Sign In
Тигран Саркисян: «Биз региондордун евразия интеграциясынын өнүгүшүн тездетүүгө умтулуусун колдойбуз»

Тигран Саркисян: «Биз региондордун евразия интеграциясынын өнүгүшүн тездетүүгө умтулуусун колдойбуз»

02.11.17

Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ)  өлкөлөрү ортосунда чек ара жанындагы жана регион аралык кызматтыштыкты күчөтүү  улам көбүрөөк деңгээлде  евразия интеграциясынын тренди болуп калууда. Бул тууралуу  2- ноябрда Оренбург областынын губернатору Юрий Берг менен «Оренбуржье – Евразия жүрөгү» эл аралык форумун ачуу менен Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын төрагасы Тигран Саркисян билдирди. ЕЭК Коллегиясыгыг төрагасы көбүнчө Казакстан менен Россия региондорунун ортосунда  300гө жакын келишим түзүлгөндүгүн эскертти.

«Ачык айкындуулук стратегиясына, ак ниет коңшу мамилесинен улам жана коперацияны түзүү менен Оренбург областы интеграциялык процесстердин жигердүү катышуучусу болуп калды»,- деди Тигран Саркисян.- Региондордун биздин жалпы ишке дем беришин биз колдойбуз. Биримдик өлкөлөрү ортосунда өз ара соода жүргүзүү өсүп жаткандыгын, ал эми чек ара жанындагы региондор чет өлкө инвесторлору үчүн кыйла ийкемдүүлүктү көрсөтүшүүдө».

Оренбург областынын губернатору Юрий Берг өз тарабынан жетинчи жолу өтүп жаткан форумдун иштөө мезгилинде «интеграциялык контексте өз ара иш жүргүзүү жана социалдык – экономикалык өнүгүү боюнча актуалдуу маселелер  талкуулана турган натыйжалуу эл аралык аянтчада өз статусун бир нече жолу тастыктаган». Юрий Берг Евразия экономикалык комиссиясынын жетекчилигине экинчи жыл катары менен иш чарага колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди. Ал бул «иш темасынын  спектрин олуттуу кеңейтүүгө жардам берет» деп билдирди.
 
ЕЭК Коллегиясынын төрагасынын сөзү боюнча ЕАЭБ өлкөлөрүндө улуттар үстүндөгү укук кыйла юрисдикциянын түзүлүшүнө жана ар башка тармактарда жөнгө салынышына өбөлгө түзөт. Биримдик өлкөлөрүнүн жарандарында  мүчө мамлекеттин кайсынысында болбосун, квотасыз жана уруксатсыз эркин жашоо, окуу жана иштөө, акысыз медициналык жардам алуу мүмкүнчүлүгү пайда болду.

Регион аралык мамилелелрдин натыйжалуугун камсыз кылган, чечүүчү факторлордун бири болуп, транспорттук – инфратруктуралык интеграция болуп саналат. Биримдикте макулдашылган  транспорттук саясат ишке ашырылууда, «жол картасы»2018-2020-жылдары  өкмөт башчыларынын акыркы отрумунун жүрүшүндө кабыл алынган .

ЕАЭБнын стратегиялык милдеттеринин бири – Биримдиктин  санарип күн тартибин ишке ашыруу, аны мүчө мамлекеттердин президенттерин 11-октябрда Сочиде бекитишкен. Евразия экономикалык комиссиясы санарип интеграциялык долбоорлорду тандайт  жана алар боюнча кийинки иштерге катышат.
«Биз экономиканын реалдуу секторунда биргелешкен компанияларды түзүү боюнча ишти активдештирүүгө ниеттенүүдөбүз, алар  евразия брендин жаратып жана жылдыра алышат,- деп баса белгиледи Тиран Саркисян.- Биз Биримдик өлкөлөрүнүн  региондору биргелешкен долбоорлорду баштоонун жана интеграциянын бардык стратегиялык милдеттерин жылдыруу боюнча күч болооуна ишенебиз”.

Жыйынтыгында ЕЭК Коллегиясынын төрагасы эки тараптуу мамиленин интенсивдүүлүгүн күчөтүүгө жана тереңдетүүгө гана чакырбастан, евразия экономикалык биримдигинин, анын ичинде жалпы чек арага ээ болбогон өлкөлөрдүн региондору ортосунда ар тараптуу диалогду да күчөтүүгө чакырды.

Оренбургаа визитинин алкагында Тигран  Саркисян Оренбург мамлекеттик университетинин студенттерине лекция окуду. Ал евразия интеграциясынын мааниси жана максаттары жөнүндө, анын катышуучу өлкөлөрдүн экономикасына таасири, ЕАЭБ үчүнчү өлкөлөр менен соода байланыштарын кантип  түзөөрү тууралуу айтып берди жана Биримдиктин санарип күн тартибин өнүктүрүү зарылчылыгын билдирди.

Мындан тышкары, ЕЭК Коллегиясынын төрагасы ЕАЭБ өлкөлөрүнүн региондорунун башчылары, анын ичинде Казакстан Республикасынын Батыш – Казакстан областы  менен биргеликте Оренбург областынын өз товарларын ЕАЭБнын башка мамлекеттерине сунуштоолорун жолго салышкан бир катар ишканаларына барышкан.

Маалымат

«Оренбуржье – Евразия жүрөгү» эл аралык форуму евразия мейкиндигинде экономикалык, маалыматтык жана маданий байланыштарды түзүү маселелерин талкуулоо үчүн негизги аянтча болуп саналат.

Форумдун күн тартибининин негизги темасы болуп, ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жашоо турмушун камсыз кылуунун бирдиктүү шарттарын түзүү, санарип экономикада жаңы технологияларды коммерциялаштыруу стретагияларын жана жаңы ыкмаларын иштеп чыгуу  болуп калган.

Форумга 3000 ден ашык  делегат – евразия экономикалык биримдигинин мамлекеттеринин, анын ичинде Беларусия, Казакстан, Россия жана башка өлкөлөрдүн  бизнесинин, мамлекеттик бийлик органдарынын жана маданияттын өкүлдөрү катышышты.