Sign In
Евразия интеграциясы төртүнчү өнөр жай революциясынын «рельсине өтүүдө»

Евразия интеграциясы төртүнчү өнөр жай революциясынын «рельсине өтүүдө»

IMG_20180921_092513 (1).jpg
21.09.18
2019-жылы Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) мамлекеттери жана Евразия экономикалык комиссиясы (ЕЭК) өнөр жайды санариптик трансформациялоо үчүн шарттарды түзүү боюнча концепцияны жүзөгө ашырууга жана бирдиктүү санариптик мейкиндикти түзүүгө киришишет. Бул тууралуу Казакстандын машина куруучуларынын VI Форумунун пленардык отурумунун жүрүшүндө ЕЭК Коллегиясынын өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси боюнча мүчөсү (министр) Александр Субботин билдирди.

ЕЭК министринин айтуусу боюнча, азыр Бирлик өлкөлөрү иш жүзүндө Евразия интеграциясынын жаңы баскычын ачып, «санариптик» жалпы долбоорлорду, өнөр жайдагы тармактык консорциумдарды, соода жаатындагы платформаларды, бирдиктүү маалыматтык тутумдарды ишке киргизип жатышат.

«Бирликтин экономикасынын реалдуу секторун өнүктүрүүнүн стратегиялык милдети болуп базалык тармактарда эмгек өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу, ошондой эле жасалма интеллект, автоматташтыруу жана роботтоштуруу сыяктуу төртүнчү өнөр жай революциясынын элементтерин өндүрүштүн бардык жерине киргизүү саналат», – деп билдирди Александр Субботин.
Ал, ошондой эле, ЕАЭБдеги санариптештирүү бир кыйла натыйжалуу, перспективдүү жана приоритеттүү багыттарга кирээрин белгиледи. Буга байланыштуу 2017-жылы өнөр жай кооперациясынын жана субконтрактациянын Евразиялык түйүндөрүн жана технологиялар трансферинин Евразиялык түйүндөрүн түзүүгө старт берилген.
«Орто мөөнөттүү перспективада тармактык санариптик платформаларды түзүүгө колдоо көрсөтүүгө чыгуу менен өнөр жайдын приоритеттүү тармактарындагы өндүрүш процесстерин «санариптештирүүгө» багытталган пилоттук долбоорлордун сериясы ишке ашырылмакчы», – деп кошумчалады ЕЭК өкүлү.
Форумдун иштиктүү программасынын алкагында Александр Субботин ЕАЭБдин агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү маселелерин Казакстан Республикасынын Премьер-министринин орун басары – айыл чарба министри Умирзак Шукеев менен талкуулады.
Ошондой эле ЕЭК министри Казакстандын профилдик ведомстволорунун жетекчилиги – Улуттук экономика министри Тимур Сулейменов, инвестициялар жана өнүктүрүү боюнча биринчи вице-министр Роман Скляр жана Машина куруучулар бирлигинин башкармалыгынын төрагасы Мейрам Пшембаев менен бир катар жумушчу жолугушууларды өткөрдү.