Sign In
ТЭИ катышуучулары үчүн “бирдиктүү терезенин” эталондук модели 2017-жылдын аягына чейин түзүлөт ЕЭК Коллегиясынын жыйынтыктары

ТЭИ катышуучулары үчүн “бирдиктүү терезенин” эталондук модели 2017-жылдын аягына чейин түзүлөт ЕЭК Коллегиясынын жыйынтыктары

21.03.17

21-мартта Москвада Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын отуруму болуп өттү. Күн тартибинин негизги маселелеринин катарында: тышкы экономикалык ишмердүүлүктү жөнгө салуу системасында “бирдиктүү терезени” түзүү боюнча иштердин жүрүшү, “Балдар жана өспүрүмдөр үчүн арналган продукциянын коопсуздугу жөнүндө” техникалык регламентке өзгөртүү киргизүү, ал заманбап материалдарды колдонууну кеңейтүүгө жана өндүрүүчүлөрдүн коромжуларын азайтууга мүмкүндүк берет.

Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) өлкөлөрүндө тышкы экономикалык ишмердүүлүктө “бирдиктүү терезени” түзүү жана жайылтуу боюнча иштердин жүрүшү туурасында ЕЭКтин бажы кызматташтыгы боюнча Коллегия мүчөсү Мукай Кадыркулов айтып берди. Атап айтканда, министр долбоорго катышкан бардык ведомстволордун ишин координациялаган органдын ролун күчөтүү зарылдыгы жөнүндө маалымдады. Бүгүнкү күндө бул Биримдиктин ар бир өлкөсүндөгү 20 жакын ыйгарым укуктуу органдар.

Мындан тышкары, Комиссиянын жана өлкөлөрдүн алдында ЕАЭБтин укуктук актыларына жана улуттук мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча милдет турат. “Бирдиктүү терезени” олуттуу алдыга жылдыруу үчүн ТЭИ катышуучулары жөнгө салуучуларга юридикалык маанилүү материалдарды электрондук түрдө сунуштай алышы зарыл. Ошондуктан мындай чаралар мыйзам деңгээлинде каралышы керек”, - деп түшүндүрдү ЕЭК министри. 

Долбоор боюнча мындан аркы кадамдар туурасында кебинде Мукай Кадыркулов билдиргендей, “бирдиктүү терезенин” эталондук модели ушул жылы сунушталат”. 

ЕЭК Коллегиясы ЕАЭБтин “Балдар жана өспүрүмдөр үчүн арналган продукциянын коопсуздугу жөнүндө” техрегламентине өзгөртүүлөрдү жактырды Өндүрүүчүлөрдүн балдардын бут кийимдеринин ар кандай түрлөрү үчүн заманбап жасалма материалдарды колдонууга мүмкүнчүлүктөрү пайда болот. Мындан тышкары, балдардын кийимдерин тигүү үчүн колдонулган кездемелердин сапатына карата катуу талаптар аныкталды. Бул максатта балдар жана өспүрүмдөр үчүн кийимдерди экинчи жана үчүнчү катмарларга бөлүштүрүү боюнча тактоолор киргизилди. Өзгөртүүлөргө ылайык, костюмдар, анын ичинде мектеп формасы эгерде анын ичтиги жок болсо же буюмдун жогору жагынын 40%дан кемин ээлесе, ал экинчи катмарга кирет, жана эгерде аянттын 40% ашыгын түзсө үчүнчү катмарга тиешелүү болот. Бул тактоо үчүнчү катмардагы кийимге салыштырмалуу экинчи катмардагы кийимге карата коопсуздук талаптары катуураак болгондуктан, олуттуу болуп эсептелет.  Мисалы, 7 жаштан 14 жашка чейинки балдар үчүн экинчи катмардагы кийимдин жогорулатылган гигроскопиялуулугу аныкталган. Бул көрсө
ткүч 7% түзөт. Экинчи катмардагы кийимдин аба өткөрүмдүүлүгүнүн көрсөткүчү 100 дм2/м2 кем эмес, ал эми үчүнчү катмар үчүн - 70 дм2/м2 кем эмес болушу керек (ичтик үчүн).

Өндүрүүчүлөр бир нече жаш-курактык топтору үчүн бир типтүү үлгү колдоно алышат. Бул жана башка бир катар новациялар бизнеске балдар кийиминин коопсуздугуна карата катуу талаптарды сактоодо өндүрүштүн натыйжалуулугун жогорулатууга мүмкүндүк берет.

Техрегламентке өзгөртүүлөрдү ачык талкуулоого ЕАЭБ мамлекеттеринин тармактык ишканалары, илимий мекемелер жана мамлекеттик органдар катышышты. Алардын катарында – Бүткүл россиялык сертификатташтыруу институту, белоруссиялык “Жеңил өнөр жайын илимий изилдөө борбору”, Витебск мамлекеттик технологиялык университети, Росстандарт, россиялык Улуттук бут кийим боюнча союзу, Спорт индустриясынын ишканаларынын ассоциациясы жана башкалар.

Техникалык регламенттерге ЕЭК Коллегиясы тарабынан жактырылган өзгөртүүлөр ЕЭК Кеңешинин кезектеги отурумунда каралат.

ЕЭК Коллегиясынын кийинки отуруму 2017-жылдын 28-мартында өтөт.