Sign In
Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин отуруму

Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин отуруму

15.07.20

17-июлда Минскте Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги отуруму болуп өтмөкчү. 

Отурумдун күн тартиби евразиялык интеграциянын соода, ички рыноктордун иши, атаандаштык, өнөр жай, техникалык жөнгө салуу чөйрөлөрүндөгү маселелеринин жана башка маселелердин кеңири спектрин камтыйт. 

Саммитте Товарларды маркалоо жөнүндө макулдашууну ишке ашыруунун жүрүшү жана Евразия экономикалык бирлигинде маркалоо тутумун андан ары өнүктүрүү каралмакчы. Ошондой эле, күн тартибинде – Бирликтин өлкөлөрүндө COVID-19 коронавирустук инфекциясынын жана башка инфекциялык оорулардын таралышынын алдын алуу боюнча саламаттыкты сактоо жана калктын санитардык-эпидемиологиялык саламаттыгы жаатындагы иш-чаралардын комплекстүү планы. 

ЕАЭБ өлкөлөрүнүн Жерди алыстан байкоонун негизинде космостук жана геомаалыматтык кызматтарды көрсөтүү жаатындагы кызматташтыгы боюнча мамлекеттер аралык программанын долбоорун талкуулоо каралган. 

ЕАЭБдин агроиндустриясын өнүктүрүү картасын жана Бирликтин индустриалдаштыруу картасын кароо пландаштырылууда. Эки долбоор тең ишке ашырылып жаткан ири долбоорлор жөнүндө маалыматтардын жыйнагын караштырат. Бул Бирлик боюнча өнөктөштөргө улуттук өнүктүрүү пландарын жана инвестициялык программаларды түзүүдө өндүрүштөрдүн кайталанышын болтурбоого, өнүгүү тенденцияларын эске алууга, бири-биринин компетенцияларын натыйжалуу пайдаланууга мүмкүндүк берет.​