Sign In
ЕАЭБде интеграцияны өнүктүрүүнүн стратегиясы аягына чыгара иштелүүдө

ЕАЭБде интеграцияны өнүктүрүүнүн стратегиясы аягына чыгара иштелүүдө

20.07.20
20-июлда Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин отурумунда евразиялык экономикалык интеграцияны өнүктүрүүнүн 2025-жылга чейинки Стратегиялык багыттарынын кем жерлерин иштеп чыгуу маселеси каралды. 

Буга чейин Евразия экономикалык бирлигинин мамлекет башчылары документтин долбоорун жалпысынан жактырышкан жана катышуучу өлкөлөрдүн өкмөттөрүнө документтин кем жерлерин Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин кийинки отурумуна чейин иштеп чыгууну тапшырган. 

ЕЭК Кеңешинин мүчөлөрү мамлекет башчылары тарабынан белгиленген маселелерге басым жасашты жана компромисстик формулировкаларды талкуулашты. ЕЭКтин интеграция жана макроэкономика боюнча министри Сергей Глазьев билдиргендей, Комиссия алар боюнча келишпестиктер бар болгон жоболорду ишке ашыруу боюнча чаралардын планын даярдоого киришти. 

Стратегиялык багыттар жалпы (концептуалдык) жоболордон жана 11 тутумдук блокторго топтолгон жана Евразия экономикалык бирлигинин алкагында интеграциялык процесстерди андан ары өнүктүрүү жөнүндө декларациянын жоболорун ачып көрсөткөн 330 чара жана механизмдерден турат.​