Sign In
ЕАЭБ өлкөлөрүнүн мунай жаатындагы мыйзамдарын шайкеш келтирүү боюнча "жол картасы" 2020-жылдын аягына чейин кабыл алынмакчы

ЕАЭБ өлкөлөрүнүн мунай жаатындагы мыйзамдарын шайкеш келтирүү боюнча "жол картасы" 2020-жылдын аягына чейин кабыл алынмакчы

28.08.20

​ЕЭК Коллегиясына караштуу Мунай жана газ боюнча консультативдик комитеттин мүчөлөрү 27-августта Евразия экономикалык бирлигинин мамлекеттеринин мунай жаатындагы мыйзамдарын шайкеш келтирүү боюнча "жол картасын" талкуулашты. Тараптар документтин долбоору менен макул болушту жана аны ЕЭК Кеңешинде жана Жогорку Евразия экономикалык кеңешинде андан ары кароо жөнүндө макулдашылган чечим кабыл алышты. Документти 2020-жылдын аягына чейин бекитүү пландаштырылууда. 

"Жол картасын" даярдоо Бирликтин мунай жана мунай өнүмдөрүнүн жалпы рынокторун түзүү программасы менен каралган. Мыйзамдарды шайкеш келтирүү жалпы рыноктордун катышуучуларынын ортосунда мунай жана мунай өнүмдөрү менен соода жүргүзүүнүн рыноктук механизмдерин камсыз кылууну жана жалпы рыноктордун алкагында мунай жана мунай өнүмдөрүн ташуу боюнча кызмат көрсөтүүлөргө карата тарифтерди түзүүнүн жалпы принциптеринин жана ыкмаларынын колдонулушун камтыйт деп болжолдонууда. 

Ошондой эле, отурумдун катышуучулары ЕАЭБдин мунай жана мунай өнүмдөрүнүн жалпы рынокторун түзүү жөнүндө макулдашуунун долбоорунун үстүнөн иштин жана Бирликтин газынын жалпы рыногун түзүүнүн биринчи баскычынын иш-чараларын аткаруунун жүрүшүн талкуулашты. 

Мындан сырткары, газ менен биржалык тооруктарды ишке ашыруунун тартибин даярдоо маселелери жана Бирликтин мамлекеттеринин аймактарында жайгашкан газ транспорту тутумдарына жетүүнүн бирдиктүү эрежелери жана башка темалар талкууланды. 

ЕЭКтин энергетика жана инфраструктура боюнча министри Эмиль Кайкиев баса белгилеп өткөндөй, жалпы мунай жана газ рынокторун түзүү Бирликти өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттарынын бири болуп саналат. Комиссия мүчө мамлекеттер менен биргеликте жалпы рынокторду түзүү боюнча иш-чаралардын планын ишке ашыруу боюнча интенсивдүү иш алып барууда. 

Маалымат:

Мунай жана газ боюнча консультативдик комитет ЕЭК Коллегиясынын 2012-жылдын 28-июнундагы № 195 чечими менен түзүлгөн. Анын курамына Бирликтин бардык өлкөлөрүнүн мамлекеттик бийлик органдарынын жана мамлекеттик уюмдарынын өкүлдөрү кирет. Комитеттин төрагасы – ЕЭКтин энергетика жана инфраструктура боюнча министри. 

Комитеттин негизги милдеттери – мамлекеттик бийлик органдарынын жана мамлекеттик уюмдардын өкүлдөрү менен мунай жана газ жаатындагы кызматташтык маселелери боюнча консультацияларды өткөрүү, сунуштамаларды даярдоо, Бирликтин алкагындагы эл аралык келишимдерди жана Бирликтин органдарынын мунай жана газ чөйрөсүндөгү актыларын өркүндөтүүдө катышуу.