Sign In
Беларусь бизнесинин өкүлдөрү ЕЭКтин атаандаштыкты коргоо боюнча укук колдонулуучу иш-тажрыйбасы менен таанышышты

Беларусь бизнесинин өкүлдөрү ЕЭКтин атаандаштыкты коргоо боюнча укук колдонулуучу иш-тажрыйбасы менен таанышышты

21.08.19

19-августта Брестте Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу блогунун Коомдук кабылдамасынын 22-августка чейин Беларусь Республикасында өткөрүү пландаштырылган үч көчмө отурумунун биринчиси болуп өттү. Анда 70тен ашуун ишканалардын жана бийлик органдарынын өкүлдөрү катышышты.

Коомдук кабылдамалар – бизнес менен өз ара аракеттенүүнүн жаңы форматы. Бул жерде ишкерлер аларды кызыктырган суроолорду түздөн-түз берип, чек ара аралык рыноктордо бизнес алып баруу эрежелери боюнча консультацияларды алып, бардык талаптарды эске алуу менен Комиссияга арыз бере алышат.

Отурумда бизнес-коомдоштуктун жана аткаруу бийлик органдарынын өкүлдөрү катышышты.

Катышуучулар Комиссиянын атаандашкты коргоо боюнча укук колдонулуучу иш-тажрыйбасы, ЕАЭБ жөнүндө келишимдин мыйзамдык ченемдери, анын ичинде ЕЭКке берилүүчү арыздарга талаптар, Бирликтин чек ара аралык рынокторундагы атаандаштык эрежелерин бузуулар менен таанышышты. Блоктун эксперттери негизги тыюу салууларга жана Бирликтин чек ара аралык рынокторундагы жалпы атаандаштык эрежелерин бузуулар үчүн каралган айып санкцияларына да түшүндүрмөлөрдү беришти.

ЕЭКтин Атаандаштык саясат жана мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү саясат департаментинин директору Алия Джумабаеванын айтуусу боюнча, даттануулардын көпчүлүк бөлүгү Беларусь, Россия, Казакстан жана Армениянын субъектилеринен келип түшүүдө. «Кеп субъектилердин укуктары чектелген же үстөмдүк абалды кыянаттык менен пайдалануу учурларындагы атаандаштыктын жалпы принциптерин жана эрежелерин бузуу, же нысапсыз атаандаштык жөнүндө болууда. Чарба жүргүзүүчү субъектилер бизге даттануу менен кайрыла алышат, Комиссия мындай иштерди карап чыгат, жана, бузуулар аныкталса, күнөөкөрлөргө өтө чоң айыптар салынат», – деди ЕЭК өкүлү.

Иш-чарада Комиссиянын атынан ЕЭКтин Санитардык, фитосанитардык жана ветеринардык чаралар департаментинин, ошондой эле Транспорт жана инфраструктура департаментинин өкүлдөрү катышышты.

Отурумдун экинчи бөлүгүндө ЕЭК эксперттери ишкерлер менен жеке консультацияларды өткөрүштү.​