Sign In
ЕАЭБдин дары-дармек рыногу чет өлкөлүк фармацевтика өндүрүүчүлөрү үчүн ачык

ЕАЭБдин дары-дармек рыногу чет өлкөлүк фармацевтика өндүрүүчүлөрү үчүн ачык

20.09.18
Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) рыногуна ЕАЭБ мамлекеттеринин улуттук жол-жоболору боюнча катталган чет өлкөлүк дары-дармек препараттарынын жеткиликтүүлүгүнүн перспективаларын Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын техникалык жөнгө салуу боюнча мүчөсү (министр) Виктор Назаренко менен Куба Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басары, доктор Марсия Кобас Руис 18-сентябрда ЕЭК аянтчасында талкуулашты.
Жолугуушууну ачып жатып, Виктор Назаренко баса белгилеп кетти: «Дары- дармек каражаттарын жүгүртүү жаатында да, саламаттыкты сактоо тармагында өз ара аракеттенүү жана медициналык жардамды уюштуруу боюнча да Кубанын Бирликтин бардык мамлекеттери менен эчактан бери эле байланышы бар. Ал Кариб бассейнинин өлкөлөрүнүн арасында алдыңкы позициялардын бирин ээлеп, вакциналардын жана биологиялык дары-дармек препараттарынын ири фармацевтикалык өндүрүүчүсү болуп саналат».

ЕАЭБ мыйзамдарын эске алуу менен, Куба Республкасынын препараттарын кошо алганда, улуттук жол-жоболор боюнча катталган чет өлкөлүк дары-дармектердин бирлик рыногунда жүгүртүлүшүн сактоо үч башкы шарт сакталганганда гана мүмкүн экендиги белгиленген. Биринчиден, чет өлкөлүк өндүрүүчү дары-дармек препаратынын каттоо досьесинин документациясын жалпы техникалык документ форматында тариздөөгө тийиш. Экинчиден, каттоо досьесине 2016-жылдын 1-январына чейин ICH'ке мүчө мамлекеттерде аткарылган клиникалык изилдөөлөрдүн жыйынтыктарын киргизүү керек.
Ушул күндөн кийин жүргүзүлгөн клиникалык изилдөөлөр үчүн жок дегенде изилдөөлөрдүн бирөө толугу менен же жарым-жартылай Бирликтин аймагында аткарылууга тийиш. Үчүнчүдөн, даярдоочу 2020-жылдын 31-декабрына чейин Бирлик мамлекеттеринин GMP улуттук эрежелерине ылайыктыгына же кийин - ЕАЭБ GMPсине чет өлкөлүк өндүрүш аянтчалары тарабынан инспекциялоо өткөндүгү тууралуу документти бериши керек. Дары-дармек препараттарынын каттоо досьесин чет өлкөлүк өндүрүүчүлөр 2025-жылдын аягына чейин бирлик мыйзамдарынын талаптарына ылайык келтириши кажет.
ЕЭК министри дары-дармек препараттарын каттоодо проблемаларга тушугуп жаткан Бирлик өлкөлөрүнүн дары-дармек өндүрүүчүлөрүнүн Куба Республикасынын фармацевтикалык рыногуна кирүү мүмкүндүгү жана кийин аларды MediCuba компаниясынын импорттоочуларынын тизмесине киргизүү маселесин көтөрүп чыкты, бул дары-дармектерди Куба рыногуна чыгаруунун башкы шарттарынын бири болуп саналат. Марсия Кобас Руис ЕАЭБ өлкөлөрүнүн даярдоочуларына зарыл колдоо көрсөтүүгө, ошондой эле Куба Республикасы менен ЕЭКтин ортосунда дары-дармек каражаттарын жүгүртүү жаатында меморандум түзүүнүн максатка ылайыктуулугу тууралуу маселени иштеп чыгууга даяр экендиктерин билдирди.