Sign In
ЕЭК Кеңешинин чечимдери ЕАЭБ өлкөлөрүнүн экономикаларынын туруктуулугун жогорулатууга жана тышкы рынокто Союздун позицияларын чыңдоого багытталган

ЕЭК Кеңешинин чечимдери ЕАЭБ өлкөлөрүнүн экономикаларынын туруктуулугун жогорулатууга жана тышкы рынокто Союздун позицияларын чыңдоого багытталган

21.08.15

21-августта Москвада Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин кезектеги отуруму болуп өттү. Иш-чарага ЕЭК Кеңешинин Мүчөлөрү: Армения Республикасынын Вице-Премьер-Министри, Эл аралык экономикалык интеграциялар жана реформалар министри Ваче Габриелян, Беларусь Республикасынын Премьер-министринин биринчи орун басары Василий Матюшевский, Казакстан Республикасынын Премьер-министринин биринчи орун басары Бакытжан Сагинтаев, Кыргыз Республикасынын Вице-Премьер-Министри Валерий Диль, Россия Федерациясынын Өкмөт Башчысынын биринчи орун басары Игорь Шувалов, Евразийской экономической комиссии Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегия Мүчөлөрү (Министрлер) катышышты.

ЕЭК Кеңеши макроэкономика,  соода, экономика жана каржы саясаты, техникалык жөнгө салуу, энергетика жана инфраструктура чөйрөлөрүндө бир катар маанилүү маселелерди карады.

Атап айтканда, ЕЭК Кеңеши үчүнчү өлкөлөр менен соодалык кызматташуу маселелерине өзгөчө көңүл бөлдү. Жыйында Израиль мамлекети менен кызматташууну мындан ары илгерилетүү маселеси, анын ичинде Евразия экономикалык кеңеши (ЕАЭБ) менен Эркин соода аймагы жөнүндө макулдашуу боюнча сүйлөшүүлөргө чыгуу мүмкүндүгү каралды. ЕЭК Кеңеши тарабынан Корея Республикасы менен соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүү тууралуу, ошондой эле Иран Ислам Республикасы менен соода-экономикалык кызматташууну өнүктүрүү жөнүндө, анын ичинде, келечекте ЭСАга чыгуунун максатка ылайыктуулугун изилдөө боюнча изилдөөчү топту түзүү жөнүндө чечим кабыл алынды. Мындан тышкары, ЕЭК Кеңеши тарабынан Вьетнам менен ЕАЭБ эркин соода аймагы тууралуу макулдашууну имплементациялоо боюнча Иш-чаралар планы бекитилди.

Жыйында Евразия экономикалык биримдигине жаңы мүчөлөрдү кабыл алуу жана ЕАЭБте мүчөлүктү токтотуу тууралуу маселе каралды. Документ Бирликтин келишим-укуктук базасын өркүндөтүүгө багытталды. Маселе Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин жыйынына чыгарылмакчы.

Жыйындын катышуучулары ЕАЭБте финансылык туруктуулукту жана экономикалык өсүштү камсыз кылууга, макроэкономикалык жана валюта-финансылык саясат чөйрөлөрүндө Бирликтин мүчө мамлекеттеринин кызматташуусун тереңдетүүгө карата мамилелерди толук талкуулашты. Жакынкы мезгилде ЕАЭБге, мүчө мамлекеттердин экономика жана финансы министрликтеринин, борбордук (улуттук) банктарынын, ошондой эле Евразия экономикалык комиссиясынын жетекчилеринин катышуусу менен бул темада кеңешме өткөрүлөт.

ЕЭК Кеңешинин чечими менен мамлекеттик чек аранын кыргыз-казак тилкесинде санитардык-карантиндик жана карантиндик фитосанитардык көзөмөл (байкоо) алып салынды.

