Sign In
ЕАЭБ чек ара аралык интернет-соода операторурунун институтун түзүүнү талкуулоодо

ЕАЭБ чек ара аралык интернет-соода операторурунун институтун түзүүнү талкуулоодо

16.07.20
Чек ара аралык электрондук соода боюнча жогорку деңгээлдеги жумушчу топ өзүнүн биринчи отурумунда оператордун институтун пайдалануу менен товарларды жеткирүүнү тездетүү жана аларды жол-жоболоштурууну жеңилдетүү үчүн мүмкүнчүлүктөрдү карап чыкты. Иш-чаранын аклагында тышкы сооданын бул сегментин тутумдук жөнгө салууну түзүүгө багытталган маселелердин кеңири спектри талкууланды. Мындай мамилеге себеп учурда ЕАЭБде жаңы рынок толугу менен калыптанып, ал эми жалпысынан сооданын "салттуу" форматына багытталган учурдагы укуктук жөнгө салуу анын өзгөчөлүктөрүн жетишсиз эске алгандыгында.

Эксперттердин баалоолору боюнча, 2019-жылда чет элдик интернет-аянтчаларда сатып алынган товарлардын ЕАЭБге импорту $8,8 млрд түзүп, анын 90 % Россия Федерациясына туура келген. COVID-2019 пандемиясынан улам керектөөчүлөрдүн суроо-талаптарынын "онлайнда" кайра бөлүштүрүлүшүн эске алуу менен, 2020-жылда чек ара аралык электрондук сооданын 6-10%га өсүшү болжолдонууда.

Отурумдун катышуучулары бажылык жөнгө салууну өнүктүрүүгө байланыштуу темалардын кеңири тизмегин, анын ичинде товарлардын жаңы категориясын аныктоо, бажы декларацияларынын жаңы түрүн жана электрондук соода операторунун институтун киргизүү мүмкүнчүлүгүн талуулашты.

"Бул тез жана ыңгайлуу болушу үчүн, керектүү төлөмдөрдүн төлөнүшү жана техникалык жөнгө салуу маселелеринин аткарылышы боюнча кепилдиктер болушу үчүн – интернет-сооданы оператордун институту аркылуу ишке ашыруу үчүн коридорду түзүү зарыл. Оператор керектөөчүгө жол-жоболоштуруу боюнча ыңгайлуу кызматты көрсөтүү менен, бардык эрежелердин жана чектөөлөрдүн аткарылышын камсыз кылгандай ачык жана так өз ара аракеттенүү керек", – деп Евразия экономикалык комиссиясынын соода боюнча министри Андрей Слепнёв белгиледи.

Техникалык жөнгө салуу чараларын аткаруу маселелерине өзгөчө көңүл бөлүндү. Учурда чек ара аралык электрондук сооданын алкагында ЕАЭБге келип түшүп жаткан товарлардын техникалык регламенттерге шайкештиги жөнүндө талап каралган эмес. ЕАЭБдин керектөөчүлөрүн коопсуз продукция менен камсыз кылуу жана Бирликтин өндүрүүчүлөрү жана ак ниет импорттоочулар үчүн атаандаштык шарттарын бирдей кылуу максатында салттуу "оффлайн" соодада жана электрондук соодада товарларды сатып өткөрүү шарттарын акырындык менен теңдөө жөнүндө сунуш айтылды.

Тараптар чет элдик интернет-аянтчалардын товарларын ЕАЭБдин аймагында сактоо жана андан ары аяккы керектөөчүгө сатуу максатында бажы кампаларын пайдалануу идеясын кызыктуу деп табышты. Продукцияны алдын ала алып келүү мүмкүнчүлүгү менен B2B2C схемасын киргизүү Бирликтин мүчө мамлекеттеринен товарларды сатып алуучуларга жеткирүүнү кошумча тездетүүгө өбөлгө түзмөк.​

Маалымат

Жогорку деңгээлдеги жумушчу топ Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин 2020-жылдын 10-апрелиндеги № 9 тапшырмасын аткаруунун алкагында ЕЭК Коллегиясынын 2020-жылдын 26-майындагы № 66 тескемеси менен түзүлгөн. Жогорку деңгээлдеги жумушчу топтун Төрагасы – ЕЭКтин соода боюнча министри Андрей Слепнёв. Жумушчу топко Комиссиянын жана Бирликтин бир катар профилдик министрликтеринин жана ведомстволорунун өкүлдөрү кирет.​