Sign In
ЕЭКтин Техникалык жөнгө салуу жана аккредитация департаментинин директору Василий Бойцов: "Биримдиктин техникалык регламенттерин кабыл алуунун маанилүү максаты - энергетикалык натыйжалуулукту жана ресурстарды сактоону камсыздоо"

ЕЭКтин Техникалык жөнгө салуу жана аккредитация департаментинин директору Василий Бойцов: "Биримдиктин техникалык регламенттерин кабыл алуунун маанилүү максаты - энергетикалык натыйжалуулукту жана ресурстарды сактоону камсыздоо"

20.11.15

20-ноябрда Москвада ЕЭКтин Техникалык жөнгө салуу жана аккредитация департаментинин директору Василий Бойцов ENES-2015 Энергияны сактоо жана энергиялык натыйжалуулук боюнча эл аралык форумунда ЕАЭБде бирдиктүү милдеттүү талаптардын даярдалышы жана энергетикалык натыйжалуулук жөнүндө айтып берди. Ошондой эле ал төмөнкү үч эл аралык келишимдин үстүндө жүргүзүлүп жаткан иштер туурасында билдирди: Биримдиктин өлкөлөрүндө мамлекеттик текшерүү (көзөмөл) чөйрөсүндөгү мыйзамдарды шайкештөө маселелери; бирдиктүү техникалык регламент колдонулбаган продукциялардын коопсуздугун жана ЕАЭБде алардын айланымын камсыздоо; үчүнчү өлкөлөр менен өз ара соода жүргүзүүдө техникалык бөгөттөрдү жоюунун тартиби жана шарттары боюнча.

Техникалык регламенттерди кабыл алуунун максаттарынын бири - энергетикалык натыйжалуулукту жана ресурстарды сактоону камсыздоо экенин белгилеп, Василий Бойцов Комиссия Тараптар менен бирдикте, энергияны керектөөчү электр түзүмдөрүнүн энергиялык натыйжалуулугуна бирдиктүү талаптарды бекиткен, мындан тышкары, мындай приборлордун энергиялык натыйжалуулугу жөнүндө керектөөчүлөрдү маалымдаган бир катар документтерди даярдап жатканын баса белгиледи. Алар алдыңкы эл аралык стандарттардын негизинде иштелип чыгарылып жана европалык директивалар менен шайкештелген.

Форумдун алкагында болгон панелдик дискуссиянын жүрүшүндө, Василий Бойцов тиричилик техникаларын жана имараттардын инженердик жабдууларын энергетикалык натыйжалуулук параметрлери боюнча текшерүү үчүн көз карандысыз лабораториялардын тармагын Россияда түзүү маселесин талкуулоого катышты. Дискуссияга Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Аппаратынын, федералдык министрликтердин, бизнестин жана Россиянын коомдук уюмдарынын өкүлдөрү катышышты.

Иш чаранын катышуучулары белгилегендей, ЕАЭБ өлкөлөрү үчүн бирдиктүү талаптарды бекитүү маселеси ЕЭК деңгээлине өткөрүлүп берилген. Ошол эле учурда, күчүнө кирген бирдиктүү техрегламенттерди колдонуунун тажрыйбасынан улам, бекитилген милдеттүү талаптардын натыйжалуулугуна аларды үзгүлтүксүз аткаруу жолу менен гана жетишүү мүмкүн экени айкын болду. Анын ичинде, тастыктоо жана сыноочу лабораториялар боюнча компетенттүү жана көзкарандысыз органдарды түзүү, мамлекеттик көзөмөлдүн натыйжалуу системасын түзүү жаатында да.

Панелдик дискуссиянын маанилүү жыйынтыктарынын бири, Биримдиктин рыногунда жүгүртүлгөн продукциянын энергетикалык натыйжалуулугуна заманбап талаптарды ЕАЭБ деңгээлинде жакынкы убакытта кабыл алуу жана ЕАЭБ мамлекеттеринде аларды жүзөгө ашыруу зарылчылыгын түшүнүү болду.