ЕЭК Кеңеши Евразия экономикалык бирлигинин техникалык регламентинин мазмуну жана типтүү структурасы боюнча Сунуш-көрсөтмөлөрдү бекитти. Документте Бирликтин техрегламентинин бөлүмдөрүнүн тизмеси жана бул бөлүмдөрдүн мазмуну боюнча көрсөтмөлөр келтирилген, аларды баяндоонун ар түрдүү варианттары сунушталган, аларды продукциянын конкреттүү түрлөрүнүн өзгөчөлүктөрүн эсепке алуу менен иштеп чыгуучулар жетекчиликке алышат.

ЕЭК Кеңешинин Жыйынында интеллектуалдык менчик объектилерине өзгөчө укукту аягына чыгаруу принцибин мындан ары колдонууга карата сунуштарды иштеп чыгуу боюнча Комиссияга караштуу Жумушчу Топко үстүбүздөгү жылдын 31-декабрына чейин товарлардын айрым түрлөрүнө «параллель» импортту - өзгөчө укукту аягына чыгаруунун эл аралык принцибин - колдонуу болжолдонгон товарлардын айрым түрлөрүн тандоо критерийлерин мүмкүн болчу киргизүү боюнча чечимдерди кабыл алуу механизмин иштеп чыгуу, Евразия экономикалык бирлиги (ЕАЭБ) жөнүндө 2014-жылдын 29-майындагы Келишимге өзгөртүүлөрдүн долбоорун даярдоо, ошондой эле «параллель» импортту киргизүү тууралуу чечимдерди кабыл алуу деңгээлин аныктоо чечими кабыл алынды.

Өзгөртүүлөр товардык белгиге өзгөчө укукту аягына чыгаруунун аймактык принцибинен чыгарууларды белгилөө мүмкүнчүлүгүн, товарлардын айрым түрлөрүнө карата Евразия экономикалык бирлигинин товардык белгисин караштырат. Бул товарлардын айрым категорияларынын «параллель» импортунун мүмкүндүгүн (б.а. укук ээлери тарабына буга уруксат алуусуз тигил же бул башка товарларды сырттан алып келүү) билдирет.

Өзгөртүүлөрдү ЕАЭБ тууралуу Келишимге карата тиркеме болуп саналган «Интеллектуалдык менчик объектилерине укуктарды коргоо жана сактоо тууралуу протоколго» киргизүү керек болот. Эл аралык келишимдерди даярдоо жана аларга өзгөртүүлөрдү киргизүү жол-жобосу формалаштырылган жана Комиссиянын Коллегиясында, Комиссиянын Кеңешинде долбоорлорду, ошондой эле Бирликке мүчө мамлекеттерде стандарттуу ички мамлекеттик процедураларды караштырууну болжолдойт.

Жумушчу топ үстүбүздөгү жылдын 31-декабрына карата аларга карата өзгөчө укукту аягына чыгаруунун эл аралык принцибин колдонуу болжолдонгон товарлардын айрым түрлөрүн тандоо тартиби, критерийлери боюнча сунуштарды даярдашы керек. Товарлардын биринчи кезектеги тобу жана аларды өзгөчө укукту аягына чыгаруунун эл аралык принцибин колдонуу менен рынокто жүгүртүү мезгили боюнча сунуштарын иштелип чыкмакчы. Иштин жыйынтыктарын Жумушчу топтун мүчөлөрү Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин жыйынында сунушташат.

Азыркы учурда Евразия экономикалык бирлигинин аймагында ЕАЭБ тууралуу Келишим менен товардык белгиге өзгөчө укукту аягына чыгаруунун эл аралык принцибин колдонуу белгиленген, ал товарларга карата товардык белгини колдонуу Бирликке мүчө мамлекеттердин аймагында жүгүртүүгө мындай товарларды киргизген учурда гана түздөн-түз укук ээлери же анын макулдугу менен башка адамдар тарабынан укукка ылайык экендигин караштырат.

