Sign In
ЕЭК бизнести Комиссиянын чечимдеринин долбоорлорун ачык талкуулоодо активдүү катышууга чакырды

 ЕЭК бизнести Комиссиянын чечимдеринин долбоорлорун ачык талкуулоодо активдүү катышууга чакырды

Depositphotos_179349798_s-2015.jpg
21.09.18
Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) чечимдеринде Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) өлкөлөрүнүн бизнес-коомдоштуктарынын 65%дан ашык сын-пикирлери жана сунуштары эске алынат. Бул тууралуу ЕЭК Коллегиясынын экономика жана каржы саясаты боюнча мүчөсү (министр) Тимур Жаксылыков 19-сентябрда Армения Республикасынын бизнес-коомдоштугу менен Еревандагы жолугушуусунда билдирди.
ЕЭК министри Армениянын ири бизнес-ассоциацияларынын өкүлдөрүнө жана ишкерлерине ЕЭКтин чечимдеринин долбоорлорунун жөнгө салуучу таасирин баалоо (ЖТБ) жол-жобосун киргизүүнүн ийгиликтүү тажрыйбасы тууралуу айтып берди жана армян ишкерлер коомдоштугуна жана эксперттерине Бирликтин сайтында Комиссиянын чечимдеринин долбоорлорун ачык талкуулоого активдүүрөөк катышууну сунуш кылды.
«Практика көрсөтүп тургандай, жөнгө салуучу таасирди баалоо жол-жобосу бизнес тарабынан талап кылынат, орточо алганда биз бир долбоорго 24 пикир алып турабыз», – деп билдирди Тимур Жаксылыков.
Ал Бирликтин өлкөлөрүнүн бизнеси менен тике диалог жүргүзүү форматы Комиссияга кайтарым байланышты ыкчам алууга жана ишкер чөйрөлөрдүн сунуштарын эске алуу менен интеграциялык ишмердикти түзөп турууга мүмкүндүк берерин кошумчалады.
Жолугушуунун жүрүшүндө Комиссиянын өкүлдөрү Армения менен Россиянын ортосунда товарларды алып өтүүдө бажы транзитин жол-жоболоштурууга, ошондой эле өз ара соода боюнча экспорттук операцияларды жасоодо КНСти кайтарууну жүзөгө ашырууга тиешелүү болгон армян ишкерлеринин суроолоруна жооп беришти.
ЕЭК өкүлдөрү, ошондой эле, Бирликтин башка мамлекеттеринин рынокторуна армян товарларынын жеткиликтүү болушу үчүн тоскоолдуктарды аныктоо жана техникалык жөнгө салуу жаатындагы кедергилерди, алып коюуларды жана чектөөлөрдү четтетүү, ветеринардык-санитардык чараларды колдонуу, зер буюмдарын жүгүртүү боюнча ЕЭКтин иши жөнүндө билдирип кетти.

Армениянын бизнес-коомдоштугуна кызматтарды көрсөтүүнүн бирдиктүү рыногунун артыкчылыктары жана Бирликтин башка өлкөлөрүнүн рынокторуна жеткиликтүүлүктүн жөнөкөйлөтүлгөн тартиби жөнүндө айтып беришти. Алсак, мисалы, ЕАЭБ мамлекеттеринин ишкерлерине юридикалык жак катары кошумча каттоого туруу талап кылынбайт, алардын кызматтарды, чек ара аралык же филиалды ачпай туруп, кызмат көрсөтүүчүнүн персоналынын эсебинен көрсөтүүгө мүмкүнчүлүгү бар. Андан тышкары, Бирликтин бардык өлкөлөрүндөгү бирдиктүү рынокко кирген кызматтарды көрсөтүү секторлорунда уруксат берүүчү документтер жана персоналдын квалификациясы таанылат.