Sign In
ЕЭК 2019-жыл үчүн иштин жыйынтыктарын көрсөттү

ЕЭК 2019-жыл үчүн иштин жыйынтыктарын көрсөттү

21.07.20
Евразия экономикалык комиссиясы 2019-жылдагы иш жөнүндө ар жылдык отчётту жарыялады. 

Отчёттун негизги идеясы "ЕАЭБ. Элге жакыныраак" ураанында чагылдырылган. Өзүнүн 5 жылдык ишинде Бирлик жарандар үчүн жакыныраак жана түшүнүктүүрөөк болуп калды. Алсак, жылдын эң маанилүү жыйынтыктарынын арасында – Эмгекчилерди пенсиялык камсыздоо жөнүндө макулдашууга кол коюу, "Чексиз жумуш" бир түргө келтирилген издөө тутуму" долбоорун баштоо, ЕАЭБдин жалпы каржы рыногун түзүүнүн концепциясын бекитүү, жалпы электроэнергия рыногун түзүү жөнүндө эл аралык келишимге кол коюу. 

Мындан сырткары, 2019-жылда Сингапур жана Сербия менен эркин соода жөнүндө макулдашууларга, Кытай менен бажылык маалыматтар менен алмашуу жөнүндө макулдашууга кол коюлду, Иран менен эркин соода аймагын түзүүгө алып барган убактылуу макулдашуу күчүнө кирди.

Ошондой эле, отчётко Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин беш жылдыгына байланыштуу иш-чаралар жөнүндө маалыматтар жана ЕАЭБдин 2019-жылдагы өнүгүүсүнүн статистикасы кирди. 

Ар жылдык отчёт протокол жана уюштуруучулук камсыздоо департаменти тарабынан Комиссиянын блоктору менен биргеликте иштелип чыкты.

Видеопрезентацияны бул жерден көрүүгө болот.​