Эл аралык келишимдердин улуттук мыйзамдарга карата артыкчылыгын эске алуу менен Бирликке мүчө мамлекеттерде Бирлик тууралуу Келишимде белгиленгенден тышкары укукту аягына чыгаруунун кандайдыр-бир башка принцибин өзүнүн аймагында, ал гана эмес өзүнчө тармактарда «пилоттук» долбоор катары белгилөө жана колдонуу үчүн мүмкүнчүлүктөр жок.

Маалымат:

Интеллектуалдык жеке менчик объекттерине өзгөчө укукту аягына чыгаруу принцибин мындан ары колдонуу принцибине тиешелүү сунуштарды иштеп чыгуу боюнча жумушчу топ Евразия экономикалык комиссиясынын кеңешинин 2014-жылдын 23-июнундагы №45 чечими менен түзүлгөн.

Бирликтин мүчө мамлекеттеринин өкмөттөрүнүн сунуштарынын негизинде түзүлгөн жумушчу топтун курамына Армения Республикасынын, Беларусь Республикасынын, Казакстан Республикасынын, Кыргыз Республикасынын, Россия Федерациясынын ыйгарымдуу органдарынын кызмат адамдары, бизнестин эң маанилүү багыттары боюнча иш алып барган эксперттер, ошондой эле Комиссиянын мүчөлөрү киришет.

Буга чейин Жумушчу топтун 3 отуруму болуп өттү. Отурумдардын жүрүшүндө укукту аягына чыгаруу принцибин тандоого байланыштуу юридикалык, экономикалык жана социалдык аспектилер талкууланган.

Жумушчу топ тарабынан укукту аягына чыгаруу принцибин мындан ары колдонуунун төмөнкүдөй варианттары иштелип чыккан:

- укукту аягына чыгаруунун аймактык принцибин сактоо жана Бирликтин укугуна товарлардын айрым категориялары үчүн алып коюу мүмкүнчүлүгүн киргизүү;

- укукту аягына чыгаруунун аймактык принцибин өзгөртүүсүз сактоо;

- укукту жоготуунун аймактык принцибин укукту жоготуунун эл аралык принцибине өзгөртүү;

- укукту аягына чыгаруунун аймактык принцибин айрым алып коюуларды аныктоо мүмкүнчүлүгү менен укукту аягына чыгаруунун эл аралык принцибине өзгөртүү;

Евразия экономикалык комиссиясы (ЕЭК) – Евразия экономикалык бирлигинин туруктуу иштеп турган жөнгө салуучу органы, 2012-жылдын 2-февралынан тартып иштей баштаган. Учурда ЕЭК курамына беш өлкөнүн өкүлдөрү кирген: Армения Республикасынын, Беларусь Республикасынын, Казакстан Республикасынын, Кыргыз Республикасынын жана Россия Федерациясынын. Комиссиянын чечимдери ЕАЭБ мүчө мамлекеттеринин аймактарында аткарылышы шарт.

2014-жылдын 29-майында ББ жана БЭМ мүчө өлкөлөрү тарабынан Евразия экономикалык бирлигин түзүү жөнүндө келишимге коюлган. Бирликтин алкагында товарлардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн, капиталдын жана жумушчу күчтөрдүн эркин кыймылы, экономиканын ар кандай тармактарында координацияланган, макулдашылган же бирдиктүү саясат жүргүзүү камсыздалган. ЕАЭБ максаты - мүчө өлкөлөрдүн калкынын жашоо деңгээлин жогорулатуу кызыкчылыгында алардын экономикаларынын туруктуу өнүгүүсү үчүн шарттарды камсыздоо, глобалдык экономика шарттарында улуттук экономикаларды ар тараптан модернизациялоо, кооперациялоо жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу.

ЖМК үчүн байланыш маалыматтары:

ЕЭК пресс кызмат бөлүмүнүн башчысы ЕЭК пресс кызмат бөлүмүнүн башчысынын орун басары

Валерий Иванович Петров Марина Викторовна Шкурлатова

+7 (495) 669-24-64, кош. 41-17 +7 (495) 669-24-00, кош.41-55

petrov@eecommission.org shkurlatova@eecommission.org www.eurasiancommission.org​