Sign In
Татьяна Валовая: «Биздин өлкөлөргө ЕАЭБтин мейкиндигинде криптовалюталарды жөнгө салуу үчүн укуктук базаны түзүүгө карата макулдашылган мамилелерди камсыз кылуу маанилүү»

Татьяна Валовая: «Биздин өлкөлөргө ЕАЭБтин мейкиндигинде криптовалюталарды жөнгө салуу үчүн укуктук базаны түзүүгө карата макулдашылган мамилелерди камсыз кылуу маанилүү»

21.06.18

Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) интеграция жана макроэкономика боюнча министри Татьяна Валовая Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) өлкөлөрү криптовалюталар жана блокчейн чөйрөсүндөгү мыйзамдарды биргелешип өнүктүрүү керек деп эсептейт. Бул жөнүндө ал Беларусь Республикасынын Жогорку технологиялар паркынын бизнес-инкубаторунда өткөн эксперттер менен жолугушууда билдирди.

Бирлик өлкөлөрүндөгү криптовалюталардын жана блокчейндин проблемаларына арналган иш-чара буга окшогон пикир алышуулардын циклиндеги кезектегиси болуп калды, аларды ЕЭК багыттык ведомстволордун өкүлдөрүнүн катышуусунда эксперттик чөйрөдө ал маселелерди талкуулоо үчүн демилгелейт. Криптовалюталар жана блокчейн ЕАЭБтин макроэкономикалык туруктуулугунун контекстинде жөнгө салуучулук кыйынчылыктар катары бааланган.

Семинардын катышуучулары криптовалюталарды жана блокчейн технологияларын жөнгө салуу, Бирликтин алкагында шайкеш мыйзамдарды калыптандыруу үчүн шарттарды түзүү жана бул процесстеги Комиссиянын ролу маселесинде мүчө мамлекеттердин көз караштарын жакындаштыруунун мүмкүнчүлүгүн карады.

Татьяна Валовая белгилеп өткөндөй, «ЕАЭБтин келечектеги өнүгүүсүнүн жана макроэкономикалык туруктуулукту камсыз кылуунун көз карашынан алганда азыртан эле санариптик экономиканы санариптик акчалар тейлей тургандыгын эске алуу жана ага даяр болуу керек. Биздин өлкөлөрдүн өкүлдөрүнүн криптовалюталардын жана блокчейн чөйрөсүндөгү негизги терминдерди жалпы түшүнүүгө келүүнүн зарылдыгынын жалпы пикири бар. Келечекте бул ЕАЭБтин алкагында мүчө мамлекеттердин улуттук мыйзамдары өзгөргөндө да мамилелерди шайкеш келтирүү мүмкүнчүлүгүн берет».

Бүгүнкү күндө Беларуста криптовалюталарды жүгүртүүнү жөнгө салуу жана блокчейн-технологияларды колдонуу үчүн ченемдик укуктук база активдүү иштелип чыгууда деп айтты Беларусь Республикасынын Президентинин № 8 «Санариптик экономиканы өнүктүрүү жөнүндө» декретинин авторлорунун бири, Санариптик экономиканы өнүктүрүү боюнча кеңештин мүчөсү Денис Алейников. «ЖТПда № 8 декретти өнүктүрүү боюнча жумушчу топ түзүлүп, анын алкагында эксперттер криптовалюталар үчүн жөнгө салуу стандарттарын активдүү киргизип жаткан өлкөлөрдөгү кырдаалдын мониторингин жүргүзөт. Атап айтканда, биз ал мамлекеттердин жөнгө салуучулары туш болгон проблемаларга, керектөөчүлөр жана инвесторлор кандай жооп кайтарып жаткандыгына, маалыматтык тутумдарга карата кандай талаптар колдонулуп жаткандыгына көз салып турабыз», – деп белгиледи Денис Алейников. 

Криптовалюталардын жана блокчейндин Россиялык ассоциациясынын (КЖБРА) директору Арсений Щельцин азыр РФтин Мамлекеттик думасында кароодо турган ченемдик актылардын долбоорлорунун күчтүү жана солгун жактарын белгилеп, Россия Федерациясынын демилгелери жөнүндө билдирди.

РФ Президентинин алдындагы РЭЧ жана МКА ЭКƟУ - Россия борборунун өкүлдөрү Иван Ермохин жана Мария Гирич дүйнөнүн алдыӊкы өлкөлөрүндөгү криптовалюталарды жөнгө салуунун эл аралык тажрыйбасын талдоонун натыйжалары менен тааныштырып, эл аралык уюмдардын бул чөйрөдөгү көз караштары жөнүндө айтып берди жана ЕЭК менен ЕАЭБ үчүн бир нече демилгелерди сунуш кылды.

Семинардын катышуучулары криптовалюталар жана блокчейн чөйрөсүндөгү бирдиктүү глоссарийдин долбооруна карата сунуштарды, ошондой эле бул багыт боюнча ЕЭКтин иши үчүн сунуштамаларды даярдады.