Sign In
Мүчө мамлекеттердин экономика министрликтеринин жетекчилери тышкы чакырыктарга жооп берүү үчүн кызматташтыктын натыйжалуу механизмдерин иштеп чыгууну макулдашышты

Мүчө мамлекеттердин экономика министрликтеринин жетекчилери тышкы чакырыктарга жооп берүү үчүн кызматташтыктын натыйжалуу механизмдерин иштеп чыгууну макулдашышты

20.08.19

Мүчө мамлекеттердин экономика министрликтеринин жетекчилери Кыргыз Республикасынын Сары-Ой айылында Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) өкүлдөрүнүн катышуусунда Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) учурдагы макроэкономикалык жагдайын тышкы чакырыктар контекстинде талкуулашты.

Соодадагы чектөөлөрдүн мүчө мамлекеттердеги макроэкономикалык жагдайга жана интеграциялык процесстерге таасири, ошондой эле Евразия экономикалык интеграциясынын 2025-жылга чейинки өнүгүүсүнүн стратегиялык багыттарын аныктаган документти даярдоо маселелери иш-чаранын катышуучуларынын кө
ңүл борборунда болду.


Кыргыз Республикасынын экономика министри Санжар Муканбетов отурумду ачып жатып, мындай форматта жолугушуу жана кызматташтыктын көйгөйлүү аспектилери жана экономикалык саясатты ишке ашыруу боюнча пикир алмашуу зарылчылыгынын мурда эле кези келгендигин белгилеп өттү.

ЕАЭБ өлкөлөрүнүн улуттук экономикаларына жана Бирликтин макроэкономикалык туруктуулугуна тике же кыйыр таасир тийгизген негизги чакырыктар аталды. Атап айтканда, алар – дүйнөлүк экономиканын басаңдашы, чийки зат товарларына баалардын төмөндөшү, соода жана экономикалык каршылыктардын эскалацияланышына байланыштуу тобокелдиктер.

Кеңешменин катышуучулары болжолдоолорду даярдоодо жана саясаттын чараларын иштеп чыгууда тышкы шарттардын начарлашын, ошондой эле экономикалык башкаруу механизмдеринин мыктыланышын эске алуу зарылдыгын белгилешти.

Алар тарифтик эмес тоскоолдуктарды жана өз ара соодадагы тоскоолдуктарды азайтуу боюнча ишти улантуунун маанилүүлүгүн белгилешти жана 2018-жылдын 6-декабрында мүчө мамлекеттердин башчылары тарабынан кол коюлган, Интеграциялык процесстерди өнүктүрүү жөнүндө декларациянын негизги жоболорун ишке ашыруу максатында кызматташтыктын натыйжалуу механизмдерин иштеп чыгуу зарылчылыгы тууралуу пикирге келишти. Экспортту тышкы рынокторго илгерилетүү стратегиясын иштеп чыгуу, соода агымдарын диверсификациялоо үчүн үчүнчү өлкөлөр менен өз ара аракеттенүүнү кеңейтүүнү улантуу сунушталды, ал эми бул тышкы соодага өбөлгө түзмөкчү. 

Кеңешменин жыйынтыктары боюнча Бирликтин өлкөлөрүнүн макроэкономикалык саясаты жаатындагы актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашууну улантуу жөнүндө чечим кабыл алынды, анын ичинде мүчө мамлекеттердин экономика министрликтеринин жетекчилеринин жана Комиссия өкүлдөрүнүн үзгүлтүксүз негиздеги жолугушуулары форматында.​