Sign In
ЕЭК жана АСЕАН Кызматташтык программасын 2025-жылга чейин узартышты

ЕЭК жана АСЕАН Кызматташтык программасын 2025-жылга чейин узартышты

28.08.20

28-августта Евразия экономикалык комиссиясы АСЕАНдын экономика министрлеринин жолугушуусунда катышты. Иш-чарада комиссияны интеграцияны өнүктүрүү департаментинин директору Гоар Барсегян өкүлдөдү.

"Коронавирустук инфекция пандемиясына карабастан, Комиссия башка өлкөлөр менен да, регионалдык бирикмелер менен да эл аралык байланыштардын жетишерлик деңгээлин сактап келүүдө", – деп билдирди интеграцияны өнүктүрүү департаментинин директору. – ЕАЭБ жана АСЕАН, динамикалуу өнүгүп келе жаткан эки бирикме катары, кызматташтыкты активдүү тереңдетип, пандемия шарттарында ЕАЭБдин жана АСЕАНдын ичиндеги интеграцияны тереңдетүүгө мүмкүндүк берген механизмдер тууралуу пикир алмашып жаткандыгы кубандырат".

Гоар Барсегян, документти кийинки жылдарда актуалдаштыруу мүмкүнчүлүгүн эске алуу менен өз ара аракеттенүүнүн ийкемдүү механизми катары, учурда аракеттенип жаткан Кызматташтык программасынын 2025-жылга чейин узартылышын колдоду.

Ассоциациянын Башкы катчысы Лим Джок Хой документтин аракетин узартуунун маанилүүлүгүн өзүнчө баса белгиледи жана 2019-жылдын декабрь айында өткөрүлгөн "ЕАЭБдеги жана АСЕАНдагы регионалдык экономикалык интеграция" деп аталган семинар уюмдардын ортосундагы кызматташтыкты активдештирүүгө дем бергендигин белгилеп өттү.

Жолугушуунун жыйынтыктары боюнча биргелешкен билдирүү кабыл алынып, аны менен кызматташтык программасы узартылды. Ошондой эле, декабрда өткөрүлгөн семинардын жыйынтыктары боюнча сунуштамалар бекитилди. Аларда, атап айтканда, келечекте өзүнчө ЕАЭБ – АСЕАН диалог механизмин түзүү жөнүндө айтылат, ал эми ЕАЭБдин жана АСЕАНдын өз ара аракеттенүүсү Чоң Евразия Өнөктөштүгүн түзүү үчүн пайдубал катары белгиленет. Ал ЕАЭБ жана АСЕАН мамлекеттеринин экономикаларынын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу үчүн кошумча мүмкүнчүлүктөрдүн түзүлүшүнө өбөлгө түзөт деп баса белгиленет. 

Тараптар "Пандемия мезгилинде интеграциялык өнүгүүнү колдоо үчүн ЕАЭБдин жана АСЕАНдын ийкемделүү механизмдери" деп аталган тегерек столду өткөрүү жөнүндө келишишти. Ал сентябрь айынын аягында "Россия – АСЕАН: COVID-19га биргелешкен жооп" деп аталган семинардын алкагында өткөрүлмөкчү. 

АСЕАН өлкөлөрүнүн экономика министрлери интеграциялык бирикмелердин андан аркы натыйжалуу өз ара аракеттенүүсүнө ишеничин билдиришти.

Маалымат:

Түштүк-Чыгыш Азия мамлекеттеринин ассоциациясы (АСЕАН) – 1967-жылы негизделген экономикалык бирикме. Ассоциациянын катышуучулары – Индонезия, Малайзия, Сингапур, Таиланд, Филиппин, Бруней-Даруссалам, Вьетнам, Лаос, Мьянма, Камбоджа. Папуа-Жаңы Гвинея жана Чыгыш Тимор байкоочу статусуна ээ. Бул эң ири регионалдык интеграциялык бирикмелердин бири болуп саналат. Анын жалпы ИДӨсү 2,6 трлн АКШ долларын, тышкы соода жүгүртүмү 2,5 трлн АКШ долларын түзгөн жана калкынын саны 622 млн адамды түзөт.

ЕЭКтин жана АСЕАНдын ортосундагы Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга 2018-жылдын 14-ноябрында Сингапурда кол коюлган. Документ Евразия континентинин масштабында интеграциялык блоктордун өз ара аракеттенүү маселелеринин кеңири спектрин талкуулоо боюнча диалогдук аянтчаны түзүү үчүн пайдубалды түзөт.

Меморандумду ишке ашыруу үчүн 2020–2025-жылдарга карата Кызматташтык программасы кабыл алынган. Ал бажылык мыйзамдар жана укук колдонулуучу иш-тажрыйба, соода саясаты, ишкердик ишмердик, техникалык жана монополияга каршы жөнгө салуу, СФС-чаралар, энергетика, ички рыноктордун иши ж.б. сыяктуу тармактарды камтыйт.​