Sign In
ЕАЭБ өлкөлөрүнүн энергетика министрлери Бирликтин жалпы рыногу үчүн газды ташууга баанын түзүлүшүнө карата мамилелерди талкуулашты

ЕАЭБ өлкөлөрүнүн энергетика министрлери Бирликтин жалпы рыногу үчүн газды ташууга баанын түзүлүшүнө карата мамилелерди талкуулашты

21.09.18
Евразия экономикалык бирлигине (ЕАЭБ) мүчө беш мамлекеттин энергетика министрлери газдын жалпы рыногунун алкагында газды ташуу боюнча кызмат көрсөтүүгө карата тариф түзүүнүн (баа түзүүнүн) бирдиктүү методологиясын талкуулашты. Биргелешкен кеңешме Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) штаб-квартирасында 19-сентябрда болуп өттү.
«Бирликтин жалпы газ рыногун түзүү боюнча абдан чоң иш жасалды. Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин тескемесин аткарып, калган жалгыз пикир келишпестикти жөнгө салуу үчүн биз ушул кеңешмени өткөрүп жатабыз», – деп ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Тигран Саркисян кеңешмени ачып жатып белгилеп өттү.
ЕЭК Коллегиясынын энергетика жана инфраструктура боюнча мүчөсү (министр) Эмиль Кайкиев жасалган иш тууралуу кеңешменин катышуучуларын маалым кылды. «Программаны даярдоо 2016-жылдын апрелинен тартып эле кызуу жүрүп жатты. Программанын долбоорун макулдашуу боюнча негизги иш 2017-жылы жүргүзүлүп, анын жүрүшүндө тараптарда түрдүүчө түшүнүүнү жараткан 50дөн ашык жобо макулдашылган», – деди Кайкиев.
Россиянын Энергетика министрлигинин башчысы Александр Новак «программанын белгиленген пунктунан башкасы түзүлдү жана макулдашылды» деп эсептейт.
Газды ташууга тарифти түзүү принциптери, анын ичинде экономикалык жактан негизделген тарифтерди белгилөө 2014-жылдын 7-октябрында ЕЭК Коллегиясы тарабынан бекитилген.
Аларга милдеттүү мүнөз берүү менен, бул документтерде аныкталган тариф түзүү принциптерин Бирликтин жалпы газ рыногун түзүү жөнүндө программага жана эл аралык келишимге киргизүү сунушталды.
Беларусь Республикасынын Энергетика министри Виктор Каранкевич Беларусь Республикасынын кызыкдар болгон органдары менен ушул маселе боюнча консультацияларды өткөрүүнүн зарылдыгын белгилеп өттү.
Кеңешменин жыйынтыгы тууралуу маалымат Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги отурумунда берилет.
«Газдын жалпы рыногун түзүү программасын талкуулоодо ЕАЭБдин ченемдик базасына шилтеме жасоону абдан позитивдүү сигнал деп эсептөөгө болот», – деп билдирди Тигран Саркисян, ушул маселени талкуулоонун жыйынтыгын чыгарып жатып.
Тараптар евразиялык «бешилтиктин» өлкөлөрүнүн энергетика министрлеринин деңгээлинде ЕЭК аятчасында такай жолугушууларды өткөрүү мүмкүнчүлүгүн да талкуулашты. Өз ара аракеттенүүнүн ушул сыяктуу форматы компромисстик чечимдерди иштеп чыгууга түрткү берип турат.