Sign In
ЕЭК товарлардын жүгүрүүсүнө мамлекеттик контроль органдарынын өз ара аракеттенүүсүн жакшыртууну сунуштайт

ЕЭК товарлардын жүгүрүүсүнө мамлекеттик контроль органдарынын өз ара аракеттенүүсүн жакшыртууну сунуштайт

20.06.18

Бажы кызматташтыгынын, ички рынокту техникалык жөнгө салуунун жана анын иштешинин маселелери 19-июнда Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын отурумунда талкууланды. Мамлекеттик контроль органдарынын өз ара аракеттенүүсү боюнча Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) өлкөлөрүнө сунуштама кабыл алынып, товарлардын бажылык наркын кийинкиге калтырылган аныктоонун тартиби бекитилди.

ЕЭК Коллегиясы ЕАЭБтин техникалык регламенттеринин талаптарын сактоо боюнча иш-чараларды өткөрүүдө Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнүн мамлекеттик контроль (көзөмөл) органдарынын өз ара аракеттенүүсүнүн тартибин кабыл алды. Мүчө мамлекеттерге ал жарыяланган датадан тартып бул документти жетекчиликке алуу сунушталды.

ЕАЭБтин техникалык регламентинин кандайдыр бир бузуусун тапкан Бирлик өлкөлөрүнүн биринин контроль органына Бирликтин башка өлкөлөрүнүн мамлекеттик контроль органдарына жана Комиссияга бузуу жана чектөө чараларын кабыл алуу жөнүндө кабарламаны жети күндүк мөөнөттө жиберүү сунуш кылынат. Кабарлама техникалык регламенттин ченемдерине ылайык келбеген товарды тапкан мамлекеттик контроль (көзөмөл) органынын аталышын; табуу датасын; аларда мындай продукция табылган юридикалык жактын же жеке ишкердин фамилиясын, атын, атасынын атын; бир катар башка маалыматтарды камтыйт.

Маалыматты алган ыйгарым укуктуу органдар өз өлкөлөрүндө кабарламада көрсөтүлгөн кооптуу  товарлар жүгүртүлгөн мүмкүн болуучу учурларды текшерет. Текшерүүлөрдүн натыйжалары жана көрүлгөн чаралар жөнүндө алар кабарлама жиберген мамлекеттик контроль органына билдирет.

ЕЭКтин сунуштамаларын даярдоодо тараптардын өкүлдөрү анын натыйжаларына карата өз ара ишенимди камсыз кылуу жана кооптуу продукцияга Бирликтин бирдиктүү рыногуна жол бербөө үчүн мамлекеттик контроль чөйрөсүндө андан аркы өз ара аракеттенүүгө даяр экендигин билдирди. 

Документ бул жааттагы мүчө мамлекеттердин мыйзамдарын шайкеш келтирүү үчүн ЕАЭБтин техникалык регламенттеринин талаптарынын сакталышына мамлекеттик контролду (көзөмөлдү) жүзөгө ашыруунун принциптери жана мамилелери жөнүндө макулдашуунун айрым жоболорун ишке ашырууга жардам берет. Сунуштама Мүчө мамлекеттердин мамлекеттик контроль органдарынын өз ара аракеттенүүсүнүн тартибин колдонууга карата милдеттүү иштеп чыгуулардын негизи болуп калып, аны макулдашуу күчүнө киргенден кийин ЕЭК Кеңешинин чечими менен бекитүү пландаштырылууда. 

ЕЭК Коллегиясы Бирликтин жаңы Бажы кодекси (ЕАЭБ БК) үчүн кайра иштелип чыккан товарлардын бажылык наркын кийинкиге калтырылган аныктоонун тартибин бекитти.

Эгерде бажылык декларациялоонун учуруна товарлардын бажылык наркынын чоңдугу объективдүү себептер боюнча белгисиз болсо, тышкы экономикалык ишмердиктин (ТЭИ) катышуучулары товарлардын так бажылык наркын аныктоо боюнча мөөнөттү 15 айлык кийинкиге калтыруудан пайдаланышы мүмкүн.

Алсак, ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ишкерлери бажылык декларациялоонун учуруна интеллектуалдык менчиктин объекттерин пайдалангандыгы үчүн лицензиялык так сумма жана башка буга окшогон төлөмдөр болбогон учурда товарлардын так бажылык наркын аныктоону токтото турушу мүмкүн. Ал патенттер, товардык белгилер, автордук укуктар үчүн төлөмдөр ж.у.с. болушу мүмкүн. Бул декларациялоонун убагында сатуучуга түздөн-түз же кыйыр тиешелүү болгон кийинки сатуулардан же алып келинген товарларды пайдалануудан кирешенин бир бөлүгүнүн так суммасы түшүнүксүз болгон учурларга да тиешелүү. Жөнөкөйлөтүү алардын баасы биржалык баа белгилөөлөргө көз каранды болгон жана декларациялоонун учурунда белгисиз болгон товарларга да жайылтылат. 

ЕЭКтин чечиминде жөнөкөйлөтүүнү колдонуунун колдонулуп жаткан тартиби сакталып калат – бажылык декларациялоонун учуруна ТЭИнин катышуучусуна болжолдонгон маалыматтардын негизинде алдын ала бажылык наркты, ал эми 15 айдын ичинде бажылык нарктын так чоңдугун аныктоо жана бажылык декларацияга өзгөртүүлөрдү киргизүү зарыл. Мында, мурда белгиленгендей, эгерде бажылык нарктын так чоңдугу алдын аладан жогору болсо, бажы төлөмдөрүн туумдарды албастан кошуп төлөөгө мүмкүн болот. 

Так бажылык наркты аныктоо боюнча мөөнөттү кийинкиге калтырууну колдонуу декларация берүүчүлөргө товарлардын бажылык наркын бүтүмдүн наркынын негизинде аныктоого жана ырастоого кошумча каржылык чыгымдарга алып келүүчү башка «баа аныктоочу ыкмаларга» өтпөөгө мүмкүнчүлүк берет. Товарлардын бажылык наркын кийинкиге калтырылган аныктоо мүмкүнчүлүгү ЕАЭБтин ишкерлеринде алгачкы жолу 2016-жылы пайда болгон.