Sign In
«Евразиялык санариптик платформалар» конкурсунун жарым финалы Армения Республикасында «АРМЕНИЯ EXPO» көргөзмө форумунун алкагында болуп өтмөкчү

«Евразиялык санариптик платформалар» конкурсунун жарым финалы Армения Республикасында «АРМЕНИЯ EXPO» көргөзмө форумунун алкагында болуп өтмөкчү

20.08.19

«Евразиялык санариптик платформалар» Эл аралык инновациялык долбоорлор конкурсунун жарым финалы 13-сентябрда Армения Республикасында «АРМЕНИЯ EXPO» универсалдуу регионалдык соода-өнөр жай көргөзмө форумунун алкагында өткөрүлмөкчү (Ереван ш., А. Акопян көч., 3-үй, «Ереван EXPO» көргөзмө комплекси).

Жарым финалга чыккан долбоорлордун презентациялары конкурстун жюри мүчөлөрүнө саат 10:30дан 13:00гө чейин көрсөтүлмөкчү, ал эми сыйлоо аземин камтыган салтанаттуу бөлүгү саат 14:00дө башталат.

«АРМЕНИЯ EXPO» универсалдуу регионалдык соода-өнөр жай көргөзмө форуму Армениянын Өкмөтүнүн колдоосу менен өткөрүлүүдө. Анын негизги максаты – Армениянын жана башка өлкөлөрдүн өнөр жайчыларынын жана ишкерлеринин ортосунда ишкердик байланыштарды орнотуу. Форум он биринчи жолу өткөрүлүп жатат.

​«Евразиялык санариптик платформалар» Эл аралык инновациялык долбоорлор конкурсу – Евразия экономикалык комиссиясы 2018-жылдан бери ийгиликтүү ишке ашырып келе жаткан мамлекеттер аралык долбоор.

Конкурстун максаты – Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) мүчө мамлекеттеринде Бирликтин санариптик күн тартибине олуттуу салым кошууга жөндөмдүү компанияларды жана долбоорлорду аныктоо.

Конкурс Бирликтин өлкөлөрүнүн экономикаларынын санариптик трансформациясы жаатындагы экспертиза жана маалымат алмашуу үчүн туруктуу негизде аракеттенген эл аралык аянтча болууга багытталган.

Конкурстун жарым финалдары бардык беш мүчө мамлекетте өткөрүлөт. Ар бир жарым финалдан үчтөн жеңүүчү (баары болуп 15 инновациялык долбоор) конкурстун үстүбүздөгү жылдын сентябрь айында Бишкекте (Кыргыз Республикасы) «Евразия жумалыгы – 2019» форумунда болуп өтүүчү финалына жөнөшөт. Конкурстун Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар боюнча мүчөсү (министр) Карине Минасяндын төрагалыгы астындагы жюриси конкурстун үч жеңүүчүсүн тандайт, ал эми дагы эки долбоорго «ЕЭК сүймөнчүктөрү» категориясында жеңиш ыйгарылат.

Бардык кызыкдар жактар конкурс жөнүндө толугураак маалыматты бул жерден ала алышат.