен гана эмес, философ Александр Машкевич, келечектеги кызматташтык үчүн күнүгө бир нерсе жасоо менен, диалогду бүгүнтөн башташ керек деп эсептейт.  “Стандарттарды айкалыштырууга умтулуу керек, биринчи кезекте өз өлкөбүздө бизнести жүргүзүү үчүн эң жакшы шарттарды түзүү менен. Дүйнөгө биз ачык экенибизди көрсөтөлү. Бардык багыттарда жана бардыгы менен кызматташтыкты күчөтүү керек. Менин оюмча, гармониялуу адам гана ийгиликтүү боло алат. Ушул эле нерсе мамлекетке да тиешелүү”, - деп белгиледи спикер. 

Европа жана Евразия биримдиктеринин кызматташтыгынын перспективаларын талкуулоого Thomas Vendome Investment президенти, Франциянын мурдагы Президенти Николя Саркозинин кеңешчиси Жан-Пьер Тома, Европалык бизнес ассоциациясынын (АЕБ) генералдык директору Франк Шауфф, ынтымактуу коңшулукту кеңейтүү маселелери жана саясаты боюнча экс-еврокомиссар Штефан Фюле катышышты.