Sign In
Артак Камалян: "Биз айыл чарба техникасын өндүрүүчүлөрдүн ЕАЭБдин рыногуна жетүүсү үчүн бирдей шарттарды камсыз кылууга умтулабыз"

Артак Камалян: "Биз айыл чарба техникасын өндүрүүчүлөрдүн ЕАЭБдин рыногуна жетүүсү үчүн бирдей шарттарды камсыз кылууга умтулабыз"

06.08.20
Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси боюнча мүчөсү (министр) Артак Камалян Евразия экономикалык бирлигинде комбайндарды өндүрүү боюнча эң ири ишкана болуп саналган "Ростсельмашка" сапарынын жүрүшүндө билдирди.


Заводдо өткөрүлгөн жумушчу кеңешменин алкагында айыл чарба техникасынын улуттук өндүрүүчүлөрү үчүн ЕАЭБдин рыногуна жетүүнүн бирдей шарттарын камсыз кылуу маселелери талкууланды.

Министр жолугушуунун катышуучуларын субсидияларды берүүгө байланыштуу чектөөлөрдү пландуу жоюу боюнча иш жөнүндө, ошондой эле Казакстандын рыногуна айыл чарба техникасын жеткирүүдө утилдештирүү жыйымынын алынышына байланыштуу маселенин толук чечилиши жөнүндө маалымдады. Ал ишкананын жетекчилигине анын эксперттеринин Бирликтин рыногундагы потенциалдуу тармактык тоскоолдуктарды жоюу боюнча активдүү позициясы үчүн ыраазычылыгын билдирди.

"Казакстан Республикасында айыл чарба техникасына карата утилдештирүү жыйымынын алынышына байланыштуу маселе боюнча ушул жылдын июнь айында тийиштүү чечим кабыл алынды. Чет элдик айыл чарба техникасына субсидияларды берүү боюнча маселенин чечилиши жогорку даражада иштелип чыгууда жана бул жагдайдын жакынкы убакытта жөнгө салынышына өбөлгөлөр бар", – деп баса белгиледи Артак Камалян.

Министр сапарынын жүрүшүндө  компаниянын өндүрүштүк аянтчаларын – ийкемдүү технологиялар комплексин, борбордук логистика комплексин, экспокомплексти карап чыгып, заводдогу өндүрүштүк процесстердин жогорку деңгээлин белгиледи.

Маалымат

"Ростсельмаш" МК – курамына 4 өлкөдөгү 10 өндүрүштүк аянтчаларда жайгашкан 13 ишкана кирген компаниялардын тобу. Алар "РОСТСЕЛЬМАШ" жана VERSATILE бренддеридеги техниканы чыгарышат. Өнүмдөрдүн линейкасы 24 түрдүү техниканын, анын ичинде дан жана жем чогултуучу комбайндардын, тракторлордун, сепкичтердин, жем даярдоочу жана данды кайра иштетүүчү жабдуулардын ж.б. 150дөн ашуун моделдерин жана модификацияларын камтыйт.​