Sign In
ЕЭК делегациясы Минсктеги Жогорку технологиялар паркынын иши менен таанышты

ЕЭК делегациясы Минсктеги Жогорку технологиялар паркынын иши менен таанышты

16.07.20

16-июлда Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы Михаил Мясникович жана ЕЭК министрлери Гегам Варданян, Серик Жумангарин, Артак Камалян, Виктор Назаренко жана Олег Панкратов Минсктеги Жогорку технологиялар паркынын (ЖТП) Бизнес-инкубаторуна барышты.

Комиссиянын өкүлдөрү ЖТПнын ишинин өзгөчөлүктөрү менен таанышышты жана бул долбоордун ишке ашырылышына кызыкдарлыгын билдиришти. Атап айтканда, IT-адистерди даярдоо, стартаптарды баштоо, бул чөйрөнү өнүктүрүүдөгү мамлекеттин ролу сыяктуу маселелер көтөрүлдү.

Михаил Мясникович баса белгилеп өткөндөй, Жогорку технологиялар паркын түзүүнүн аркасында чет өлкөгө кетип жаткан IT-адистердин саны кескин кыскарган. Мындан сырткары, эми жогорку квалификациялуу кадрлар Беларуска иштегени келишүүдө.

Олег Панкратов өз кезегинде Кыргыз Республикасында мындай парк ийгиликтүү иштеп келе жаткандыгын белгиледи. Аны түзүүдө Беларустун тажрыйбасы негиз катары алынган.

ЖТПнын негизги артыкчылыгы Беларусь Республикасынын бүткүл аймагында аракеттенген өзгөчө укуктук режимдин болушунда.

Резидент компаниялар салык жеңилдиктерин алышат, ошондой эле эмгек акысына минималдуу салыктар алынат. ЖТП 2005-жылдан бери иштеп келет, бүгүнкү күндө 800дөн ашуун компаниялар анын резиденттери болуп саналат. Өндүрүлгөн программалык камсыздоонун 90 пайыздан ашык бөлүгү экспортко кетет.​